Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:36

Свирдлоу: Өзбекстанда жаңы доор башталды


Стив Свердлоу
Стив Свердлоу

Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюмунун Борбор Азия боюнча эксперти Стив Свирдлоу Өзбекстанга ачылган жол тууралуу маек берди.

Human Rights Watch эл аралык уюмунун өкүлдөрүнө жети жылдык тыныгуудан кийин Ташкентке барууга уруксат берилди. Бул тууралуу Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулализ Камилов 17-июлда Брюсселде "Өзбекстан - Европа Биримдиги" кызматташтык кеңешинин жыйынынан кийин билдирген.

“Азаттык”: Стив, сиз иштеп жаткан уюмдун делегациясына көп жылдык тыныгуудан соң Өзбекстанга кирүүгө уруксат берилди. Сапар качанга пландалды?

Свирдлоу: Бул кабар биз үчүн аябай жагымдуу болду. Өзбекстандын өкмөтү менен, дегеле өзбекстандыктар менен кызматташуу биз үчүн кубанычтуу. Бул үчүн өзбек бийлигине ыраазычылык айтабыз жана кызматташуу узак мөөнөткө созулат деп ишенебиз. Биз Ташкентке быйыл августта баралы деп турабыз. Азырынча, кайсы күнү барарыбыз анык эмес.

“Азаттык”: Human Rights Watch уюмунун Ташкентте кеңсеси ачылышы мүмкүнбү?

Көп жыл камакта жаткан саясий туткундардын эркиндикке чыга баштаганы позитивдүү өзгөрүүлөргө үмүт берди.

Свирдлоу: Бул суроого менде азырынча так жооп бере албайм. Балким сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө бир чечимге келербиз. Эгер ачылса, сүйүнөбүз.

“Азаттык”: Өзбекстанда жаңы доор башталганы айтылып жатат. Сиз муну сезип жатасызбы?

Свирдлоу: Ооба, жаңы доор башталды. Көп жыл камакта жаткан саясий туткундардын эркиндикке чыга баштаганы позитивдүү өзгөрүүлөргө үмүт берди. Эл аралык укук коргоо уюмдары муну кубаттап жатышат. Өзгөрүүлөр уланарына ишенебиз. Анткени, адам укуктары жаатында бул мамлекетте аткарылышы керек болгон далай иштер бар.

Human Rights Watch уюмунун өкүлдөрүнүн Өзбекстанга кайра барары, ВВС радиосунун Өзбекстандагы бөлүмүнүн кайра калыбына келе баштаганы адамды кубантат. “Озодлик” (“Азаттык” радиосунун өзбек кызматы), “Америка үнү” сыяктуу медиалар да убагы келгенде Өзбекстандын ичинде иштей баштайт деген ойдобуз. Биз дайыма өз ара кызматташуу, өз ара түшүнүү жана тынчтыктын тарапкерибиз.

“Азаттык”: Адам укуктары жаатында Өзбекстанда алга жылуулар бар экенин айттыңыз. Буга дагы кандай мисалдарды келтиресиз?

Свирдлоу: Мисалы, мурда пахта талааларында балдар эмгегинен пайдаланышчу. Эл аралык уюмдар муну сындап келген. 2013-жылдан тарта бул көйгөй азайганын, акыркы кездери бийлик буга жол бербөөгө аракет кылып жатканын байкадык. Бирок чоңдордун, мамлекеттик кызматкерлердин эмгегин пайдалануу маселеси кала берүүдө. Бул деле акырындап жоюлат деген ишенич бар. Жакындан бери сөз эркиндиги жаатында өзгөрүүлөр жүрүп жатат. Муну биз жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарынын мисалында көрүп жатабыз. Бул албетте кубандырат.

“Азаттык”: Сиз өзбек тилин жакшы билет экенсиз. Бул тилди үйрөнүүгө эмне негиз болду?

Свирдлоу: Өзбек тили аябай жагымдуу тил. Үйрөнүү оңой. Негизи мага өзбек маданияты жагат. Салттарын, жашоо-турмушун жакындан билгим келет. Ошондуктан тилди үйрөнүүнү чечтим. 1996-2010-жылдары Ташкентте иштедим. Адамдар менен мамиле кылуу үчүн да тилди билишим керек эле. Ташкент, Самарканд, Бухара шаарларында болдум. Фергана өрөөнүндөгү шаар-кыштактарын кыдырып, эли менен баарлашкым келет. Төрт жылдан бери Бишкекте жашап, иштеп жатам. Бул жакта өзбек тилин колдонууга муктаждык жок. Унутуп калбайын деп бул жактан да өзбек тилчи мугалим таап алдым. Үйрөнүүнү улантып жатам.

“Азаттык”: Төрт жылдан бери Бишкекте болсоңуз, кыргызчаны да үйрөндүңүзбү?

Кыргызстанда орус тилин билсеңиз, адамдар менен мамиле түзүүдө маселе жаралбайт. Мен орусча жакшы сүйлөйм. Ал эми Өзбекстанда өзбек тилин билүү керек.

Свирдлоу: Тилекке каршы, үйрөнбөдүм. Себеби, ага муктаждыкты сезбедим. Кыргызстанда орус тилин билсеңиз, адамдар менен мамиле түзүүдө маселе жаралбайт. Мен орусча жакшы сүйлөйм. Ал эми Өзбекстанда өзбек тилин билүү керек. Орус тили менен Ташкентте гана тирилик кылып кетесиз. Башка аймактарга баруу, эл менен баарлашуу үчүн өзбекче билүү зарыл.

“Азаттык”: Музыканы жакшы көрөрүңүздөн кабардарбыз. Ырдап, күү чалууну улантып жатасызбы?

Свирдлоу: Музыканы жакшы көрөм. Бош маалымда пианино чалам, пианистмин. Жаз жанрын сүйөм. Ташкентте бул жанрда эмгектенген музыканттарды кезиктирбедим, бирок бар деп уктум. Алар менен жолугууну пландап жатам. Ал эми Бишкекте жаз жакшы өнүккөн. Жаз фестивалы өтүп турат. Ага менин бул жакта түптөгөн тобум да катышат. Борбор Азиядагы улуттук музыканы да жактырам.

Мен саясат менен адам укуктарын гана эмес, музыканы да изилдегим келет. Анча-мынча ырдап турам. Бирок кесипкөй ырчыларга атаандаш эмесмин. Азыр “Азаттыктын” окурман, угармандары үчүн биздеги – Америкадагы салмактуу ыр саналган Summer Time деген ырды аткарып берем.

Стив аткарган ырды бул жерден угуңуз:

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG