Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:39

Кирешелүү ишканалардын акционери алмашты. Ширшовдун карааны


Кыргыз өкмөтү "Кыргыз телеком", "Альфа Телеком", "Дастан" заводу жана "Евразия сактык банкы" сыяктуу мамлекеттик ишканаларды Санариптик өнүктүрүү министрлигинин кармагына өткөрдү. Оппозиция бул стратегиялык ишканалардын өткөрүлүшүн Алексей Ширшовдун ишмердүүлүгүнө байланыштырууда.

"Кыргыз телеком", "Альфа Телеком", "Дастан" заводу жана "Евразия сактык банкы" сыяктуу мамлекеттик ишканаларды Мүлк фондунан Санариптик өнүктүрүү министрлигин карамагына өткөрүү боюнча токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 10-майда кол койду.

Бул кадам мамлекеттин үлүшү бар ишканалардын натыйжалуулугун жогорулатуу максатында деп жазылган. Тактап айтканда, буга чейин мамлекеттик ишканалардын акционери Мүлк фонду болуп келсе, мындан ары аталган объектилерге мамлекеттин атынан Санариптик өнүктүрүү министрлиги ээлик кылмакчы.

Токтом он күн ичинде күчүнө кирет. Документте аталган ишканалардын ишин жакшыртып, натыйжалуулугун арттыруунун конкреттүү жолдору так көрсөтүлгөн эмес.

Министрлер кабинетинин төрагасынын жүйөсү

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров "Азаттыкка" билдиргендей, өлкөдө кирешелүү саналган мамлекеттик ишканалар Санариптик өнүктүрүү министрлигинин материалдык-техникасын базасын чыңдоо максатында аталган органга өткөрүлгөн.

Ал белгилегендей, өкмөттүн максаты - учурдагы шартка жооп берген финансылык технологияларды бир жерге топтоп, кызмат көрсөтүүнү уюштуруу.

Акылбек Жапаров
Акылбек Жапаров

Жапаров "Дастан" заводунун базасында өлкөдөгү ири дата-борбор түзүү, "Альфа Телеком" жана "Евразия сактык банкынын" калкка финансы-технологиялык кызмат көрсөтүүчү биргелешкен долбоорун ишке ашыруу пландалып жатканын белгиледи.

"Санариптик өнүктүрүү министрлигинин материалдык-техникалык базасы жок. Финансы министрлигинде түзүлгөн "Инфоком" ишканасын республикалык деңгээлге чыгардык деп коюп эле жумуш такыр жүрбөй жатат. Азыр жаңы финансылык технология өнүгүүдө. Бардык ресурсту бир жерге топтоп, "Альфа Телеком", "Кыргыз телеком", "Кыргыз почтасы", "Евразия сактык банкы" биргеликте иштеп, "Дастандын" базасында дата-борбор түзөлү деп жатабыз. Биз Санариптик өнүктүрүү министрлиги иштей баштасын деп материалдык-техникалык базасын чыңдайбыз", - деди Жапаров.

Башкача айтканда, өкмөт төрт ишкананын базасында Казакстанда популярдуу Kaspi Bank сыяктуу финтех долбоорду ишке ашырууну көздөй турганын айтууда.

"Ширшовдун схемасы" башталдыбы?

Министрлер кабинетинин соңку чечими коомчулукта таптакыр башка өңүттө кабыл алынып, чочулоо жаратууда. Бул маалымат жарыяланары менен бир катар саясатчы, активисттер коррупцияга шек саналып, бирок үй камакка чыгарылган Алексей Ширшовду эстешти.

Анткени мурдагы бийликтер учурунда "коррупциялык схемалардын" түзүүчүсү аталып келген Ширшов Кыргызстанда экени ушул аптада белгилүү болгон. Буга кошумча эл аралык издөөдө экени айтылып келген Ширшовдун соттуулугу жоюлганы расмий кабарланган.

Буга чейин санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Иманов менен Ширшовдун байланышы кызуу талкуу жаратып келген. Бир катар саясатчылар Имановду "Ширшовдун көздөй адамы" деп атап келет.

Талантбек Иманов да артынан көп сөз ээрчиген Ширшов менен байланышта экенин "Азаттыкка" ырастаган.

“Алексей Ширшовго жолугуп эле жүрөм. Жашыра турган эч нерсе жок. Эмне кызматташтык болмок эле, 12 жыл өттү".

Ушундай жагдайда кирешелүү төрт ишкананын Мүлк фондунан Санарип министрлигине өткөрүлүшүн жаңы коррупциялык схема деп чочулап жаткандар бар. Алардын бири Жогорку Кеңештин экс-депутаты, саясатчы Кубанычбек Кадыров:

"Менин пикиримде, бул схемалардын баарын Ширшов түзүшү мүмкүн. Биринчиден, Ширшов былтыртан бери эле Кыргызстандын аймагында жүргөн. Муну далилдеген жагдайлар көп. Экинчиден, ушул сыяктуу ар кыл схемаларды бул адам Акаев, Бакиевдин заманында түзгөнү боюнча маалыматтар бар. Үчүнчүдөн, Ширшов менен санарип министри Имановдун байланышы боюнча сөздөр көп. Иманов бир кезде анын айдоочусу, жан сакчысы болгон. Бир тууган кайниси деген да маалыматтар бар. Дал ушундай байланышы бар адам жетектеген министрликке акчалуу, кирешелүү ишканаларды өткөрүп алганы эле түшүнүктүү болуп жатпайбы. Ошондуктан, бийлик өкүлдөрү буга көңүл буруп, тиешелүү жыйынтык чыгарышы керек",-деди.

Өкмөттүн соңку чечиминен шек санаган Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов Твиттердеги баракчасына "Ширшовдун схемасы башталды" деп жазды.


Бирок Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров акыркы долбоорду Алексей Ширшовдун схемасы деген сындарды четке кагууда. Анын айтымында, аталган долбоорду өкмөт көптөн бери пландап жүргөн.

"Биз муну мурдатан эле даярдап келе жатканбыз. Биздин өкмөттүн өнүгүү программасында бар. Кимдир бирөөнүн схемасы дегенди ошол айтып жаткан адамдардан тактабасак, мен билбейт экем. Кандай схема болушу мүмкүн? Мурда айтса болот эле, азыркы санариптик доордо баары ачык көрүнүп турбайбы".

Алексей Ширшовдун чуусу басылбай жаткан чакта өкмөттүн соңку чечими бул жаңжалды күчөткөндөй болду. Учурда бул күмөндүү суроолорду жокко чыгаруу Министрлер кабинети жарыялаган долбоорлор канчалык ийгиликтүү иштеп кеткенине көз каранды экенин адистер белгилешет.

Акылбек Жапаров айтып жаткан финансылык технологиялар же Финтех деп азыркы тапта банктарга атаандаш болгон технология жана инновацияларды колдонгон ишканалар аталат.

Экономика министринин мурдагы орун басары Элдар Абакиров мамлекеттик органдардын мындай долбоорду ишке ашырарын күмөн санайт.

"Казакстанда ийгиликтүү болуп жаткан "Каспи Банк" ишке ашырган долбоорду мамлекеттик банктар ийгиликтүү жүргүзө алган жок. Ошол сыяктуу эле Кыргызстанда деле алдыңкы технология колдонулган нерсени мамлекеттик ишкана жүзөгө ашырарына көзүм жетпейт. Негизи инновациянын баары жеке бизнес ишке ашырып келе жатканын көрүп жатпайбызбы".

“Коомдо түкшүмөл ойлор жөн жерден жаралган жок”

Коррупция жана саясат маселелеринде талдоочу Эркайым Мамбеталиева ушул темада “Азаттыкка” ой бөлүштү.

Эркайым Мамбеталиева.
Эркайым Мамбеталиева.

- Министрлер кабинетинин төрагасы "Кыргыз телеком", "Альфа Телеком", "Дастан" заводу жана "Евразия сактык банкы" сыяктуу мамлекеттик ишканалар материалдык-техникалык базасын чыңдоо үчүн Санариптик өнүктүрүү министрлигине өткөрүлгөнүн айтты. Бул туура кадам болдубу же башка варианттар да бар беле?

- Муну толук анализдеп карап көргөн жокмун. Бирок кандай болгон учурда да чечим кабыл алардын алдында функционалдык анализ жүргүзүлүшү керек болчу. "Эмнеге мындай зарылчылык болду, кандай тобокелдиктери бар?" деп талдоого алынышы зарыл эле. Бул жерде көптөгөн суроолор бар. Кызыкчылыктар кагылышы бар экенине карабай ишканалар эмнеге ал министрликке өткөрүлүп жатат деген суроолор коомчулукта жөн жерден туулган жок.

- Ширшовдун бул долбоор менен байланышы бар деп ойлойсузбу? Бийлик "бул Алексей Ширшовдун схемасы" деген сындарды четке кагып, өкмөт көптөн бери пландап келе жатканын билдирди. "Эмнеге буга чейин долбоор тууралуу такыр сөз болгон эмес" деген суроолор бар.

- Элде канчалык көп суроо жаралса да бийлик өз чечимин кабыл алып, андан ары ишке ашырган учурлар көп эле болуп келет. Мисалы, Министрлер кабинети түзүлгөндө да “кайсы структурага ким баш иет, кандай иштейт?” деген суроолор жаралган. Анын баары эми акырындап ачыкка чыгып жатат. Мунун баары Ширшовдун өлкөгө келип, ал тууралуу маалыматтар тараган учурга туш келгени коомду ар түркүн ойлорго жетеледи. Эл берген суроолор туура. Бирок аны жөн эле сөз түрүндө четке какпай, түшүнүктүү кылып чечмелөө зарыл. Азыркы жагдайда ачык-айкындуулук бузулуп жатканы көрүнүп турат.

- Кыргызстандын азыркы бийлиги “Бакиевдерге байланыштуу кылмыштарды акырындап жаап салышы мүмкүн” деген божомолдорду угуп жүрөбүз. Бул канчалык реалдуу?

- Бул реалдуу болушу толук мүмкүн. Ушул эле Ширшовдун окуясын алып көрөлү. Президент ага кылмыш иши козголбогонун айтты, бирок маалымат каражаттары козголгон кылмыш иштери жөнүндө толук жазып чыкты. Бийлик айткандай, кылмыш иши козголгон эмес болсо, анда эмнеге кармалды, эмнеге бат эле бошотулду деген суроолордун жаралышына жетиштүү себептер болуп жатат.

Санарип министрлигине өткөн ишканалар тарыхы

Өкмөт Мүлк фондунан Санарип министрлигине өткөргөн мамлекеттик ишканалардын чоо-жайы кандай?

"Дастан" заводу - Советтер Союзунун убагында түптөлүп, азыркы кезге чейин иштеп жаткан өлкөдөгү бирден бир завод. Ал аскердик, өнөр-жай, техникалык багыттагы жабдыктарды өндүрөт. Алардын ичинде "Шквал" аттуу торпеда да чыгарылат. "Дастан" заводун 2010-жылдагы Апрель ыңкылабына чейин Алексей Ширшов жетектесе, былтырга чейин Талантбек Иманов жетектеп келген. Дал ушул Алексей Ширшов жетектеп турганда заводду менчиктештирүү аракети болуп, Апрель ыңкылабынан кийин үзгүлтүккө учураган.

Өкмөттүн 2022-жылга чейин мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү боюнча программасына ылайык, "Дастан" заводунун 48% акциясы сатыкка чыгарылышы мүмкүн экени жазылган.


"Мегаком" деген товардык белги менен таанылган компания телекоммуниация тармагындагы ири ишкана. Ал 2009-жылы түзүлгөн. Ал учурда мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевге жакын адамдар ээлик кылары айтылып келген. 2010-жылдагы Апрель ыңкылабынан соң Убактылуу өкмөт аталган компаниянын 49 пайызын улутташтырган. 2014-жылы компания толук бойдон мамлекеттин карамагына өткөн. Андан бери өкмөт компанияны бир нече жолу сатыкка чыгарып, бирок аны сатып алууну каалаган кардар чыккан эмес. "Альфа Телеком" учурда мамлекетке караштуу эң кирешелүү ишканалардын бири.

"Кыргыз телеком" - ачык акционердик коому байланыш тармагындагы мамлекеттик ишкана. Ал өлкөдөгү телекөрсөтүү, телефондук байланыш, интернет, маалыматтык коммуникация тармагында кызмат көрсөтөт. "Кыргыз телекомду" 2010-жылга чейинки бийлик сатууга аракет кылып, Апрель ыңкылабынан кийин аукцион четке кагылган эле.

Евразия сактык банкы - 1997-жылы түзүлгөн. Алгач Кыргызкредит банк деген аталыш менен белгилүү болгон банк 2016-жылы аталышын өзгөрткөн. Банктын уставдык капиталы 300 миллион сомду түзөт. Евразия сактык банкынын 76 пайыз акциясы мамлекетке караштуу.

XS
SM
MD
LG