Шотландия борбору Эдинбургда 23-майда котормочу жана жазуучу Шахсанем Сартова-Мүррейдин англис тилиндеги "Ыйык ашуулардын издери" (Finding the Holy Path) китебинин бет ачары өттү. Иш-чарага Шотландиядагы чет элдик адабияттын күйөрмандары, маданий ишмерлер жана кыргызстандыктар катышты. Китептин бет ачары кыргыз ыр-бийлери менен коштолду.
Шотландиядагы кыргыз адабий кечеси
1
"Ыйык ашуулардын издери" чыгармасынын автору Шахсанем Сартова-Мүррей.
2
Шотландиядагы кыргыз адабиятынын күйөрмандары.
3
Профессор Брайан Томсон сөз сүйлөөдө.
4
"Ыйык ашуулардын издери" чыгармасында Тагай бийдин урпактары, шотланд урууларынын талаш-тартыштары жана эки элдин окшоштугу тууралуу баян камтылган.
5
Гордон Мүррей жана автор Шахсанем Сартова-Мүррей.
6
Профессор Томсон: Аябай таасирлендим.
7
Буга чейин Шахсанем Сартова-Мүррей Бегенас Сартовдун "Мамыры гүлдөгөн маалда" чыгармасын англис жана орус тилдерине которгон.
8
Шахсанем Сартова-Мүррей жана Шотландиядагы кыргыз музыка чебери Ширин Абдуллаева.
9
Англиядагы кыргыз бийчиси Назгүл Жүзүмова.
10
Китептин редактору Лора Хэмильтон, Гордон Мүррей, Шахсанем Сартова-Мүррей, Назгүл Жүзүмова, Ширин Абдуллаева, Брайан Томсон жана Назэрке Изимова.
11
Домбрачы Назэрке Изимова.
12
Шотландиянын ар-тарабында 15 чакты кыргыз үй-бүлөсү жашайт.