Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:45

Криминалга каршы күрөш: УКМК абактарды тескейт


Кыргызстандагы абактардын бири, иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандагы абактардын бири, иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев бул жылы дагы уюшкан кылмыш топторго каршы күрөш уланарын, эми абактар тартипке салынарын эскертти.

Өткөн айда Ош шаарындагы түрмө башчысы кармалган. Атайын кызмат бул абакта кылмыш топтору көзөмөлдөгөн, маңзат менен дары-дармек кирип турган канал аныкталганын билдирген.

Буга чейин кыргыз абактарында криминал аралашкан жаңжалдар, адам өлүмү менен аяктаган окуялар орун алган.

Камчыбек Ташиев уюшкан кылмыш топторго каршы күрөш тууралуу 2-январда Жалал-Абаддын Сузак районуна барганда билдирди. Ал райондук милицияга кызматтык машиналарды тапшырып жатып, эми кезек түрмөлөргө жеткенин, ичи тартипке салынарын эскертти.

Камчыбек Ташиев.
Камчыбек Ташиев.

"2023-жылы биз уюшкан кылмыштуу топтордун белин сындырдык. Мындан ары мамлекетибизде эч кандай бандиттер, уюшкан топтор, "авторитеттер" болбойт. Мамлекетибиз мыйзамдуу, укуктуу жана эркин болот. 2024-жылы уюшкан кылмыш топтордун кайсыл бир мүчөлөрү калса аларды да тыптыйпыл жок кылабыз. Муну биз ачык айтышыбыз керек. Баарыбыз ушуну акыл-эс менен түшүнүшүбүз керек. Эч кандай "мыйзамдагы ууру", "положенец", "смотрящий" жана башка сөздөр колдонулбайт. Бизде андайлар болбойт. Эркиндикте жүргөндөрдү деле эмес, ошол түрмөлөрдүн ичин дагы тартипке салабыз".

Анын алдында, жаңы жылды утурлай Ташиев өлкөдө уюшкан кылмыш топторуна каршы күрөш аягына чыгып калганын билдирген. Ал 31-декабрда Фейсбуктагы баракчасына "мурдагы башчылардын көбү криминал менен коюн-колтук алышып кеткен, криминалга каршы күрөш такыр болгон эмес" деп жазган.

"Тескерисинче өздөрүнө жакпаган оппозициячы саясатчыларга криминалдарды жиберип, айрымдарын өлтүртүп, колдонуп жүрүшкөн. Бул эч кимге деле жашыруун эмес. Баарыбыз эле билебиз. Булардын баары кечээ эле көз алдыбыздан өткөн окуялар", - деп жазган Ташиев.


Былтыр октябрда Бишкекте уюшкан кылмыш тобунун анабашы аталган Камчы Көлбаев УКМКнын атайын операциясында өлтүрүлгөн. Атайын кызмат аны менен байланышта болгон, кылмыштуу топтун өкүлү деп шек саналган 40тан ашуун адам кармалганын, 1 миллиард долларлык актив камакка алынганын жарыяланган. Уюшкан кылмыш топторуна тиешеси бар деген 220дан ашуун мамлекеттик кызматкер аныкталганын, көбү кызматтан алынганын кабарлаган. Көлбаевдин ишине байланыштуу айрым ири курулуш компаниялардын жетекчилери камалып, кээ бири үй камагына чыккан.

Былтыр ноябрда Өзгөн шаарынын ошол кездеги мэри Дамир Моңолдоров дагы ушундай айып менен камалып, декабрь айынын аягында үй камагына чыккан.

Талдоочу Орозбек Молдалиевдин пикиринде, түрмөлөрдүн ичи тартипке салынса, кылмыштуулуктун деңгээли азаймак.

Орозбек Молдалиев.
Орозбек Молдалиев.

"Ошол жерде иштеген кадрларды оңдош керек. Ал жерге жакшы иштейм дегендерди коюп, жакшы айлык коюп дегендей. Берилип иштейм деген адамдар болсо, аларга шарт түзсө кылмыштуулукту азайтса болот. Ал жерде көптөн бери отургандар бар, башкаргандары бар, "общак" деген бар. Садыр Жапаров өзү деле "общак" деген болот деп айтпады беле. Ошол жерди тартипке, жолго салса болот. Ал жакта жердешчиликтен, башка себептерден улам бөлүнгөндөр бар. Чоң эмгекти талап кылган жер. Бирок ошол жерди тартипке салса кылмыштуулуктун деңгээли дагы азаймак. Бир мисал келтирейин, атын айтпай эле коеюн, бир райондо жатак абак ачылганда ошол райондо кылмыштуулук дароо көбөйүп кеткен. Криминалдын таасири болот экен, жаш балдарды "урушпайсыңарбы, атаман болбойсуңарбы" деп тукурушат экен. Ошентип өз жолуна салып жибергендер болгон. Ошол түрмөлөрдүн ичин оңдоп, ал жакта отурган адам оңолуунун жолуна түштү деп келсе, анда баарыбызга эле жакшы болмок. Азыр ал жакта отуруп алдап алдамчылык кылып, президенттин аппарат башчысынын атынан телефон чалып, каалаганын жасап атышпайбы. Аларга дарбазанын ары жагынан маңзат ыргыткандар деле өз эрки менен ыргытып жаткандар болбошу мүмкүн. Аларды коркутуп жатышы мүмкүн. Ушундай жагдайлардын баары эске алынышы керек".

Өткөн айда УКМК Ош шаардык милициясы менен №25 абакта уюшкан кылмыш тобу көзөмөлдөгөн, камактагыларды маңзат жана дары менен камсыздаган канал аныкталганын билдирген. Анда ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө бул иштерди абак жетекчиси баштаган кызматкерлер калкалап келгенин билдирген.

Анда кримчөйрөдө "Женго" деген каймана ат менен таанымал Кадыр Досоновдун кылмыштуу тобунун мүчөлөрү аралашканы айтылган. Бул фактыдан улам Ош шаарындагы абактын башчысы жана уюшкан кылмыш тобунун мүчөсү деп шек саналган адамдар камакка алынган.


Деген менен укук коргоочу Азиза Абдирасулова криминалга каршы күрөштөгү мыйзамдуулук маселесине токтолду. Абактагы мыйзамсыз иштерге байланыштуу түрмө жетекчилеринин дагы жоопкерчилиги каралышы керектигин белгиледи.

Азиза Абдирасулова.
Азиза Абдирасулова.

"Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш керек. Бирок бул күрөштү баштаганда эле мен мыйзамдуулукка чакыргам. Мамлекетте кандай гана аракет болбосун, ал мыйзам чегинде болушу керек. Мыйзамды сактоо жолу менен, алардын уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү экенин далилдөө жолу менен, сот аркылуу күрөшүү керек. Бизде уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш мыйзамды одоно бузуу жолу менен өтүп жатат. Өздөрү чакырат, кармалды деп коомго жарыя кылышат. Видеокамера алдында кечирим сураткандан кийин кое беришет. Анын күнөөсүн кайсы тергөө далилдеди, кайсы сот аныктады, кайсы сот аны кайра чыгарды деген чоң суроо. Экинчиден, түрмөлөрдү тартипке келтирүү керек. Аны дагы кайра эле мыйзамдуулуктан баштоо керек. Түрмөдөгү, убактылуу кармоочу жайлардагы, тергөө абактарындагы жетекчилерден, кызматкерлерден баштоо керек. Мисалы "шмон" деп коет, камераларды маал-маалы менен тинтип, текшерип турат. Анан камерасынан мисалы телефон табылса аны айып изоляторуна камайт, жазалайт. Бирок ошол телефон, маңзат кантип кирип калды? Аны ошол жакта иштеген кызматкерлер эле алып кирип берет да. Азыр аттуу-баштуулар түрмөдө отурган кезинде интернетте кенен-кесири отурганын кийин айтып чыгышкан. Аларга ошондой шарттарды ким түзүп берет? Түрмө жетекчилери түзүп берет. Мен түрмөнү көп кыдырган адам катары айта алам, ар бир түрмөдө "смотрящий" болот. Түрмө башчысы ошол адам аркылуу гана камактагыларды башкарып, тартипке салып, жазалаганын жазалап, жумушка тартчусун жумушка тартат".


Кыргыз абактарында буга чейин уюшкан кылмыш топторунун лидерлери, өкүлдөрү аралашкан, адам өлтүрүү менен аяктаган окуялар болгон. Эки жыл мурда июлда кримчөйрөдө "дөө Чыңгыз" деген каймана ат менен белгилүү уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Чыңгыз Жумагулов Бишкектеги №1 тергөө абагында бычакталып жан берген.

2005-жылы ошол кездеги Жогорку Кеңештин депутаты Тынычбек Акматбаев Молдовановкадагы түрмөнүн абалы менен таанышуу үчүн барганда атып өлтүрүлгөн. Ал кримавторитет Рысбек Акматбаевдин агасы болгон.

Абакта отургандар жапырт оозун тигип алган учурлар катталып, бул көрүнүш кримлидерлердин буйругу менен болгону айтылган.

XS
SM
MD
LG