Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:30

Чыныбайдын айылына жардамы


Чыныбай Турсунбеков
Чыныбай Турсунбеков

24-ноябрда жарык көргөн кыргыз гезиттерине сереп.

“Кыргыз туусу” гезити “Президент Алмазбек Атамбаев 20-ноябрда Улуттук банктын төрагасын кабыл алып, улуттук валюта курсунун туруктуулугун камсыз кылуу, сомдун сатып алуу жөндөмдүүлүгүн колдоо боюнча бардык чараларды көрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Мамлекет башчысы ошондой эле Улуттук банк, өкмөттүк жана коммерциялык банктар менен биргеликте бюджеттик мекемелердин кызматкерлеринин жана калктын социалдык жактан аялуу катмарларынын чет элдик валюта менен алган ипотекалык кредиттерин сомго трансформациялоо боюнча иш-чараларды кабыл алышы керектигин айтты” деп жазып чыкты.

Гезит муну менен бирге эле президент мамлекеттик органдар жер титирөөдөн улам үйү жок калган үй-бүлөлөрдү суук түшкөнчө убактылуу турак-жайлар жана зарыл керектүү буюмдар менен камсыз кылуу жагын чечүү тапшырмасын бергенин кошумчалады. Сиздер ошондой эле премьер-министр Темир Сариев Нарын аймагында болгонун, быйылкы жылы бүтөт деп бүтпөй калган облусттук бириктирилген оорукананын неврология бөлүмүнүн жаңы имаратын көрүп чыкканын, депутат Чыныбай Турсунбеков өз акчасына куруп берген Жан-Булак айлындагы 50 орундук “Умсунай апа” деп аталган бала бакчанын ачылышына катышканын, Нарын шаарындагы Муратбек Рыскулов атындагы атактуу театрды жаңылоого келерки жылы 25 млн. сом бөлүнөрүн убада кылганын маалымдады.

Ушул эле санда “Кыргыз туусу” гезитинин басма үйүнүн эмгек жамаатынын “Адилеттик издеп аргасыз кайрылып жатабыз” деген ат менен президент Алмазбек Атамбаевге, өкмөт башчысы Темир Сариевге, Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбековго кайрылуу каты басылды.

“Фабула” гезити журналист Үсөн Касыбековдун “Сүйлөөктөр клубу” деген макаласын тартуулады. Ал гезитчилер айтып жүргөндөй “Бакиевдин куйруктарынын”, атап айтканда, “Бир Бол” партиясы аркылуу айрым жан-жөкөрлөрүнүн депутаттыкка илинип калышы Бакиевди эреркетип жиберип, Беларустун телеканалына маек бергенин, Бакиев ал кеткенден кийинки түзүлгөн убактылуу өкмөт анын жасап кеткен ийгиликтерин өзүнө менчиктеп алганын, апрелде элдик революция болбой эле мамлекеттик төңкөрүш болгонун белгилеп, өзүнө кыл жугузбай, реформатор президентмин деп мактанганын, арадан беш жыл өтсө да өткөнгө баа берүү жөндөмү да, уяты да жоктугун көрсөткөнүн айтты.

Журналист Бакиевдин тушунда эл өндүрүш менен алек болбой жалаң соода-сатык менен күн өткөрүп калганын, Бакиевдин үй-бүлөсү кыбыраган ар бир мамлекеттик кызматты чекесинен чекене, дүңүн дүң баалап сата баштаганын, Кыргызстан алдым-жуттумдардын мекенине айланганын, ал жасап кеткен коррупционерлердин тамырын кыюу бүгүн да кыйын болуп жатканын деги эле айткысы келбегенин, президент Алмазбек Атамбаевдин сөзү менен айтсак: “Бакиевдин уулу Максим Кыргызстанды “комок” катары көрүп алганын, кыргыз элин “барандар” деп ачык эле келекелеп келгенин атасы Бакиев эскергиси жоктугун жазды. Автор бир кызык фактыга токтолду. Мисалы Минскиге кантип барып калганын Бакиев минтип түшүндүргөн: “Александр Лукашенко телефон чалып “Кандай дейсиң, эгер сени Беларуска чакырып калсам” деп сурады. Сунуш мага жакты. Европага барсам тил маселеси чыгат. Анан Казакстандын президенти тарабынан мага спецназдын узатуусу менен самолет жиберилип, Беларуска жеткирүүнү камсыз кылды” дейт Бакиев. Ал эми 2014-жылдын 21-майындагы Александр Лукашенко минтип айтып чыккан: “Бакиев жөнүндө кеп мындай. Бардыгы ага аркасын салып кеткенде бала-чакасын чыркыратып колуна көтөрүп алып, Казакстандын (“аныгы - Кыргызстандын) түштүгүндө экен. Мен ага телефон чалдым да “Курманбек сенде эмне болуп жатат?” деп сурадым. Ал ыйлап жиберди. Мени өз атым менен атады. “Саша, сен эч качан менин досум болгон эмессиң, мен азыр талаада калдым, жок дегенде балдарымды алып кет, кур дегенде балдарымды аман алып калчы?” деди. Мен ага” Сени үй-бүлөң менен чогуу алып кетем деп жооп бердим” деп айткан. Үсөн Касыбеков макаласын аяктап баратып, Минскиге кантип барганы боюнча Бакиев карандай калп айтканын, саясий “өлүккө” айланган кишиге мынчалык көңүл буруунун деле кажети жоктугун, Бакиев сөз кылууга деле арзыбай турган фигура экендигин белгиледи.

“Вечерний Бишкек” гезити “Жесткая посадка” деген ат менен Ош аэропортуна авариялык конуу учурунда “Боинг - 737” самолетунун 148 жүргүнчүсү жана 5 экипаж мүчөсү кудай сактап аман-эсен калганын, ал окуя кандайча болгонун, өкмөт башчысы Темир Сариев бул кырсык боюнча түзүлгөн комиссияга иликтөө үчүн 10 күндүк мөөнөт бергенин кабарлады.

XS
SM
MD
LG