Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:22

Кыргыз тарыхы: Макелек Өмүрбай аганын жоромолдору: 2-макала


Сүүжийн-Дабан жергесиндеги кыргыз кол башчысынын жазмасы.
Сүүжийн-Дабан жергесиндеги кыргыз кол башчысынын жазмасы.

Тарыхнаамалык түрмөктө КЭРдеги калемгер Макелек Өмүрбайдын илимий чындыкка коошпогон жоромолдору жөнүндө кеп улантылмакчы. Экинчи бөлүм.

(Баштапкы макала бул шилтемеде: Чоротегин Т.К. Кыргыз тарыхы: Макелек Өмүрбайдын “илимий” жоромолдору: 1-макала // азаттык.орг. — 05.5.2018. ).

Кытайлык кыргыз калемгери Макелек Өмүрбай Түндүк Монголиядагы айтылуу Сүүжийн-Дабан жергесинде кыргыз кол башчысынын кыргыз тилинде руна сымал жазмада калтырган тексти менен байланыштуу да мындайча оригиналдуу түшүндүрмөсүн берет (Бул жазмадагы кол башчыны ал кытай булактарынан өзү тактаган “№ 11 кыргыз каганы” катары жоромолдойт):

Макелек Өмүрбай:

“...11. Бойла Кутлук жаркан (822-жыл) Кыргыздын баш кишилери жөнүндө Кытай тарыхий жазмаларында эң көп баяндалган хаганы болуп, 822-жылдан 863-жылга чейин 41 жыл тактыда олтурган. Тарыхтан караганда, тактыда олтурган убакта да эң узун хаган болуп, бул хаган Кыргыздын улуу каганатын курган хаганы деп айтууга болот. Бул каганды «Яглакар хаган» деп атаган изилдөөчүлөр да көп. Асиресе, өзүнө койдурган «Сужи дабандагы» тул ташка: «Мен Бойла Кутлук жаркан…» деп баштап, керээзин ташка чектирген. Ал керээзи ушул күндүн изилдөөсүндө «Сужи эстелиги» деген ат менен дүйнөгө таанылуу болуп келет...”

Сөз оролун ток этээр жеринен баштап, дароо айта кетсек, бул таш жазма эч бир каганга эмес, кыргыз каганынын таасирдүү бир аскер башчысына гана таандык экендиги руна сымал текстте даана белгиленген.

IX кылымдын ортосундагы Өтүкендеги кыргыз жеңип алууларынын жана кыргыз жазма маданиятынын таасын далили — азыркы Түндүк Монголиядагы Сүүжийн-Дабан эпиграфикалык жазмасы болуп саналат. Бул эстелик XX кылымдын башында Түндүк Монголиядагы Селенга дарыясынын башатындагы Сүүжийн-Дабан дөңсөөсүнүн түштүк (күңгөй) бетинен табылган. (Булак: Малов С.Е. Енисейская письменность тюрков. — М.-Л., 1952. — С. 84).

Монголиянын түндүгүндөгү Болган аймагындагы Сайхан сомонуна караштуу Сүүжийн-Дабан деген жерде табылган кыргыз колбашчысынын руна сымал жазмасы.
Монголиянын түндүгүндөгү Болган аймагындагы Сайхан сомонуна караштуу Сүүжийн-Дабан деген жерде табылган кыргыз колбашчысынын руна сымал жазмасы.

Ар-Ашату тоосундагы Долон-Худук жергесинде жайгашкан бул Сүүжийн-Дабан (Süüdziin-dawaa) дөңсөөсүнүн географиялык орду: 48°30’ түндүк кеңдикте, 105° чыгыш узундукта.

(Казак тектүү окумуштуу Н.Базылхан бул жерди мындайча сыпаттайт: “Моңғолия Бұлған аймағы Сайхан сұмыны Сүүжийн асуы деген жер” — “Монголиянын Болган аймагындагы Сайхан сомонуна караштуу Сүүжийн ашуусу деген жер”).

Сүүжийн-Дабандагы таш жазма эстеликти 1900-жылы Густав Йон Рамстедт (Gustaf John Ramstedt; 1873—1950) тапкан. 1909-жылы ал Сүүжийн-Дабанга кайра барып, жазманын көчүрмөсүн алган. Муну ал эстампаж усулун колдонуп аткарган, башкача айтканда, тамгалуу таштын үстүнө жука кагаз жаап, анан таштагы оюк менен чийиндерди бул кагазга үлгү кылып кылдат түшүргөн. Ал — теги швед, бирок Финляндияда чыгыш таануу илимин өнүктүрүүгө зор салым кошкон окумуштуу жана дипломат болгон.

Сүүжийн-Дабан жазмасынын транскрипциясынын бир варианты (С.Е.Маловдуку боюнча):

(1) Uĭγur jirintä Jaγlaqar qan ata kältim (?)

(2) Qyrqyz oγly män boĭla qutluγ jarγan

(3) män qutluγ baγa tarqan ögä buĭruqy män

(4) küm soruγum kün toγsuqa batsyqa

(5) tägdi baĭ bar ärtim aγylym on jylqym sansyz ärti

(6) inim jiti urym üč qyzym üč ärti äblädim oγlumyn

(7) qyzymyn qalynsyz birtim maryma jüz är turuγ b(ir)tim

(8) jäginimin atymyn körtim amty öltim

(9) oγlanym ärdä marymynča bol qanqa tap qatyγlan

(10) uluγ oγlum s...a bardy

(11) körmädim r...m oγul.

(Булак: Ramstedt, С.J. Zwei Uigurische Runeninschriften in der Nord-Mongolei JSFO Helsinki. 1931.; Малов С.Е. Памятники древнетюркской письменности: Тексты и исследования. — М.-Л.: 1951. — 451 с. — С. 76.)

Бул тарыхый мааниси терең жазманын текстинде эстелик арналган кишинин (Бойла Кутлуг Йарган аттуу кыргыз аскер төбөлүнүн) аты-жөнү, теги, мансабы, тарыхый салымы баяндалат. (Руна сымал жазмаларды изилдеп жаткан жаш кыргыз илимпозу Нурдин Усеев бул колбашчынын ысымын “Буйла Кутлуг Йарган” деп жазып келет).

Руна сымал жазмалар боюнча көрүнүктүү адис, орус түркологу И.В.Кормушин бул 11 саптан турган тексттин алгачкы 5 сабын мындайча которгон:

“Яглакар хандардын уйгур жерине (мен) дайындалдым.

Мен — кыргыздардын уулумун. Мен — адил сотмун.

Мен — айкөл тархандын — биринчи министрдин (б.а. вазирдин) министримин.

Менин даңкым чыгышка да, батышка да жайылган.

Мен бай элем. Менин он мал короом, эсепсиз жылкыларым бар эле.

Орусчасы:

«На уйгурской земле Яглакар-ханов (я был) назначен.

Я — сын кыргызов. Я — благородный судья.

Я — министр благородного тархана-первого министра.

Слава обо мне распространилась на востоке и на западе.

Я был богат. У меня было десять загонов для скота, а лошадей — без счёта».

(Караңыз: Кормушин И.В. Еше раз к вопросу о кыргызском характере Суджинской надписи // Тюркологический сборник 2007-2008. — Восточная литература РАН, 2009. — 177-188-бб.).

Бул тексттин алгачкы сабын С.Е.Малов үч вариантта которгон:

“(1). Мен, Яглакар-хан-ата, уйгур жеринен келдим (же болбосо: Уйгурдун Яглакар-хан деп аталган жеринен келдим; же болбосо: Уйгур жеринен – Яглакар-хандан келдим; Г.Рамстедттин котормосу боюнча: “мен уйгур жериндеги келгинмин)”.

“(1) Я, Яглакар-хан-ата, пришёл из уйгурской земли (или... из уйгурской земли, называемой Яглакар-хан; или... из уйгурской земли от Яглакар-хана; по Г. Рамстедту: я пришелец в земле уйгурской)”.

(Булак: Малов С.Е. Памятники древнетюркской письменности: Тексты и исследования. — М.-Л.: 1951. — С. 76-77).

Бирок атактуу орус түркологу Сергей Ефимович Малов (1880—1957) тарабынан сунушталган бул бир нече котормо варианты кийин да эл аралык илимий чөйрөдө талданып, акыры түркологдордун басымдуу бөлүгү Сүүжийн-Дабан текстиндеги “йаглакар кан” сөзү бул тексттин башкы каарманынын жеке өзүнө эч тийешеси жок болгон жана кыргыздардан 840-жылдагы улуу урушта жеңилген уйгур каганынын титулу экенин такташты.

Руна сымал жазмалар боюнча кыргыздын заманбап адиси, PhD даражасы бар Нурдин Усеевдин котормо вариантын да мисал кыла кетелик:

I. Уйгур жеринен, Йаглакар кандан келдим. [уйгур йиринте йаглакар канта келтим],

2. Кыргыз уулумун, Буйла Кутлуг сот- [кыркыз оглы мен, буйла кутлуг йарган]

3. мун. Кутлуг Бага Таркан Өгенин буйругумун (сотумун). [ мен. Кутлуг бага таркан өге буйрукы мен].

4. Атагым, бийлигим күн чыгышка, батышка [күм, соругым күн тогсук(к)а, батсык(к)а]

5. тийди (жетти, жайылды). Бай, бардар элем. Мал короом он, жылкым сансыз эле, [тегди. бай, бар эртим, агылым он, йылкым сансыз эрти],

6. иним жети, уулум үч, кызым үч эле. Үйлөндүрдүм уулдарымды, [иним йити, урым үч, кызым үч эрти, эбледим оглымын],

7. кызымды (турмушка) калыңсыз) бердим. Устатыма жүз эр, турак бердим. [кызымын калыңсыз биртим. марыма йүз эр, туруг биртим].

8. Жээндеримди, неберелеримди көрдүм. Эми өлдүм. К... [йегенимин, атымын көртим, амты өлтүм. К...]

9. Уулдарым, эрлердин арасында устатыбыз сыяктуу болгула, канга кызмат кылгыла, кайраттангыла. [огланым, эрде марымынча бол, канка тап, катыглан].

10. Улуу уулум с...а (согушка) барды (кетти), [улуг огулум с...а барды].

11. (Ошондуктан аны) көрбөдүм р...м уул. [көрмедим р...м огул].

(Булак: Усеев, Нурдин. Енисей жазма эстеликтери I. Лексикасы жана тексттер / Жооптуу редактору Кадыралы Конкобаев. — Бишкек: Турар, 2011. — 724 б., сүрөт. — ISBN 978-9967-15-031-7. — КР УИАсынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институту. — Кыргыз-Түрк “Манас” университети. — Мында: 503-504-бб.)

Учурда доктор Нурдин Усеев Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде иштеп жатат.

Нурдин Усеев Сүүжийн-Дабан эстелигинин алгачкы сабындагы С.Е.Малов ж.б. “Jaγlaqar qan ata” (“йағлақар қан ата”) деп транскрипциялаган сөз айкашын “Jaγlaqar qanta” (“йағлақар қанта”) деп оңдоп окуп, анын негизинде биринчи сапты “Уйгур жеринен, Йаглакар кандан келдим” деп которууда.

Арийне, аны контекстке ылайык “Уйгур жеринде” деп жана анан ары тактап “Йаглакар хандын ээлигинде болуп келген аймакты” жаңыдан каратып келген колбашчы катары түшүнсөк болот.

Буйурук (сот) кызматын жортуулга чыкканда колбашчы болгон ири төбөл аткара берчү. XIX кылымда деле кыргыз беги, бийи бир эле учурда өз аймагындагы, өрөөнүндөгү элди башкарып (хандын атынан жетектеп), анан адат-салтка ылайык сот бийлигин да жүргүзгөн эмеспи.

Сүүжийн-Дабан жазма эстелигинин тамгаларынын чиймеси.
Сүүжийн-Дабан жазма эстелигинин тамгаларынын чиймеси.

Сүүжийн-Дабан жазма эстелигинин алгачкы сабындагы “...йаглакар кан ата келтим” (Jaγlaqar qan ata) деген сапты С.Г.Кляшторный “Уйгур жеринен йаглакар ханды ыргытып (“атып”/”итерип”) келдим” (“Я изгнал яглакарских ханов из Уйгурской страны”) деп которгон, б.а. бул “йаглакар кан” деген сөздү 840-жылы согушта жеңилген уйгур каганы катары сыпаттап, бул эстелик багышталган кыргыз колбашчысы менен уйгур өкүмдарын чаташтырган эмес.

(Караңыз: Кляшторный С.Г. Суджинская надпись — уникальный памятник эпохи “Кыргызского великодержавия” // Источники по средневековой истории Кыргызстана и сопредельных областей Средней и Центральной Азии: Тезисы докладов и сообщений межреспубликанской научной конференции, посвященной памяти В.А.Ромодина / Отв. ред. А.Мокеев. — Бишкек: КырГУ, 1991. — С. 57-59).

С.Г.Кляшторныйдын пикиринин да жөнү бар, анткени “атмак”, “атуу” сөзүндө ок атуудан тышкары, бир нерсени тышкарыга итерүү мааниси да жатат (жаа аркылуу жебени алды жакка күч менен ылдам итерүү – бул “ат-“ этиши аркылуу “атуу” деп чагылдырылат эмеспи). Кыргыз тилинде да “ал боз үйдөн атып чыкты” сүйлөмү “киши боз үйдө ок атып, анан чыкты” дегенди эмес, “киши боз үйдөн өтө тез ылдамдыкта чыгып кетти” дегенди туюнтат эмеспи.

Руна сымал жазмаларды иликтөө боюнча мыкты устат И.В.Кормушин деле Яглакар хан дегенди кыргыздардан жеңилген уйгур ханы катары санаарын жогорудагы котормосунан көрөбүз. Анын оюнча, текстти “Яглакар хандардын уйгур жерине (мен) дайындалдым”, - деп түшүнүү ылайык. И.В.Кормушиндин жоромолу менен алганда, Сүүжийн-Дабанда даңазаланган колбашчынын ошол жаңы дайындалган кызматы жөн гана сот кызматы эмес, министр деңгээлинде каралышы керек (“Я — министр благородного тархана - первого министра”).

Ал эми Н.Базылхан сунуштаган казак тилиндеги котормодо болсо мындайча сөзмө-сөз которуу усулу сунушталган:

“Ұйғұр: жерін де: Йағлақар: хан: ата: келдім:”

(Булак: Базылхан Н. Көне түрік бітіктастары мен ескерткіштері (Орхон, Енисей, Талас) // "Қазақстан тарихы түркі тілді деректемелерде" атты сериясы бойынша. — Т. 2. — Алматы: Дайк-пресс, 2005. — Б. 162—163.

Албетте, Сүүжийн-Дабандагы жазманы саясий маанидеги осуят катары да кароого болот. Мында уулдарды эр-азаматтардан болууга, кыргыз каганына таазим этип, баш ийүүгө, бирдиктүү мамлекеттин каганына ак кызмат кылууга карата үндөө камтылган.

Бул осуят кыргыз мамлекеттүүлүгүн барктай алган кеменгер төбөлдүн урпактар үчүн калтырган улуу сөзү эле.

Эстеликте Бойла Кутлуг Йаргандын күйүтү чоң болгону: анын тун уулу өзүнөн мурда көз жумганына кайгыруусу да камтылган (10-11-саптар). Анын тун уулу жоокерлик заманда каармандык менен курман болсо керек. Балким, “көрбөй калдым” (“körmedim”) сөзүндө анын уулу алсыкы жортуулдан же башка тапшырмадан кайта электиги чагылдырылгандыр?

Сүүжийн-Дабан жазма эстелиги – кыргыздын чыгаан колбашчыларынын бирин даңазалаган кыргыз жазгычынын (билгисинин) автографы катары да кабыл алынса болот.

Макелек Өмүрбай болсо бул текстке карата жаңыча илимий мамилелерге терең үңүлүп отурбастан, дароо эле Сүүжийн-Дабанда таш эстелик коюлган бул кыргыздын чыгаан кол башчысын “каган” катары сыпаттап, ал түгүл ага уйгур кагандарын берилип келген “Йаглакар каган” титулун да ыйгарып койгон. Анын төмөнкү жоромолун чогуу окуйлук:

“...Бойла Кутлук жаркан кыргыз бийлигинин башында турганда, Кытайдын Таң падышалыгы жана анын падышасы менен өтө тыкыс байланыш орноткону, өзүнүн территориялык чөлкөмү Эне-сайдан баштап, Тянь-Шан-Памирге чейинки аймактар экени тарыхий булактарда кенен жазылган. 840-жылдан 847-жылга чейин Кытай падышасы менен 15 жолудан көп кат алышкан, ал каттары азыр да сакталуу турат... Бойла кутлук Жаркан хаганга, атап айтканда, Яглакар хаганга 847-жылы Таң императору өтө салтанат менен, атайын элчи жиберип, “Бабасынан бери акылман, баатыр хаган” деген атакты тапшырткан. Бирок ошол жылы хаган кайтыш болгон”.

(Караңыз: Өмүрбай, Макелек. Kыргыздын мамлекеттүүлүгү жазма булактарда / Редактору Ж.Кадыров. — Бишкек: Улуу Тоолор, 2016. — Б. 48-50.).

Демек, жогорудагы илимпоздордун сунуштарын эске алсак, анда бул таш эстеликтеги Бойла Кутлуг Йарган деген кол башчынын ысымын Йаглакар хан катары сыпаттоонун өзү Макелек агайдын дагы бир олуттуу катачылыгы катары каралышы абзел.

Сүүжийн-Дабандагы эстеликтин башкы каарманын “кыргыздын яглакар ханы” катары жоромол кылган дагы бир автор — жаш илимпоз Элери Битикчи мырза.

Бирок анын жоромолунун өзгөчөлүгү — кыргыз каганы уйгур мамлекетин басып алып, уйгур ханынын титулун өзүнө ыйгаргандыгы тууралуу божомолунда камтылган:

Элери Битикчинин орусча макаласынан:

“...мы можем говорить о том, что 820 г. — провозглашение кагана кута земли. 840 г. — провозглашение кагана кута земли и неба — абсолютный каган.

Таким образом:

"ujγur jirintä jaγlaqar qan ata kältim"

будет читаться:

“В уйгурской земле я пришел (провозгласился) Яглакар-кан-ата”.

Кыргызча котормосу:

“...биз мындай жоромолдоп айта алабыз: 820-жыл — жердин куту болгон кагандык бийликти жарыялоо. 840-жыл — жердин жана көктүн куту болгон — баарынан улук болгон кагандык бийликти жарыялоо.

Демек, “уйгур йиринта йаглакар кан ата калтим” тексти мындайча окулуп калат:

“Уйгур жеринде мен келдим, Яглакар-кан-ата (жарыяландым)”.

Элери Битикчинин бул поэзиялык жактан көркөм болгон жана орто жолдон кагандык бийликти эки баскычка (жердеги кут болгон каган жана жер менен көктүн куту, бактысы, тирөөчү болгон жалпы каган катары) жиктеген котормосу да тарыхый окуяларды көркөм шөкөттөө аракети деңгээлинде гана кызыктуу.

Эгерде Сүүжийн-Дабандагы таш жазма эстеликтин башкы каарманы жөн гана колбашчы эмес, чын эле каган болгон болсо, анда мамлекет башчысына “он чакты короом бар эле, сансыз жылкыга ээ болчумун, кызымды калыңсыз эле бердим (байлыгы ансыз да ашып-ташыган мартабалуу кишинин ишаарасы. — Т.Ч.)” деп мактанууга жана өз урпактарына “каганга кызмат кылгыла” деп нускоо сөз айтууга деги бир кажет бар беле?

Кыргыз каганы Тан сулалесинин императоруна теңата “алыскы тууган” катары элчилери аркылуу кат жиберген, Ички Азиядагы дипломатиялык татаал саясатты жүзөгө ашырган, ханзулар менен гана эмес, карлуктар, тибеттиктер жана айрым уйгур төбөлдөрү менен дурус ымала түзүүгө барган, аркы-теркини дурус калчаган. Демек, кыргыз каганы мынчалык ортороок катмардагы төбөлдүн текстин жаздыртмак эмес деп ойлойбуз.

Ошондуктан “йаглакар канта” деген сөз айкашы Нурдин Усеев жана башка түркологдордун пикириндегидей, жылкысы сансыз көп болгон бул кыргыз колбашчысынын жана сотунун уйгур каганына эч тийешеси жоктугун айгинелейт.

Ал доордогу жоокерчилик заманда жылкысы көп, мартабалуу байлар жана өрөөн бектери ири аскер куралганда дароо колбашчылыкка жана башка төбөлдүк кызматтарга дайындалышчу. Сүүжийн-Дабандагы колбашчы жана сот (“йарган”) да кыргыз каганына ак кызмат кылган жана өз уулдарын ошондой кызмат аткарууга үндөгөн жогорку аткаминерлерден.

Ошондуктан, Сүүжийн-Дабандагы жазма эстеликтин башкы каарманын Макелек Өмүрбай эскерип жаткан 840-жылдардагы кыргыздын каганынан таптакыр ажыратып кароо керек.

Эми ошол аты белгисиз кала берип жаткан каган жөнүндө сөзүбүздү уланталык.

Тан сулалесинин ири жетекчи төбөлдөрүнүн (вазирге окшош кызматтын ээсинин) бири — Ли Дейү болгон.

Ли Дейүнүн маалымдашынча, Кыргыз каганатынан 843-жылы Чан-андагы Таң сулалесинин падыша ордосуна келген элчи Чжу-ву Алп Сол (англисче транскрипциясы Zhu-wu Alp Sol) жана аны менен чогуу келген жети элчилик өкүлү (TYI: 100:1785) Дипломатиялык мамилелер мекемесинде кытайлык расмий өкүлдөр менен жолугушуп, аларга өз атажурту, анын географиялык акыбалы, кыргыз элинин каада-салттары ж.б. тууралуу айтып беришкен.

(Чжу-ву Алп Солдон саал мурдараак Тан сулалесинин ордосуна келип кеткен кыргыз элчисинин ысымын кыргызстандык синолог Галина Павловна Супруненко “Тапы Алп Сол” деп калыбына келтирүүнү сунуштаган, ал эми М.Дромпп анын ысымын Ta-bu-he-zu деп берет). (Drompp, Michael Robert. Tang China and the collapse of the Uighur Empire: a documentary history. — 2004. — 336 p. — Brill's Inner Asian library. 13. Brill. — ISBN-10: 9004141294. — ISBN-13: 978-9004141292. — Кыскача: Дромпп, 2004, 134-бет).

Бул сыяктуу сырттан келгендерден жазылып алынган этнографиялык, геосаясий ж.б. маалыматтарды Тан сулалесинин Дипломатиялык мамилелер мекемеси андан ары Тарыхнаама мекемесине өткөрүп беришчү. Кийинки мекемедегилер болсо тарыхты жалпылап жазганда бул сурамжылоо маалыматтарын ургаалдуу колдонушаар эле.

Айтмакчы, кыргыз элчилигинен Кыргыз каганатынын калкы, туруму тууралуу баян гана жаздырылып алынбастан, мындан тышкары бул элчилердин чийме сүрөтү да тартылган.

Кейиштүүсү, Майкл Дромпп белгилегендей, кыргыздардын бул баяндары дагы, алардын кебете-кешпиринин сүрөттөрү дагы бизге чейин сакталып жеткен эмес. Ошондой болсо да, кытайлык ак сарай тарыхчылары жазып калтырган кыргыздар тууралуу айрым маалыматтар дал ушул элчиликтин баяндарына дагы негизделген болушу ыктымал, дейт бул америкалык синолог жана түрколог. ​

(Караңыз: Дромпп, 2004. — Б. 132-133.).

Макелек Өмүрбай мырза болсо бул кыргыз баяны дагы эле сакталып кала берүүдө, аны илим чөйрөсүнө киргизүү керек, деген жоромолун ортого салууда. Бирок бул жоромол үчүн ал негиздүү булакка шилтеме бере алган жок.

Чжу-ву Алп Сол Чан-анга 843-жылы 16-мартта келген, ал эми үч күндөн соң аны император кабыл алган. Ал эми 843-жылы 29-мартта Чан-анга жеңилген уйгурлардын каганынын жесири, ханзу бекбийкеси Тайхе кайтып келген. М.Дромпптун пикиринде, элчи Чжу-ву Алп Сол бул кайтып келген ханзу бекбийкесин Чан-анга кире бериште салтанаттуу тосуп алууга катышкан болушу ыктымал, себеби кыргыз элчисине андан алыскы аймакка кетүүгө убакыт жетмек эмес.

Тан императорунун атынан Кыргыз каганына даректелип жазылган каттардын долбоорлору Ли Дейү тарабынан даярдалган. Мындагы биринчи катта кыргыз өкүмдары “каган” титулу менен берилсе, экинчи катта эгемен кыргыз каганы Тан сулалесинин императорунун атынан кытайча “ваң” (wang) титулу менен аталган. (Дромпп, 2004, б. 134-135). Бул эки титул тең, биздин пикирибизде, кыргыз каганынын эгемен өкүмдар экендигин тастыктайт.

“Ажо” термини болгонбу?

Айтмакчы, Уйгур каганаты ойрон боло элек кездеги кыргыз өкүмдарынын титулу Тан сулалеси доорундагы кытайлык булактарда А-жэ (a-re) деген иероглиф менен берилген. Бул терминдин (караңыз: Син Таншу/XTS, 247б, 6147; ) түпкү негизи этимологиялык жактан дагы эле бүдөмүк. (Караңыз: Дромпп, 2004, 135-бет, 34-шилтеме).

Ал эми кытайлык кыргыз илимпоздору бардык жерде (бул титул жазылбаган учурларда деле) кыргыз өкүмдарынын титулун “ажо” деп жаза беришет. Менимче, бул дагы катачылыкка жатат.

Себеби Орхондогу Экинчи Чыгыш түрк каганатынын жана андан кийинки Уйгур каганатынын доорлорунда чыгыш түрктөр жана уйгурлар калтырган руна сымал жазма эстеликтерде Кыргыз мамлекетинин өкүмдарлары “каган” деген жогорку титул менен эле белгиленишкен.

Албетте, Энесайдагы Кыргыз мамлекети Ички Азиядагы башка бир чыгыш түрк мамлекетине салык төлөп, саясий көз каранды акыбалга ээ болуп калган учурларда, бул сырткаркы төбөлдөр кыргыз каганынын даражасын төмөндөтүү үчүн сырт жактан таңуулап төмөнкү даражаны беришкен, бирок кыргыздардын өздөрү үчүн ал өкүмдар өз аймагында “каган” катары карала берген болушу ыктымал.

Бул сыяктуу мамилелер Чыңгыз хандын жана анын урпактарынын доорунда да катталган: жалпы улуу хан катары Чыңгыз хандын бийлигин урушу жок тааныган айрым жергиликтүү өкүмдарлар өз эли үчүн падышалык же княздык бийлигин сакташкан, бирок өзүнүн жогорку бийлик ээси катары монгол ханына салык төлөп, зарыл учурда аскер берип турушкан.

Маселен, XIX кылымды эле алсак, Кокон хандыгы үчүн Ормон жөн гана чоң манап, бий болсо, ал өзү 1842-жылы бир нече кыргыз уруусу тарабынан хан жарыяланган соң, өз карамагындагылар үчүн “Ормон хан” деп аталып, эгемен өкүмдар катары бааланган.

Макелек Өмүрбай мырза “аажа”, “ажо” титулун “бул мансап аты илгерки кыргыздарда хагандык курулуудан мурда, мамлекет өкүмдарына (карата) айтылуучу мансап болгон”, - деп чечкиндүү жазат.Анын оюнча, бул мансап аты кыргыздардан байыркы киден тилине кирген имиш. (Макелек Өмүрбай. 2016, 18-19-бет).

Мында, бирок биз эч бир тарыхый булакка шилтемени көргөн жокпуз. “Аже” (a-re) деген иероглиф чын эле кытаң (кидан) сөздүгүндө чагылдырылганбы? Бул термин кыргыздардан кытаңдарга кирген деген сөз анда барбы? Эч бир конкреттүү шилтеме болбогон соң, Макелек агай сунуштаган бул маалыматты деле биз шек менен кароого милдеттүүбүз.

Ал эми мусулман доорундагы сопулук диний-философиялык агымдардын жол башчыларынын аталышы болгон “кожо” (фарсыча “хважа” / “хожа”) термининин бутрапас динин туткан Ыраакы Чыгыштаргы жана Ички Азиядагы кытаңдарга кандайча тийешеси бар?

Бул суроолорду дагы эле ачык калтырып коюуну эп көрдүк.

Биздин оюбузча, “ай дээр ажа жок, кой дээр кожо жок” сөзү Теңир-Тоо, Памир менен Ферганадагы кыргыздардын ислам динин кабыл алгандан кийинки гана доорундагы фолклордук чыгармалардан катталган. Мында да сопулук агымдардын көчмөн кыргыздардын арасында тынч жол менен ислам таасирин тереңдеткен доорунун изин табабыз.

Эгерде “кожо” сөзү сопулук тарыкаттардын тийешелүү агымдарынын жолбашчыларына (“хважа”) таандык болсо, ал эми “ажа” сөзү беш парыздын бирин аткарып, Мекеге зыярат кылып кайтып, мындай сапарга чыга албаган башка жергиликтүү мусулмандар үчүн кадыр-барктуу инсанга айланган ажыны (“хажжи”) түшүндүрүшү мүмкүн.

Азырынча чыгыш түрк калктарынын орто кылымдардын эрте мезгилиндеги тексттеринен “a-re” иероглифине өтө жакын болгон “ажо”, “аже” терминдери учурай элек. Ошондуктан бул терминди “инал”, “эдиз” сыяктуу кагандан төмөнкү титулга байлап түшүндүрүү аракеттери да учурап жаткандыгы түшүнүктүү.

Менимче, бул этимологиялык маселе толук чечиле элек кырдаалда аны тарых китептерине таңуулап, Кыргыз каганатынын өкүмдарларын бүт бардыгын “ажо” деп жаза бериш туура эмес деп санайбыз.

(Караңыз: Alimov, Rysbek. On the Yenisei Kirgiz title A-Re // Acta Orientalia Academiae Scientiarum Hungaricae. — Budapest, 2016. — Volume 69 (3). — Pp.265 – 283).

(Азыркы тапта кыргыз президентин да көшөкөрлөнүп “ажо” деп жазгандардыкы да туура эмес деп эсептейм, себеби чечилиши белгисиз болуп жаткан “a-re” иероглифи жеке бийлик ээсине тийешелүү, ал эми президент болсо жумурияттагы тийешелүү мөөнөткө гана демократиялык жол менен шайланып, улам алмаштырылып турчу мансап).

Колбашчы менен кагандын атын чаташтыруу

Макелек Өмүрбай IX кылымдын 40-жылдарындагы окуяларга байланыштуу мындай маалымат берет:

“Бойла Кутлук жаркан кыргыз бийлигинин башында турганда, Кытайдын Таң падышалыгы жана анын падышасы менен өтө тыкыс байланыш орноткону, өзүнүн аймактык чөлкөмү Эне-сайдан баштап, Тияншан, Памырга чейинки аймактар экени тарыхий булактарда кенен жазылган. 840-жылдан 847-жылга чейин Кытай падышасы менен 15 жолудан көп кат алышкан, ал каттары азыр да сакталуу турат”. (Макелек Өмүрбай. 2016. — Б. 48—49).

Бул маалыматтагы четке кагылуучу жагдайлар:

1) Кытайдын жазма булактарында да Бойла Кутлук Йарган (Жарган) деген эч бир кыргыз төбөлү эске алынбайт. Бул ысым “Сүүжийн-Дабан жазмасында” гана кол башчынын ысымы катары кезигет. Сүүжийн-Дабандагы жазма эстеликтеги колбашчынын ысымын эч качан кыргыз каганынын ысымы катары кабыл алууга болбостугун жогоруда көрсөттүк. Тексттин мазмунун карасаңыз, бүтүндөй мамлекетти бийлеп турган киши кантип эле

2) Ордосу Орхондо болгон Уйгур каганатын кыйраткан аскердик жортуулдар жана андан кийинки жортуулдар жана саясий жиктелүү маалында кыргыз топторунун алдыңкы бөлүктөрү 840-924-жж. аралыгында Теңир-Тоого чейин келип жеткендиги жана байырлап калгандыгы анык, бирок бул жүрүм узак жылдарды өзүнө камтыган.

3) Бойла Кутлук жаркан “840-жылдан 847-жылга чейин Кытай падышасы менен 15 жолудан көп кат алышкан, ал каттары азыр да сакталуу турат”, — деген сүйлөмдөгү “каттар азыр да сакталуу” деген маалыматты да жалган дешке болот. Себеби Тан императорунун кыргыз каганына жазган катынын тексттери сакталган менен, кыргыз каганынын жөнөткөн каты же анын котормосу эч сакталбай калган. Анын үстүнө, Макелек Өмүрбай өзү да белгилегендей: “...бул каттарда Кыргыз хаганынын аты аталбаган” (караңыз: Макелек Өмүрбай, Бишкек, 2016. — Б. 71.). Андай болсо, эмне үчүн дароо эле руна сымал алфавитте жазылган Сүүжийн-Дабан жазмасындагы кыргыз колбашчысынын ысымын каган аты катары таңуулоо керек?

(Айтмакчы, Тан сулалесинин императорунун атынан кыргыз каганына жолдонгон бул дипломатиялык каттардын Кытай архивинде сакталган өтө баалуу тексттерин бээжиндик илимпоз Жаркын Турсун айым 2002-жылы, б.а. Кыргызстанда кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгы шарттуу белгиленип жаткан чакта, Үрүмчүдөгү илимпоз Мамбеттурду Мамбетакунга жиберген. Андан Макелек Өмүрбайга жеткен. Демек, кийинки кыргыз изилдөөчүлөрү бул каттардын кыргызча котормолорун сунуштаганда, албетте, Жаркын Турсундун булак таануучу катары салымын сөзсүз эскертүүсү абзел, бирок бул тууралуу маалымат берилген эмес (Караңыз: Макелек Өмүрбай, Бишкек, 2016. — Б. 66-71. )

Сүрөт жана текст баян

Макелек Өмүрбай сунуштаган дагы бир жоромолго кайрылалык.

“Ошол эле 7 жыл ичинде Таң падышалыгына үч жолу элчи жибергени, эң эле атактуусу 843-жылы Жоокусол алп баштаган 300 адамды элчиликке жөнөткөнү [300 кишилик элчилик тууралуу дал ушул жоромол да жазма булактар тарабынан тастыкталган эмес. — Т.Ч.], ал элчилиги Чаң-Анга келгенде, падыша өтө жакынчылык менен тосуп алганы жазылган. Тарыхий жазмада, кыргыз элчиликтин бул жолку тобу да бүт эле кыргыздын этнографиясын алып келип, атап айтканда, куш-тайганы менен келгендиги жөнүндө баян жазылган. Падыша вазирине буйруп, бул жолу келген кыргыз элчилик тобун сүрөткө чийдирип, баянын жаздырып, «Кыргыздардын ордого келгендиги жана тартуулары» аттуу китеп жаздырган. Ал китепти ордонун бүтүкчүсү Лү Шу аттуу киши жазып бүткөн. Ал китепке Ли Дийү деген окумуштуу вазир баш сөзүн жазган. Азыр бул китеп али бар экени жөнүндө ишенимдүү маалыматтарга ээбиз” (Макелек Өмүрбай. 2016. — Б. 49).[Кыргыз баянына байланыштуу «Кыргыздардын ордого келгендиги жана тартуулары» аттуу китеп азыркыга чейин сакталган деген ушул жоромол да жазма булактар тарабынан тастыкталган эмес. — Т.Ч.].

Мында Макелек агай “Жоокусол Алп” деп жоромолдогон кыргыз элчиси — “Тоңа Алп Сол” (Tuŋa Alp Sol; 注吾合素) болушу ыктымал. Кыргыз каганы Тан сулалесине жөнөткөн экинчи элчиликти, — “Таң хой йао” жазма булагынын маалыматына караганда, — кыргыз колбашчысы Тоңа Алп Сол жетектеген жана андан башка жети элчи кирген. Бул топ Чан-андагы аксарайга 843-жылы 12-февралда жетип, Кыргыз каганаты менен Тан мамлекетинин дипломатиялык алакаларын кайра жанданткан.

“Жаңы Таң сулалесинин Жаңы тарыхы” деген ханзуча булактын “уйгурлар” бөлүмүндө (217-ором, 147-баян) мындайча маалымат бар (бул бөлүмдү Макелек Өмүрбай уулу которгондугу тууралуу маалымат 203-бетте көрсөтүлгөн):

“0411. ...Хуйчаң жылдарында (840-жылы) эр элчисин өлтүрүп кеткен себептүү Таң ордосу менен болгон кабарлашуудан айрылып калат. Ошондуктан Чоң Алп Солчу деген элчисин жиберип, кат жазып, абалды түшүндүрөт. (Бул адам атындагы) «Чоң» (注吾) Тек ат (улуулардын тек аты), «Алп» (合) «баатыр» деген мааниде, «Су» (素)«Сол” деген мааниде болуп, чогуу мааниси «Кылдат сологой мерген» деген болот экен. Ал (элчи) үч жыл жол жүрүп, зорго Таң ордосуна жетип келет. Ал келгенде (Таң) Вузоң (аты — Ли Ян) аябай кубанып, аны Бохай элчисинин жогору жагына өткөрөт. Себеби алардын жери алыс, кыйырда жаткан чөлдөр болсо да, алар өздөрүнүн кызмат милдеттерин таштабай, кайсы убакытта болсо да тартуу алып келип жаткандыктарынан эле.

[289-бет] Ат кошчу вазир Жав Фанды атайын чен тон менен аларга барып, көөн-жайын изилдеп келүүгө жөнөтүү, падышалык буйрук боюнча баш вазирди жат тайпалардын иштерин жөнгө салуу сарайына барып, элчи менен көрүшүп келүү, котормочу жиберип, алардын жер-суу жагдайын, мамлекетинин, элинин салт-санаасын текшерип келүүгө жарлык түшкөн.

Жайсаң [цзайсан, б.а. баш министрлердин бири. – Т.Ч.] Ли Дыйү мындай деген:

“Жингуан жыл санагы кезинде, алыстагы мамлекеттерден ордого келгендер көп болгон, ошондо катчылык бөлүмүнүн беги Ян Шыгу сунуш берип, “Жовнааманын” үлгүсү боюнча чар тараптан ордого келгендердин иш, көрүшүү абалдарын “падышанын чар тараптан келгендер менен көрүшкөндөгү сызма сүрөттөр жыйнагы, (кыскартып, “падыша менен көрүшүү эстелиги”) дегенди тарттырып (жаздырып) койгон экен.

Мына бүгүн Кыргыздар Орто Түздүк [б.а. Кытай. — Т.Ч.] менен чукул барды-келди кылып отурат. “Падышанын чар тараптан келгендер менен көрүшкөндөгү сызма сүрөттөр жыйнагы” дегенди тарттырып койсок, мындан кийинки урпактар билип жүрөт эмеспи!»

Падыша буйрук берип, мамилегерлик сарайында алар менен көрүшкөн абалды, аларды бүт сүрөткө тарттырып койууну буйруйт. Дагы Эрди (баш киши) падыша тектүүлөр чыныгы санжырасына киргизип жазууга буйрат”.

(Булак: Ханзу тарыхый жазмаларындагы кыргыздар. — Үрүмчү, 2014. — кыргызча котормо (арап арибинде). — Б. 288-289).

Макелек Өмүрбай:

“Кытай падышасынын кыргыз хаганы Яглакарга жазган каттары «Ли Дийү чыгармалар жыйнагы» деген ат менен сакталуу турат. Ошол китепте кыргыздардын элчилигин сүрөткө чийген сүрөттөрдүн кээ бирөө да табылды”, — деп сүйүнчүлөйт.

Бирок бул сүрөттөр сакталып калгандыгы тууралуу тастыктаган маалымат азырынча жок экендигин, мындай жоромолун тастыктоо үчүн Макелек Өмүрбай мырза да эч шилтеме жасабагандыгын белгилөө абзел.

(Уландысы бар).

XS
SM
MD
LG