Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:28

Косоводо расмий өкүл атып өлтүрүлдү


ЕУЛЕКС кызматкери атып өлтүрүлгөн жер, 19-сентрябрь, 2013-жыл
ЕУЛЕКС кызматкери атып өлтүрүлгөн жер, 19-сентрябрь, 2013-жыл

Косоводо Европа биримдигинин кызматкери атып өлтүрүлдү. ЕУЛЕКС деп аталган биримдиктин Мыйзам үстөмдүгү миссиясынын өкүлү этникалык сербдер басымдуулук кылган Косовонун түндүгүндө окко учту.

Европа биримдигинин Косоводогу ЕУЛЕКС миссиясы өз кызматкери кечээ бул жумурияттын сербдер басымдуулук кылган түндүгүндө окко учканын кабарлады.
ЕУЛЕКСтин билдирүүсүндө, биримдиктин алты кызматкери бараткан эки унаа Миртовица шаарынын жанында катардагы иш операциясы мезгилинде аткыланганы айтылат. Косово полициясы "Азаттыкка" курмандык литвалык бажы кызматкери экендигин бышыктады.

Косоводо 2008-жылдан бери жайгаштырылган ЕУЛЕКС миссиясынын өкүлү биринчи жолу киши колдуу болду.

ЕУЛЕКСтин маалыматында, тергөө жүрүп жатат, атышуу болгон жер курчоого алынды. Билдирүүдө кол салуу "ЕУЛЕКСтин кызматкерлерине каршы суу жүрөктөрдүн жасаган кылмышы" деп мүнөздөлдү.

Косовонун президенти Атифете Яхяга бул чабуул үчүн "Косовону бейстабилдештиргиси келген күчтөрдү" күнөөлөдү.

Калкынын басымдуу бөлүгүн албандар түзгөн Косово Сербиядан 2008-жылы өз алдынчалык жарыялаган, бирок бул жумурияттын түндүгүндө отурукташкан сербдер көз карандысыз Косовону таануудан баш тартып келе жатышат.

Европа биримдигинин тышкы саясатын тейлеген Кэтрин Эштондун маалымат катчысы Мая Косиянчич кылмышкерлерди дароо кармоого чакырды:

- Киши өлтүргөндөр сот алдында жооп бериши керек. Өзгөчө маанилүүсү, Европа биримдиги Косово менен иштешүүнү жана аны колдоону уланта берет. Биз биримдиктин арачылыгы менен жүрүп жаткан диалогдун чегинде ишин токтотпойбуз. Кэтрин Эштон ошондой эле бардык тараптарды алакаларды нормалдаштырып, түндүк Косоводогу тургундардын турмушун жакшыртуу боюнча жетишилген келишимдерди ишке ашыруу аракеттердин эки эселентүүгө чакырат.

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму да бул өлтүрүүнү айыптады. Уюмдун өтмө президенттигин жетектеген Украинанын тышкы иштер министри Леонид Кожара өз билдирүүсүндө «бул канкорлукту катуу айыптай тургандыгын» жазды. Кожара бир эле мезгилде косоволуктарды сабырдуу болууга жана кылмышкерлерди кармоого чакырды.

XS
SM
MD
LG