Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:54
Форумдун катышуучулары. Сан-Марино, 12-апрель, 2013.
Форумдун катышуучулары. Сан-Марино, 12-апрель, 2013.

LIVE BLOG: Кыргыздар Сан-Маринодо

Сан-Маринодо дүйнөдөгү кыргыз диаспораларынын II форуму аяктады. Эки күндүк талкуулардын соңунда атайын резолюция кабыл алынды.

Кыргызстандыктардын Kyrgyz Club эл аралык бирикмеси уюштуруп жаткан бул иш-чара эки күнгө созулат.

Анын башкы максаты - дүйнөнүн чар тарабында жүргөн кыргыз жарандарынын башын бириктирүү, тажрыйба алмашуу жана өлкө келечеги үчүн биргелешип иштөө. Форум туурасында ал жерде катышып жаткан “Азаттык” радиосунун жетекчиси Венера Сагындык кызы жана “Kyrgyz Club” эл аралык бирикмесинин Калифорниядагы өкүлү Жаныш Осмонов айтып берди.

“Азаттык”: - Венера айым, Сан-Марино кандай таасир калтырды?

Венера Сагындык кызы: - Форумдун Сан-Маринодо уюштурулушу баарыбызга таңгалычтуу болду. Биз Прагадан кетип жатып, чет өлкөлүк тааныштарыбызга “кыргыздардын Сан-Маринодогу эл аралык форумуна баратабыз” десек, “ой, кыргыздар аябай байып кеткенсинер го!” деп күлүштү. Анткени бул жер байлар жашаган аймак болуп саналат экен. Бир дөңсөөдө жайгашкан аябай кооз жер экенине күбө болдук. Уюштуруучулар балким, Европадагы эң кооз жана Кыргызстанга окшош тоолуу аймакты тандаса керек.

Биз түндө келип түштүк. Ошол учурда уюштуруучулар “мына Кыргызстандан бир микроавтобус менен келишти ” деп элди тосуп алып жаткан экен. Ал жерде белгилүү ишкер Табылды Эгембердиев, ырчы Саламат Садыкова, дагы бир машине менен Германиядан келген кыргыз музыканттары, догдур болуп иштеген кыргыз жигиттери келип түшүп, кымгуут болуп жатышты. Анда мен сөздү “Kyrgyz Club” эл аралык бирикмесинин Калифорниядагы өкүлү Жаныш Осмоновго узатайын.

“Азаттык”: - Жаныш мырза, быйылкы форумдун өзгөчөлүгү эмнеде болот?

Жаныш Осмонов: - Биринчи форум былтыр Нью-Йорк шаарында өткөн. Күндөн күнгө биздин мекендештер чет мамлекеттерге чыгып, диаспоралар чоңоюп жатат. Ошолордун башын кошуп, курч суроолорду талкуулоо үчүн форумду баштаган элек. Быйылкы иш-чара ошол форумдун уландысы болуп саналат. Мындан ары жылда өткөрүп туралы деп ойлоп жатабыз.

“Азаттык”: - Форумду Европадагы эң кичине көз карандысыз мамлекет болуп саналган Сан-Маринодо өткөрүүнүн бир сыры барбы?

Жаныш Осмонов: - Биз былтыртан бери жалаң эле АКШда эмес, башка мамлекеттердеги мекендештердин да башын кошуп, ал жерлерде “Kyrgyz Club” бирикмесинин жергиликтүү өкүлчүлүктөрүн ачып келе жатабыз. Италиядагы кыргыздар бизге былтыр кошулуп, экинчи форумду Сан-Маринодо өткөрүүнү сунуштаган. Италиянын өзүндө биздин уюмдун өкүлчүлүгү жок. Сан-Маринодо болсо ачканбыз. Сан Марино өтө кичинекей шаар экен, 30 миң адам жашайт. Римден 400 километр аралыкта жайгашкан.

“Азаттык”: - Форумга катышуучулардын активдүүлүгү кандай? Мисалы, салыштырып жатсаңыз керек, былтыр кандай келишти эле? Быйыл келгендер
көппү?

Жаныш Осмонов: - Быйыл деле көп. Болжол менен 70-80 киши катталды. Менин оюмча, акыркы жылдары чет жерлерде кыргыз форумдары көп өтүүдө. Былтыр Түркияда кыргыз бизнесмендеринин форуму болду, Кыргызстанда да уюштурулду. Элдин активдүүлүгүн бизге келген көптөгөн каттар, сунуштардан улам билсе болот.

“Азаттык”: - Форумдун негизги максаты кандай жана бул жолу эмнеге басым жасалат?

Жаныш Осмонов: - Бүгүнкү форум үч секцияда өтөт. Анда кыргыз диаспоралары кайсы мамлекет болбосун жергиликтүү бийлик менен кандай иш-чараларды уюштурса болорун аныктап, анан жалпы эле кыргыз мигранттарынын суроолоруна ар бир диаспора атайы платформа түзүп, ошол негизде иштесекпи деп ойлоп жатабыз. Чет өлкөгө жаңы келген мекендештерге билим алуу, бизнес ачуу жагынан жардам берүү боюнча бир канча платформаларды түзөлү деген да ой болууда.
20:30 12.4.2013
Кубанычбек Кожоев, Орусиядагы Кыргыз Конгресстин жетекчиси:

- Орусиядагы кыргызстандыктар тилекке каршы, көптөн бери биригип, татыктуу лидерлерин тандай албай келатышат. Он чакты уюмга бөлүнүп, ар кимиси өз алдынча иш алып барган учурлар көп. Эми бириктирели деп аракеттенип атабыз. 1 миллиондун тегерегиндеги кыргызстандыктар, керек болсо Мамлекеттик Думада жана башка структураларда өз өкүлүн шайлагыдай деңгээлге жетип калдык саны жагынан. Орусиядагы айрым этностук топтор саны жагынан бизден аз. Ушул ынтымак кендирди кесип келатат, бириге турган мезгил бышып жетти.
20:28 12.4.2013
Болот Отунбаев, элчи:

- Италиядагы миңдеген кыргыздар элчилигибиз жок деп арызданышат. Элчилик жакында ачылат деп айтуу кыйын. Каражат маселесин билесиңер. Ошон үчүн Италия, Чехия өңдүү мамлекеттерде билимдүү, татыктуу адамдарды тапсаңар, Ардактуу консул дайындап, ушул жагынан жардам бере алат биздин өкмөт. Чындап сиздер үчүн күйө турган, жардамы тийе турган адам болушу керек. Албетте, ошол мамлекеттеги бийлик органдары менен тааныш, сөзү өтө турган адам болушу керек.
20:21 12.4.2013
Элчи Болот Отунбаев: Италия жана Сан-Маринодогу кыргыздардын маселесин сөзсүз көтөрүү керек. Италияда элчилик жок болгон үчүн абдан көп кыйынчылыктарга дуушар болушат. Андан сырткары мага бүгүн башка өлкөнүн паспортун алган бир катар мекендештер кайрылышты. Алар Кыргызстанда бир иш баштап, же бизнес ачалы десе, чет өлкөлүк жаран катары бир топ кыйынчылыктарга туш болушат экен. Бул жагын да карап чечишибиз керек. Азыр өкмөт баарыңарга колдоо көрсөтүү жагынан чечкиндүү кадамдарды жасоого даяр. 44 мамлекетке виза жоюлду. Ушуга окшогон чечимдер сиздерге да жардам берет деп ойлойбуз.
20:00 12.4.2013
Делегаттар талкууларга киришти


Түштөн кийин Сан-Маринодогу форумга чогулган 90дой делегат үч секцияга бөлүнүп, үч багыттагы маселелерди талкуулап жатышат. Азыр "Журтташтар жана алардын саясий маселелери, же мамлекеттик мекемелер менен байланышы", "Журтташтар жана бизнес", "Чет жердеги диаспоралар маданий жана социалдык жамаат ролунда" деген темада талкуулар жүрүп жатат.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG