Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:58

Reuters: Кыргызстанда "экинчи Путин" шайланды


Кыргызстандагы президенттик шайлоонун жыйынтыгы Батыштагы жана Орусиядагы маалымат каражаттарында кеңири чагылдырылды. Айрымдар “Орусиянын талапкери жеңди” дешсе, башкалары өткөн шайлоону “реформаторлор менен улутчулдардын күрөшү” катары сыпатташты.

Шайлоонун алгачкы жыйынтыктары маалым болоору менен дүйнөдөгү көпчүлүк маалымат каражаттары Алмазбек Атамбаевди бул шайлоонун жеңүүчүсү катары жазып жатышат.

Британиядагы BBC корпорациясы “премьер-министр Алмазбек Атамбаев шайлоодо жеңди” деп жазды. BBC да, Associated press маалымат агенттиги да Атамбаевдин шайлоо өнөктүгүн “оңой каржыланган” деп баалашты. “Анткени шайлоого чейин ал өкмөт башчысы катары эл алдында кеңири чыгууга мүмкүнчүлүк алды, айлык акыны, пенсияны көтөрүү менен өзүнө өзгөчө саясий капитал топтой алган” деп жазышты.

“Reuters” маалымат агенттиги былтыркы улуттар аралык кагылышты баштан кечирген түштүктөгү өзбектер бул ирет Алмазбек Атамбаевге, башкача айтканда, “Кыргызстандагы экинчи Путинге” добуш беришкенин жазды. “Анткени дал ушул талапкер аларды былтыркыдай зомбулуктан сактап калат деп ишенишет”, - дейт Reuters.

Кыргызстандагы шайлоодо Кремль колдогон талапкер жеңгени тууралуу сөз андан ары “The New York Times” басылмасында да айтылды. “Тынчтык үчүн шайлоо” деп аталган макалада бул гезит “Кыргызстандагы шайлоонун жыйынтыгы кандай болоорун алдын ала айтыш мүмкүн эмес эле” дейт. Басылма Орусиянын да таасири минималдуу болгонун белгиледи. “Айрымдар бул шайлоо өлкөнү этникалык жактан да, регионалдык жактан да бөлүшү мүмкүн деп кооптонушкан. Ошон үчүн эл ушул саясий башаламандыкты токтотуш үчүн добуш берди”, деп жазат “The New York Times”.

Басылма убактылуу президент Роза Отунбаева бийликтен тынч жол менен кетип жатканын өзгөчө мактоого алды. “Бул кадамы Отунбаеваны Кыргызстандагы эле эмес, жалпы Борбор Азиядагы уникалдуу лидер катары көрсөтөт” деп басым жасалат макалада.

Батышта бүгүн басылган дээрлик көпчүлүк макалаларда Кыргызстандагы шайлоого азыр АКШ да, Орусия да кылдат көз салып турушканы айтылат. Бул жөнүндө бүгүнкү репортажында Франциядагы “France24” телеканалы “Кыргызстанда аскерий базалары бар Орусия менен АКШ шайлоонун жыйынтыгын чоң кызыгуу менен күтүшөт. Былтыркыдай улуттар аралык кагылыш анын чек арасына жайылып кетишинен чочулаган Кытай да бул шайлоого өзгөчө астейдил байкоо салууда”, - деп белгилейт.

“Al-Jazeera” телеканалы да “Кыргызстанда Москва колдогон талапкер 60% ашуун добуш алышы экинчи айлампаны жокко чыгарды” деген кабар таратты. Макалада добуш берүү бүтпөй жатып, алты талапкер шайлоону “легитимсиз” деп атаганы да белгиленип, “Эми Атамбаев үчүн эки жол – же өзүн жеңүүчү деп жарыялоо, же ушул адамдар менен соодалашууга баруу жолдору турат” деген ой айтылат.

“Financial Times” басылмасы кечээги шайлоону “Реформаторлор менен улутчулдардын ортосундагы күрөш” деп атады. “Euronews” телеканалынын баамында, “бул шайлоо – былтыр апрелде Курманбек Бакиевди кулаткан кандуу төңкөрүштөн кийин жүргүзүлгөн реформанын жыйынтыгы, - деп атады. - Кыргызстан 20 жылдык авторитардык башкаруудан кийин демократияны бекемдөөгө бет алды”.

Орус гезиттериндеги сөз

Кыргызстанда өткөн президенттик шайлоонун алгачкы жыйынтыктары жана ага карата пикирлер Орусиядагы маалымат каражаттарында да берилди. Бирок Батыштагы гезиттерден айырмаланып, орус басылмалары шайлоого карата баа берүүдөн оолактагандай туюлат.

Жалпысынан Кыргызстандагы шайлоонун эртеси жөнүндө басылган урунттуу макалалардын саны буга чейинки шайлоолордогудан алда канча аз болгондой сезилет.

“Московские новости” гезитинде журналист Аркадий Дубновдун макаласы басылды. Анда журналист бул добуш берүүнү “талапкерлердин саны жана добуш берүүнүн демократиялуулугу боюнча Борбор Азиянын тарыхында буга чейин болуп көрбөгөн шайлоо” катары сыпаттайт. Анын айтымында, шайлоодо жеңет деп күтүлгөн Алмазбек Атамбаев өзүнө жалгыз өзү эле добуш берген күндө деле жеңмек. Анткени жаңы мыйзамга ылайык, шайлоого бир эле адам катышкан күндө да ал өттү деп эсептелмек.

Макалада шайлоочулардын тизмесине байланышкан маселе тууралуу да айтылып, жөнөкөй жарандар бери турсун, өлкөнү Советтер союзунун тушунда 25 жылдай башкарган Турдакун Усубалиев да өзүн тизмеден таппай койгону баяндалат.

“Эгерде биринчи айлампада эле Атамбаев жеңип чыкса, анда нааразылыктан качып кутулуу кыйын болот. Анткени 16 талапкердин ичинен административдик ресурс колдонбой туруп, биринчи айлампада эле баарын жеңип чыга турган адам болоорун элестетиш кыйын, - дейт автор. – Бирок дагы бир жаганын алганда, экинчи айлампа өтүп калса, анда Атамбаевге түштүктөн чыга турган бир талапкер менен беттешүү өлкөнүн биримдиги үчүн коркунуч туудурмак”.

Журналист өзү шайлоонун алды Бишкекте бир нече күн өткөргөнүн, Атамбаевдин өзүнүн эки санаалашынан башка ага добушун берем деген бир да адамды жолуктурбаганын жазды. “Адамдардын көбү талапкерлердин бирин да жактырбай жатышканын айтышкан”, - дейт ал.

Орусиядагы ири басылмалардын дагы бири – “Независимая газета” – мыйзам бузуулар боюнча алганда, “бул жолку шайлоо мурдагыларынан айырмаланган деле жок” деп жазды. Гезиттин жазышынча, бул күнү мамлекеттик органдарда иштеген кызматкерлерди, аскерлерди, студенттерди жетекчиликтери бийликтен көрсөтүлгөн талапкерге – Алмазбек Атамбаевге – добуш берүүгө үндөп жатышты.

Шайлоочулар тизмеден өздөрүнүн ысымдарын таба албай жатышканын “Коммерсант” басылмасы да учкай айта кетип, “ошол эле учурда, айрым амалкөйлөр бир нече жолудан добуш беришкени айтылууда” дейт. Бул жөнүндө “Российская газета” басылмасы да жазды. Бирок гезит Атамбаевдин утушу алдын ала күтүлгөн эле окуя болду деп эсептейт.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG