Жыйында президенттин парламенттеги өкүлү Алмазбек Абытов аталган келишимди тиешелүү комитеттерде карап берүүнү сунуштаган соң, төрага Нурланбек Тургунбек уулу бул комитеттердин жыйынын биргелешип, жыйындар залында бир кароону сунуштады. Депутаттар колдоду.
Парламенттин отурумуна Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев жана Министрлер кабинетинин курамы катышып жатат.
Парламентте жүргөн кабарчыбыздын маалыматына караганда, отурумга Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев келген жок.
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев маселе ачык каралып, бардык суроолорго ачык жооп берерин айтты.
Ташиев чек ара маселесин чечүүдө Баткен облусунун Лейлек жана Баткен райондорундагы 190 гектар жер тилкеси Тажикстанга берилип, алардын 195 гектар жери Кыргызстанга алынганын айтып, анын ичинде сугат каналдары, автоунаа жүрүүчү жана башка жолдор да алмашылганын кошумчалады.
УКМК төрагасы чыр чыгып келген Головной тилкеси боюнча да маалымат берип, андагы үч люктун 1,5ы - үч-төрт метр жер Кыргызстанга өтүп, ошончо өлчөмдөгү жер тилкеси 1.5 люк менен Тажикстан тарапка өткөнүн айтты.
Ал чек ара маселеси аягына чыккандан кийин Баткен облусун өнүктүрүү программасын кабыл алып, облустун экономикалык өнүгүүсүнө басым жасала турганын кошумчалады.
Андан тышкары Достук айылы Тажикстанга толук берилип, талаштуу болуп келген Төрт-Көчө нейтралдуу макамга ээ болуп, Кыргызстан менен Тажикстан бирдей пайдаланылат.
"Достук айылын биз толук бойдон бердик тажиктерге. Себеби Достук айылы биздин айылдардан эң алыс жайгашкан. Ал жерде стратегиялык жана экономикалык пайда жок. Айылдын ордуна биз шарт коюп, айылдагы жаңы курулган үйлөргө кенемте катары Тажикстандан 30 гектар жер алдык. Суулуу жерден алдык. Элди көчүрүп, кайра алардын ар бирине мамлекет тарабынан үй салып беребиз", - деди Ташиев.
21-февралда кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын тең төрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов комиссиялар толук макулдашууга келгенин жарыялашкан.
Анда үч документ - Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы жөнүндө келишим, эки мамлекет ортосундагы автомобиль жолдорун куруу жана пайдалануу, автомобиль жолдорунун кесилишин жайгаштыруу жана пайдалануу жөнүндө макулдашуу, эки өлкө өкмөттөрүнүн ортосундагы суу чарба жана энергетикалык объекттерге жетүүнү камсыз кылуу боюнча макулдашуу долбоорлору кабыл алынган.
Эми бул үч документ эки мамлекеттин парламенттеринде ратификациядан өтүп, аларга президенттер кол коюшу керек.
Эки өлкөнүн чек арасынын жалпы узундугу 972 чакырым. Чек ара такталбагандыктан буга чейин суу, жер, жол, жайыт талаштан улам аймакта көп чыр-чатак чыккан. 2021-жылы апрель-май жана 2022-жылы сентябрь айларында кандуу кагылышуулар болгон.
(макала толукталат)
Шерине