Кыргыз жарандарына эшигин жапкан өлкөлөр

4-март, 2020
Ырысбек Улукбек уулу

Өлкөсүнө кирүүнү чектеген жалгыз эле АКШ эмес. Башка өлкөлөрдүн элчиликтеринде деле виза алуу татаалдашууда. Себеби белгилүү - мыйзамсыз миграция.

Түштүк Корея

2018-жылы Түштүк Корея кыргыз жарандарынын Чежудо аралына визасыз киришине тыюу салды. 2001-жылдан тартып ал жерде визасыз 30 күн жүрүүгө мүмкүн болчу.

Түштүк Кореянын Иммиграция кызматы билдиргенине караганда, көпчүлүк кыргызстандыктар качкын статусун алыш үчүн аралда калышкан. Бул жагдай корей өкмөтүн Чежудо аралына кирүүгө чек коюуга мажбур кылды.

2018-жылга чейин Чежудо аралына кыргызстандыктар визасыз эле киришчү.

Ал аз келгенсип Корея Республикасы кыргызстандыктарга туристтик виза да бербей калды. Таңкы сергектик өлкөсүнө башка категориядагы виза – сөзсүз чакыруусу бар гана кишилер бара алат. Виза алууну катаалдаштыруунун себебин расмий адамдар азырынча айта элек. Бирок бул мыйзамсыз миграциянын залакасынан улам болуп жатабы деп болжолдоого болот. Кыргызстандын Түштүк Кореядагы мурдагы элчиси Кылычбек Султан бул өлкөдө кыргызстандыктардын үчтөн бири мыйзамсыз иштеп жүрүшкөнүн ырастады.

Мексика

Мурда Мексикага визаны кыргызстандыктар Орусиядагы элчилигинен алышчу. Эми андай кылыш үчүн Тегеранга барууга туура келет, ал үчүн Иранга виза ачтыруу зарыл, бул иш аябай эле татаал. Мексиканын Орусиядагы элчилиги кыргыз жарандарынын документтерин алууну токтотту.

«Иран деле биздин жарандарды жакшы көрүп отурган жери жок. Маселен, азыр алар кыргызстандыктардын арызын кабыл алышпайт», - деди Бишкектеги туристтик агенттиктин виза боюнча адиси.

Кыргызстандыктар үчүн Мексиканын визасы

Эмнеликтен андай болуп жатканы тууралуу расмий түшүндүрмө жок. Мексиканын Ирандагы элчилигинин сайтында дипломатиялык өкүлчүлүк Кыргызстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын, Ооганстандын жана Пакистан жарандарын кабыл алары жарыяланган.

Бишкектеги эки туристтик агенттиктин виза боюнча адистери ырастагандай, Мексика Орусиядагы кыргызстандыктарга виза берүүнү атайын эле токтотту окшойт.

Кийинки жылдары кыргызстандыктар Мексиканы АКШнын чек арасынан өтүүгө ыңгайлуу өлкө катары пайдаланып келишти. Ал жерден баш калка алыш үчүн арыз берүүгө да мүмкүнчүлүк бар. Бишкекте «качкын» катары АКШга барууну каалагандарга «ойдон чыгарылган» куугунтуктун түрүн жазып берчү ондогон компаниялар иштейт. Кыргызстандын ТИМи ошондой иштер менен шугулдангандар бар экенин ырастап, андай ортомчулардан оолак болууга чакырган.

Сингапур

2016-жылы Сингапур жалгыз бой келиндерге виза ачууну татаалдантты. Алардын тапшырган документтери катуу текшерилет. Иштеп аткан иши тууралуу кененирээк айтып берүүну суранышат. Баргандан кийинки программасын жазып берүүнү талап кылышат.

Виза алыш үчүн берилген арыздарды ыйгарым укуктуу агенттиктер толтурат, анкетаны өзү алып барып тапшырууга болбойт. «Азаттыктын» сурамжылоосуна катышкан орусиялык эки компаниянын өкүлдөрү мындай талап КМШдагы көпчүлүк өлкөлөргө тийиштүү экенин билдиришти.

«Өнөктөштөрдүн айтымында, мындай талап бул жактан барган көпчүлүк кыз-келиндердин мыйзамсыз иш-аракеттерин чектөө максатында коюлууда», - деп айтты москвалык виза агенттигинин өкүлү.

45 жашка чейинки аялдарга виза агенттиктери кошумча документтердин узун тизмесин талап кылышат. Анын баары - болгону өлкөгө бара турган кыз-келиндердин иш-аракети мыйзамга кайчы келбей турганын ырастоо. Кыргызстан да Сингапур ишенбеген өлкөлөрдүн катарында.

Сингапур 45 жашка чейинки кыз-келиндерди киргизбейт.

АКШ

Кошмо Штаттардын виза чектөөсү тууралуу «Трамп мусулман өлкөлөрүн жактырбайт, Америка Кыргызстан аскер базасын чыгарып ийгени үчүн өчүн алып жатат, эми кыргызстандыктар Америкага кире албайт» деген суу кечпеген кептер тарады.

Чын-чынына келгенде абал андан да оор: АКШ жыл сайын кыргызстандыктарга катардагы туристтик/мейманчылык визасын берүүнү азайткандан азайтууда, 2020-жылдан тартып грин-карт боюнча чектөөлөрдү көбөйттү.

Расмий ырасталган себеби – кыргызстандыктардын чет элдик биометрикалык паспорту жок. Ал тууралуу биз «Электрондук паспорт: эмнеликтен АКШ Кыргызстанга чектөө киргизди?» деген материалыбызда кенен-кесири токтолгонбуз.

АКШга берилген визалар % менен

ИЗРАИЛ

Бир нече жыл мурда Израилге виза алууда эч кандай тоскоолдук жок эле. Ал түгүл Нур-Султанга атайын барып көрүнүп коюунун деле зарылдыгы билинчү эмес. Бирок мыйзамсыз мигранттардын токтобогон агымы Израилдин кыргызстандыктарга карата мамилесин өзгөрттү.

Байманалуу байыркы жерге барыш текейден арзан болчу. Каалагандар эч кандай визасы жок эле Мисирден Иерусалимге бир күндүк саякатты сатып алып кете беришчү. Эки жыл мурун андай эркиндикке чек коюлду.

«Кыязы, эки адамдын Израилге келгенден кийин дарек-дайынын билгизбей «жоголуп» кетиши бийликтин ачуусун келтирди окшойт. Башка туристтер менен алар Мисирге кайтып келишкен жок», - дейт мурдагы туристтик агент.

Башка бир адистин айтымында, бир нече жыл мурун Израилдин элчилигине барууга куштар адамдарды тандап аңгемеге чакырышчу. Эми болсо азыноолак шек-шыбаасы байкалса, виза берүүдөн баш тартчу болушту. Андай баш тартуу жыл сайын көбөйүп баратат.

Себеби деле дайын – мыйзамсыз миграция. «Эркектер көбүнчө курулуштарда иштейт, аялдар жууп-тазалоо жагында, ресторандардан иш табат. Израилде орус тилдүү иш берүүчүлөр көп», - деди биз менен аңгемелешкен адис.

БРАЗИЛИЯ, МАКЕДОНИЯ, РУМЫНИЯ, ЛИТВА

Бул өлкөлөр кыргызстандыктарга жөн эле виза ачышчу. Алардын Орусия менен Казакстандагы элчиликтерине барып, кезек күтүп туруунун деле кереги жок болчу. Бирок да кийинки жылдары булар да эрежелерин күчөтүп, арызды берген кишинин өзү сөзсүз болушун талап кылууга өтүштү.

Литва элчилигинде, виза менен иштеген адистин айтымында, авиабилетти сатып алып, токтой турган мейманканага канча акча төлөгөнүнө чейин суроого өтүштү. Орунду алдын-ала ээлеп коюу жетишсиз болуп калды. Мурда Литва визаны эч кандай суроо-сопкутсуз эле берчү, бирок да кыргызстандыктар Балтика боюндагы бул өлкөнү Батыш Европа мамлекеттерине токтоп өтчү жайга айлантып алышты.

«Биздикилер дайым бир принципти бекем карманышат: башкысы - Шенген өлкөлөрүнө кирип алыш, ары жагына жетсе жардам кылышат», - деди бишкектик туристтик компаниянын адиси.

Бул Кыргызстандын жарандарына карата чектөөлөрдүн толук эмес тизмеси. Адистер ырастагандай, кыргызстандыктардын көпчүлүк өлкөлөрдүн элчиликтеринде виза алышы татаалдашып баратат: оголе көп документтерди талап кылышат, аларды кароонун мөөнөтү узартылууда, башка талаптар да кошулууда. «Биз өзүбүз күнөөлүүбүз, бизге азыр эч ким ишенбейт», - дейт виза боюнча кыйла жылдар иштеген адис.