Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:54

Өлгөндөрдүн даңкы болбой, тирүүлөрдүн баркы болбойт


Илим доктору Майрамгүл Дыйканбаева. 22.3.2018.
Илим доктору Майрамгүл Дыйканбаева. 22.3.2018.

Туңгуч профессор Касым Тыныстановдун мурасы - көөнөргүс. Учурда Түркияда иштеп жаткан илимпоз, илим доктору Майрамгүл Дыйканбаеванын “Азаттык” үналгысынын “Куугунтук курмандыктары” куржунуна сунуштаган блогу.

1937-1938 жылдары репрессияга дуушар болгондор жөнүндө окусам же сөз уксам эле, көздөрүмө ачуу жаш айланып, тамагыма чо-оң бир нерсе такалып, араңдан зорго өзүмө келем. Анан, эл жери үчүн жандарын берген кыргыздын эр жүрөк уулдарын, алардын өлүм себептерин ойлоп, ичим туз куйгандай ачышат.

Эми, айтайын дегеним, элин, жерин, мекенин сүйгөнү үчүн курман болгон Кыргыздын чыгаан эр жүрөк уулдарын унутпай кийинки муунга, башка элдерге даңазалап туруу — биздин милдетибиз го дейм. Өлгөндөрдүн даңкы болбой, тирүүлөрдүн баркы болбойт дейт эмеспи элибиз.

Буга чейин “Ата-Бейит” жөнүндө бир макала жазган элем. Макала Түркияда ТЕКЕ аттуу эл аралык журналга чыккан. Анда дагы кыргыздын мыкты, эр жүрөк, тайманбас уулдары жөнүндө кеп кылган болчумун.

2018-жылы 22-мартта Түркиянын борбор шаары Анкарада "Улуттук Бирдик" деген темада симпозиум болуп өттү. Бул симпозиумга мен дагы катышып, кыргыздын таланттуу, билимдүү, эр жүрөк уулу Касым Тыныстанов (1901—1938) жана анын тил илими жаатындагы эмгектери, аны өлүмгө алып барган жолдор жөнүндө сөз кылдым.

Доктор Майрамгүл Дыйканбаева Анкарадагы симпозиумда Касым Тыныстанов (1901—1938) жөнүндө баяндама окуду. Жанындагы киши – доктор Шабан Караташ, Түркиянын маданият жана туризм министрлигинин автордук укуктар бөлүмүнүн башчысы. 22.3.2018.
Доктор Майрамгүл Дыйканбаева Анкарадагы симпозиумда Касым Тыныстанов (1901—1938) жөнүндө баяндама окуду. Жанындагы киши – доктор Шабан Караташ, Түркиянын маданият жана туризм министрлигинин автордук укуктар бөлүмүнүн башчысы. 22.3.2018.

ХХ кылымдын 37-38-жылдарындагы саясий куугунтуктоолор Түркстанда көптөгөн белдүү, эр жүрөк инсандардын өлүмү менен коштолгонун баарыбыз эле билсек керек. Муну эгемендигибизди алгандан кийин Бишкектин түштүк-чыгышындагы Чоң-Таш айылында табылган 137 кишинин сөөгү дагы бир жолу эсибизге салды. Ошол ысымы такталган 137 кишинин сөөгүнүн арасында Касым Тыныстановдуку да чыкты.

Эгемендикке чейин бир катар агартуучу, акын, жазуучулар менен бирге эле Касым Тыныстановдун дагы эмгектерине, ал түгүл атын атоого тыюу салынып келбедиби. Касым Тыныстанов ошондой татаал мезгилде жашаганына карабай, кыргыз элинин жаш муундарынын билим алуусу үчүн болгон күчүн жумшап, агартуу иштеринде талыкпай эмгектенген.

Касым Тыныстанов ошондой татаал мезгилде кыргыз жазма адабиятын, кыргыз тил илимин негиздеген, элинин келечеги жана билими үчүн жанын аябаган, мезгилинен озгон инсан болгонун жылдар өткөндөн кийин даана билип жатпайбызбы. Ал элине кылган эмгеги үчүн улутчул, эл душманы деп ак жеринен күнөөлөнүп камалган. Ал болшевиктерге чейин “Алаш” партиясына мүчө болгон, бирок болшевиктик Кеңеш бийлигине алгач каршы чыккан жана 1920-жылга карата жоюлган бул партиянын дайыны 1930-жж. саясий аренада жок болчу.

Учурда кээде кээде сөз кылып бирок орундата албай келе жаткан маселелерден бири — латын алфабитине өтүү маселесин Касым Тыныстанов 1925-жылдарда козгогон экен. Ал арап алфабитинен латын алфабитине өтүү маселесин күн тартибине коюп, 1925-жылы "Эмне үчүн латын алфабитине өтүүнү создуктуруп жатабыз?" деген макала жазат.

Касым Тыныстанов (1901—1938).
Касым Тыныстанов (1901—1938).

Ойлоп көрсөк, акылдуу, таланттуу, билимдүү киши ошол убакта эле билими жана технологиясы өнүккөн өлкөлөр менен түздөн түз байланыш түзүү үчүн латын алфабитин колдонуу керектигин билген тура.

Касым Тыныстановдун дагы бир өзгөчөлүгү — казакчаны дагы, орусчаны дагы суудай билген казактын улуу акыны Магжан Жумабаевдей таланттуу, билимдүү бир кишиден билим алган, анын окуучусу болгон. Убагында Магжандай билимдүү кишилер Борбордук Азияда саналуу гана болгон.

Магжандын Касым Тыныстановго таасири күчтүү болгон десек жаңылышпайбыз деп ойлойм. Магжан да “Алаш” партиясын колдогон киши болгон.

Магжан Жумабаевдин (Мағжан Жұмабаев) Петропавл шаарындагы айкели. 22 .3.2014.
Магжан Жумабаевдин (Мағжан Жұмабаев) Петропавл шаарындагы айкели. 22 .3.2014.

Магжан бир ырында:

“Өңү сары, көзү көк, узун бойлуу,

Кулактын курчун алат.

Казактарга жакшы күн кайдан болсун,

Ошол жерде сары мырза курубаса.

Кыргызды тыгып салдың,

Ала-Тоонун арасына.

Казакты айдап салдың,

Каракумдун талаасына.

Көк жайдан, жашыл жерден

Бөлүп бердиң, орусуңдун баласына”, — дейт.

Бул саптар эгемендикти көксөгөн рухту ачык эле камтыган.

Касым Тыныстанов да көп кырдүү талант болгондуктан, жаштайынан ыр, аңгеме, пьеса жазат. Анын "Академиялык кечелер" деген пьесасы 1932-жылы коюлат. Бирок көп убакыт өтпөй эле "Касым Тыныстанов совет сахнасында бай-манаптардын идеясын даңазалап жатат" деп сынга алынат. Жогоруда да айтылгандай, Касым Тыныстановго "жаңы түзүлүшкө каршы", "эскини көксөгөн", "социалистик түзүлүштүн кишиси эмес", "чыгармаларында эски жашоону даңазалап жатат", "улутчул" деген күнөөлөр коюлат.

1933-жылдын 29-мартында "Буржуазиялык -кулактык улутчулдуктун калдыктарын аягына чейин талкалайлы" деген чечимдин артынан дароо Касым Тыныстановдун чыгармаларына каршы сындоолор жана басмырлоолор көбөйөт. Тыныстановго каршы "буржуазиялык-кулактык улутчул" деген токтом чыгат.

Мунун артынан дароо партиядан чыгарылган Тыныстанов төрт жыл өтүп, каргашалуу 1937-жыл келгенде камалып, уруп-согуу менен коштолгон абдан оор сурактарга дуушар болот. Бир жыл уланган сурактын артынан Тыныстановго өлүм өкүмү чыгат жана дароо 1938-жылы 5-ноябрда бул өкүм аткарылат.

Касым Тыныстанов кыргыз тил илимин, кыргыз грамматикасын түптөөгө бараандуу салым кошкондуктан, 1936-жылы “кызыл профессор” болгон. Ал мектептерде эне тилде заманбап билим берүү боюнча жанын-канын аябай иштеген. Студент кезинен эле окуу китеп долбоорун даярдай баштап, “Окуу китеби” (1924);”Чоңдор үчүн алиппе” (1926) окуу китептерин жарыялаган. Советтик муундагы “биринчи мугалимдердин” көпчүлүгү 1924-жылдан тартып кыргызча жана реформаланган арап алфабитинде даярдалган ушул окуу китептерди пайдаланышкан.

Касым Тыныстанов 1926-жылы Азербайжандын борбору Бакы шаарында өткөрүлгөн Биринчи түркологиялык курултайга катышып, анда кыргыз жазмасын арап алфабитинен латын алфабитине өткөрүү жаатында илимий баяндама жасаган.

Ал кыргыз тилинин тунгуч грамматикасын (“Биздин тил”, 1927); ал эми 1927-жылы латын алфабитинде “Эне тилибиз” деген окуу китебин жарыялаган. Анын латын ариби менен жазылган “Кыргыз тилинин морфологиясы” (1934); “Кыргыз тилинин синтаксиси” (1936) жарыяланып, андан тышкары ал тил илими боюнча кыргызча терминологияны калыптандырган (“байламта”, “жөндөмө”, этиш”, “зат атооч” ж.у.с терминдердин “атасы” – Касым Тыныстанов болгон).

Бишкекке (ал кездеги Прунза, орусча Фрунзе) сүргүнгө келген орустун чыгаан чыгыш таануучусу Евгений Поливанов Касым Тыныстановдун ар тараптуу колдоосун алган.

1927-жылы Кыргыз АССРинин жаңы уюшулган өкмөтүндө агартуу эл комиссары кызматына дайындалып, 3 жылдай иштеген К.Тыныстанов советтик мамлекеттүүлүк шарттарын колдонуу менен кыргыз элинин мамлекеттүүлүгүн чыңдоого жекече салымын кошкон.

Демек, Тыныстанов дагы, көптөгөн репрессия курмандыктарындай эле, XX кылымдын башында кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн пайдубалын түптөөдө көч башында турган. Алар эркиндик каалашкан, ата-салтыбызды аздектешкен, эне тилибизде билим берүүнү сунушташкан. Мамлекетибизди, адабиятыбызды, маданиятыбызды өнүктүрүү үчүн болгон күчтөрүн жумшашкан. Бул себептен улам Сталиндик бийлик аларды "улутчул" деген күнөө менен жок кылган.

1958- жана 1988-жылдары К. Тыныстанов эки жолу акталган, бирок Советтер Биримдиги биротоло кулаганга чейин анын чыгармалары кайра жарыяланган эмес.

Эгемендик доордо профессор Касым Тыныстановдун ысымы Каракол шаарында 1992-жылы педагогикалык институттан кайра университет болуп түзүлгөн Ысык-Көл мамлекеттик университетине ыйгарылган.

Илим доктору Майрамгүл Дыйканбаева. Эрзурум ш. 29.3.2018.
Илим доктору Майрамгүл Дыйканбаева. Эрзурум ш. 29.3.2018.

Биз, кыргыздын элин, жерин сүйгөн эр жүрөк уулдарын эч качан унутпайбыз. Алар эңсеген эгемендүү мамлекетте жашап жатып, алардын кылган эрдиктерин мактануу менен кийинки муунга жана башка элдерге айтып беребиз.

Майрамгүл Дыйканбаева,

илим доктору,

Эрзурумдагы Ататүрк университети, Түркия.

XS
SM
MD
LG