Өткөн аптада Ак-Талаа районунда мал издеп жүрүп, эки жигит суукта тоңуп каза тапкан. Алардын биринин сөөгү бир күндөн кийин, экинчисиники үч күндөн кийин табылды. Нарындагы ызгаардуу суукта жука кийинген жигиттер айылдан кырк чакырымдай жерге мал издеп чыгышкан.