Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:42

Фишер: Мекенимдин табиятын сагынам

Кыргызстандык дизайнер Лилия Фишер.
Кыргызстандык дизайнер Лилия Фишер.

Москванын мода чөйрөсүндө Лилия Фишердин ысымы таанымал. Жада калса дүйнөнүн мода борбору эсептелген Парижде анын Lilia Fisher Design бренди өзүнүн чыныгы күйөрмандарын тапты. Кыргызстанда төрөлгөн дизайнер "Азаттыкка" маек курду.

Чолпон-Атада өскөн Лилия Фишер – азыр Орусиядагы алдыңкы дизайнерлердин бири. Негизинен баш кийим тигет.

Лилия Борбор Азиядагы Америка университетинин журналистика бөлүмүндө окуп жүрүп, студенттик тажрыйба алмашуу долбоору аркылуу Санкт-Петербургга кокусунан барып калат. Мына ошол сапардан кийин анын тагдырында бурулуш болот. Биротоло Орусияда калып, дизайнерлик кесипти аркалоого бел байлайт.

Бүгүн Lilia Fisher Design бренди назик, саркеч, жаңы үлгүдөгү кийимдери менен таанымал. Ар кыл көргөзмөлөргө катышып, дүйнөлүк мода басылмалары ал тууралуу рецензия жана макалаларды жазып келет. Мындай ийгилиги менен бардык эле дизайнерлер мактана албайт. Лилия Фишер бүгүн 11 коллекциянын автору.

"Азаттык": Дизайнер болууга сизге эмне түрткү болду?

Лилия Фишер: Мен кичинемден эле чыгармачылыкка жакын болчумун. Өзүмдүн мода долбоорумду ишке ашырганда ошол шыгымдын пайдасы тийди. Башында жөн эле эрмек болсо, кийинчерээк жашоомдун маңызына айланды.

"Азаттык": Эмне үчүн баш кийимдерди тигүүнү тандап алдыңыз?

Лилия Фишер: Баш кийимди туура тандай билүү дагы искусство. Биз ага багыт беришибиз керек. Мен баш кийимсиз жашоону элестете албайм.

"Азаттык": Мода дүйнөсүнөн өз ордун табуу оңой болбосо керек?

Лилия Фишер: Бул кесип менин маңдайыма жазылса керек. Башында кыйналганым менен өзүмдүн ордумду таап, ишим жүрүшүп кетти. Кыйынчылык - бул сыноо. Ийгиликке оңой-олтоң жетүү мүмкүн эмес. Бирок мен атактуу болууга эч качан жан үрөгөн эмесмин. Тек гана өзүмө жаккан ишти жасап жатам. Өзүмө өзүм ишенем.

"Азаттык": Кардарларыңыздын арасында белгилүү адамдар барбы?

Лилия Фишер: Албетте, бар! Шоу-бизнестен саясатчыларга чейин келишет. Орусиядагы "Фабрика" тобунун кыздары, теле алып баруучу Анна Чапман туруктуу кардарларым.

"Азаттык": Кыргызстанды сагынасызбы?

Лилия Фишер: Кыргызстанымдын кайталангыс жаратылышы жетишпейт. Ата-энемди, досторумду жана өзүм окуган университетимди сагынам. Мекениме жыл сайын барып турам. Туулган жер мага өзгөчө эргүү берет.

"Азаттык": Келечекке кандай пландарыңыз бар?

Лилия Фишер: Келечекте өзүмдүн мода үйүмдү ачуу, чет өлкөлөрдөгү ири мода жумалыктарына катышууну жана Vogue журналынын мукабасына чыгууну пландап жатам.

"Азаттык": Дизайнер болууну эңсегендерге кандай кеп-кеңеш бересиз?

Лилия Фишер: Эч качан жеңилбегиле, муңайбагыла демекчимин. Эгер сиздин кыялыңыз болсо – ал кыялыңызга жетүүгө умтулуңуз. "Колуңдан эч нерсе келбейт" дегендерди укпаңыз. Эмгек - кыялды орундатат!



Кыргызстандык дизайнер Лилия Фишердин эмгектери

<strong>Лилия Фишер</strong> &ndash; Кантта төрөлүп, балалыгы Чолпон-Атада өткөн. Бишкектеги Борбордук Азиядагы Америка университетинин журналистика бөлүмүн аяктаган. Учурда Москвада өзүнүн &quot;Lilia Fisher Design&quot; мода брендин ачып, орус мода тармагын багындырууда.
1/10 Лилия Фишер – Кантта төрөлүп, балалыгы Чолпон-Атада өткөн. Бишкектеги Борбордук Азиядагы Америка университетинин журналистика бөлүмүн аяктаган. Учурда Москвада өзүнүн "Lilia Fisher Design" мода брендин ачып, орус мода тармагын багындырууда.
Лилия Фишер – азыр Орусиядагы алдыңкы баш кийимдер дизайнери. Лилия Кантта төрөлүп, Чолпон-Атада чоңоюп, жогорку окуу жайды Бишкекте аяктаган. Учурда Москвада ийгиликтүү дизайнерлердин бири.
Лилия Фишердин илхамы жана эргүүсү&nbsp;&ndash; Кыргызстандын кайталангыс табияты жана ал өскөн Ысык-Көлү. Турмушта өтө жөнөкөй адам. Мантыны жана тандырга жабылган нанды жактырат.
2/10 Лилия Фишердин илхамы жана эргүүсү – Кыргызстандын кайталангыс табияты жана ал өскөн Ысык-Көлү. Турмушта өтө жөнөкөй адам. Мантыны жана тандырга жабылган нанды жактырат.
Лилия Фишер – азыр Орусиядагы алдыңкы баш кийимдер дизайнери. Лилия Кантта төрөлүп, Чолпон-Атада чоңоюп, жогорку окуу жайды Бишкекте аяктаган. Учурда Москвада ийгиликтүү дизайнерлердин бири.
Кантта төрөлгөн дизайнер Лилия Фишердин эмгеги.
3/10 Кантта төрөлгөн дизайнер Лилия Фишердин эмгеги.
Лилия Фишер – азыр Орусиядагы алдыңкы баш кийимдер дизайнери. Лилия Кантта төрөлүп, Чолпон-Атада чоңоюп, жогорку окуу жайды Бишкекте аяктаган. Учурда Москвада ийгиликтүү дизайнерлердин бири.
Чолпон-Атада өскөн дизайнер Лилия Фишердин эмгеги.
4/10 Чолпон-Атада өскөн дизайнер Лилия Фишердин эмгеги.
Лилия Фишер – азыр Орусиядагы алдыңкы баш кийимдер дизайнери. Лилия Кантта төрөлүп, Чолпон-Атада чоңоюп, жогорку окуу жайды Бишкекте аяктаган. Учурда Москвада ийгиликтүү дизайнерлердин бири.
Бишкектеги Борбордук Азиядагы Америка университетинин бүтүрүүчүсү, дизайнер Лилия Фишердин эмгеги.
5/10 Бишкектеги Борбордук Азиядагы Америка университетинин бүтүрүүчүсү, дизайнер Лилия Фишердин эмгеги.
Лилия Фишер – азыр Орусиядагы алдыңкы баш кийимдер дизайнери. Лилия Кантта төрөлүп, Чолпон-Атада чоңоюп, жогорку окуу жайды Бишкекте аяктаган. Учурда Москвада ийгиликтүү дизайнерлердин бири.
Кесиби боюнча журналист, баш кийимдер дизайнери Лилия Фишердин эмгеги.
6/10 Кесиби боюнча журналист, баш кийимдер дизайнери Лилия Фишердин эмгеги.
Лилия Фишер – азыр Орусиядагы алдыңкы баш кийимдер дизайнери. Лилия Кантта төрөлүп, Чолпон-Атада чоңоюп, жогорку окуу жайды Бишкекте аяктаган. Учурда Москвада ийгиликтүү дизайнерлердин бири.
Кыргызстандык дизайнер Лилия Фишердин эмгеги.
7/10 Кыргызстандык дизайнер Лилия Фишердин эмгеги.
Лилия Фишер – азыр Орусиядагы алдыңкы баш кийимдер дизайнери. Лилия Кантта төрөлүп, Чолпон-Атада чоңоюп, жогорку окуу жайды Бишкекте аяктаган. Учурда Москвада ийгиликтүү дизайнерлердин бири.
Назик, саркеч, башкаларга окшобогон жана жаңы үлгүдөгү аялдардын кийимдерин жасоо өзүнүн &quot;Lilia Fisher Design&quot; брендин түзүүгө түрткү болгон.
8/10 Назик, саркеч, башкаларга окшобогон жана жаңы үлгүдөгү аялдардын кийимдерин жасоо өзүнүн "Lilia Fisher Design" брендин түзүүгө түрткү болгон.
Лилия Фишер – азыр Орусиядагы алдыңкы баш кийимдер дизайнери. Лилия Кантта төрөлүп, Чолпон-Атада чоңоюп, жогорку окуу жайды Бишкекте аяктаган. Учурда Москвада ийгиликтүү дизайнерлердин бири.
Кыргызстандык дизайнер Лилия Фишер орусиялык СТС телеканалында. Мындан тышкары, Лилиянын эмгектери&nbsp;&ldquo;Comspolitan&rdquo;, &ldquo;Play Boy&rdquo;, &ldquo;Grazia&rdquo;, &ldquo;Burda&rdquo; жана &ldquo;Elle&rdquo; журналдарында чыгарылган, &ldquo;World Fashion Channel&rdquo;, &ldquo;MTV&rdquo;, Орусиянын Биринчи каналы, КТРК, &ldquo;Россия&rdquo; жана ТНТ телеканалдарынан көрсөтүлгөн.
9/10 Кыргызстандык дизайнер Лилия Фишер орусиялык СТС телеканалында. Мындан тышкары, Лилиянын эмгектери “Comspolitan”, “Play Boy”, “Grazia”, “Burda” жана “Elle” журналдарында чыгарылган, “World Fashion Channel”, “MTV”, Орусиянын Биринчи каналы, КТРК, “Россия” жана ТНТ телеканалдарынан көрсөтүлгөн.
Лилия Фишер – азыр Орусиядагы алдыңкы баш кийимдер дизайнери. Лилия Кантта төрөлүп, Чолпон-Атада чоңоюп, жогорку окуу жайды Бишкекте аяктаган. Учурда Москвада ийгиликтүү дизайнерлердин бири.
Орусиянын белгилүү инсандары кыргызстандык дизайнер Лилия Фишердин кардарлары.
10/10 Орусиянын белгилүү инсандары кыргызстандык дизайнер Лилия Фишердин кардарлары.
Лилия Фишер – азыр Орусиядагы алдыңкы баш кийимдер дизайнери. Лилия Кантта төрөлүп, Чолпон-Атада чоңоюп, жогорку окуу жайды Бишкекте аяктаган. Учурда Москвада ийгиликтүү дизайнерлердин бири.
Артка
Алдыга

Дизайнер Лилия Фишер: Кыргыз табияты менин илхамым
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:51 0:00
Түз линк
  • 16x9 Image

    Бакыт Азимканов

    Лондондо жашаган эркин журналист жана блоггер. Кыргыз маданиятын дүйнөгө таанытуу  боюнча долбоорлордун автору.

Куржундар
XS
SM
MD
LG