Ушундай суроону жаш дарыгер-блогер социалдык тармакка жазып, мамлекеттик клиникадан аргасыздан жумуштан кетип жатканын да билдирди.
Улуттук госпиталда эмгектенген микрохирург Элзар Токтоназаров "Эмне үчүн жаш дарыгер ишин мыкты билсе да, таңдан түнгө чейин тыным албай иштесе да, алган маянасы жол киресинен артпайт?" деп "Фейсбукта" суроо салды.
Ал эгер анын билдирүүсү 200 "лайк" топтосо жумуштан кетерин да жазган. Дарыгердин билдирүүсү 400дөн ашуун адамга жагып, эми жаңы жылдан тарта ишинен кетерин жарыялады. Буга эмне себеп? Дарыгерлердин, айрыкча эми гана эмгек жолун баштаган врачтардын медицинадагы эски көрүнүштөр боюнча пикирлери кандай?
Элзар Токтоназаров соңку жылдары дарыгерлик ишинен сырткары блогерлик менен алектенип, "Фейсбук" социалдык тармагында саламаттык сактоо тармагы боюнча видео-баяндамаларды жарыялап келет.
Элзардын Фейсбуктагы билдирүүсү 200 эмес, 400дөн ашуун "лайк" топтоду жана дарыгерлер менен активисттердин арасында кызуу талкууга да түштү.
- Элдин жарымы "кетпе" десе, жарымы "бул мамлекеттик түзүлүштөн кет" деп жазыптыр. Мен кетпей деле койсом болот. Бирок мен айттымбы, демек кеткеним оң. Жаңы жылдан кийин башка жумуш тууралуу ойлонуп көрөм.
Кесиптештери Элзардын чечимин түшүнүү менен кабыл алышууда. Алардын бири хирург Улукмырза Өмүрбек уулу жети миң сом маяна аларын айтты:
- Эгер менин өз үйүм жок болгондо, батирге акча төлөп жашай алмак эмесмин. Жаш дарыгерлердин көпчүлүгү Орусияга кетип калууда. 10-12 жыл иштегендер деле аргасыздан мекенин таштап кетип жатышат.
Улукмырзада ири чыгым деген түшүнүк жок. Ал ресторанга же той-топурга баруу эле үй-бүлө бюджети үчүн мүшкүл экенин айтты.
- Жок, мен андайга бара албайм. Мен үчүн бул ири чыгым. Ресторан, кафелерге баруу дарыгер үчүн кымбат.
Дагы бир жаш хирург Шамил болсо үйлөнө элек. Эгер той болуп калса чыгымдарын туугандары төлөөгө мажбур болушат деди.
- Ата-энем жардам берет. Жардам бермек түгүл, мен алардын моюнунда отурам да.
Ал эми Элзар болсо үйлөнүү үлпөт тоюн банктан насыя алып өткөрүптүр. Аны жаш хирург эмгиче төлөп бүтө элек.
- "Дарыгердин айлыгы аз" деп кечке айта берсе болот. Бирок аны чечүү жолдорун издөө маанилүү. Бир нерсени айта алам. Маянаны көтөрүш үчүн дарыгерлердин санын азайтуу керек. Биз көппүз. Жетекчилик да "кызматкерлердин тең жарымын азайтып, калганына талапты жогорулатуу керек" деп айтып жүрөт.
Дарыгерлер айлык акыны көтөрүүнүн жолу катары милдеттүү медициналык камсыздандыруу төлөмүн көбөйтүү, ашыкча кызматтарды алып салуу жана жеке камсыздандырууну киргизүү керек экенин белгилешет.
Дарыгер окумуштуу Эрнст Акрамов бардык маселе каражатка барып такаларын айтып, коомчулук жек көргөн дарыгерлердин сол чөнтөгү да алардын тиричилигине көз каранды экенин эске салды.
- Мамлекет өзү дарыгерлерди пара алууга аргасыз кылып койгон. Антпесек кантип врач алты миңге үй-бүлөсүн баксын? Бир чети министрликте деле каражат жок. Бул мамлекеттик деңгээлдеги маселе. Менимче көпчүлүк постсоветтик өлкөлөрдө ушундай акыбал.
Белгилүү дарыгер маянанын көтөрүлүшүн күткөндөрдөн эмес. Ал көп ак халатчандар сыяктуу эле саламаттык сактоо үчүн бюджеттен каражат бөлүнөрүнөн жана жакын арада маселе чечилеринен күмөн санайт. Ал арада жаш дарыгерлер өкмөт өкүлдөрүн, юристтерди, активисттерди жана экономисттерди чогултуп, маселени чечүүнүн жолдорун издеш үчүн жыйын курганы жатат.