Кыргыз кол өнөрчүлөрү британ падышалык үй-бүлөсүн таң калтырып, ханбийке Александранын сүймөнчүгүнө ээ болгонун көптөр билбесе керек. Көз жоосун алган кыргыз оймо-чиймелери түшүрүлгөн жибек жоолуктар, асыл таш чөгөрүлгөн зер буюмдар ханбийкени кайдыгер калтырган жок. Үч жылдан бери ханбийке Александра кыргыз уздары Гүлсара Акматова-Дейвис жана Фарзана Шаршенбиева жараткан буюмдарга ашык.
Кыргыз уздары Британияда

21
Дүйнөлүк кол өнөрчүлөр сынагынын күмүш байгесинин ээси Фарзана Шаршенбиева.

22
Лондондогу CFAB-2014 эл аралык көргөзмө-жармаңкеси.

23
Британдарды таң калтырган кыргыз уздары.