Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:57

Кеткен келинин күткөн эне...


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бала кезде баштан өткөн окуялар өмүр бою эсте калат. Сынган буюмду бүтөсө болор, талкаланган тагдыр кантет? Айнагүл Базарбаеванын “Кадакчы” аңгемеси мына ушул адам тагдыры менен унутулган өнөрдүн жипсиз байланышына арналган.

Бел аюу

Шаардан алыс, бир калыптагы жашоо-турмушун кечирип жаткан бул айылга да кээде жаңылык баш багып калат. Бир күнү эле булардын айылына карыган аюусун жетелеген киши келатыптыр. Байкуш аюусу араң эле кадам таштап басат, ээси аны эркине коюп, түлөгөн тайлактай болгон майпарга жер көрсөтүп сейилдетип келгендей жай кадам таштайт. Аюу карыса деле жырткыч, ээси кубатынан тайып калган жырткычты булардын кошунасынын эчки короосуна байлап коюп, үй ээси менен келди-кетти сөздөргө кирчү. Андайда айылга той түшүп калат го, канткен менен бул жерде чоң жаңылык.

“Аюуну көргөнү алыс-жакындан чууруп, чуркап балдар, кемпир-кесектер келчү. Келиндер, орто жаш аялдар тартынчу беле, же расмиси ошондой беле, белдерин таянган кемпирлер гана ага бел-жонун тебелетип, ошол күнү кошунабыздын үйүндө зоопарк же цирк келгенсип, топураган балдар жар башына үймөлөктөп, короону айланчыктап, чаң ызгытып жүрчүбүз. Кемпирлерди тебелеген аюунун мойнундагы каргысынан ээси бекем кармап, башкарып турчу. Айтор күркүрөгөн аюунун тиштерин көрүүгө кызыккан биз, анын азуулуу тиштерин көрө албай убара элек. Аюу ээсинин жетегине көнүп көмкөрөсүнөн жаткан кемпирлердин жонуна буттарын жай гана коюп, денесин кыймылдата, ары-бери сенделгенде ээси кайра тартып алып, экинчи кемпирдин жонун тебелегенге өтчү. Коркпогон кемпирлер экен да. Энем болсо кемпирлердин бул кылыктарын жактырбай, “кыларга иши жок айымпашалар бара берсин” деп, кыртышы сүйбөй, кер какшык сүйлөп, өз ишин кыла берчү”.

Кайсы жерде кемпирлер аюуга белин тебелетет экен? Чанда бир келчү жаңылыкка кызыкпаган киши жоктур. Энесинин болсо андай иштерге чолосу тийчү эмес. Керелден кечке сырты көө кара казандын жанында күймөлүп, колун караган балдарына бирдеме бышыруу менен алек.

Жети уул, бир кызын чоңойткону аз келгенсип бири чоң, экинчиси кичине неберелеринин түйшүгү да чоң энесинин мойнунда. Балдардын апалары, аталары кечке колхоздун жумушунда, жайы-кышы тынымы жок турмуш бир нугунда айланып турчу. Карыган аюусун жетелеген киши кайдан келерин, эмнеге келерин билбей калды. Энеси барса кошунасыныкына келген аюучунун ким экенин билип бермек. Бирок, айылга жаңылык алып келчү экинчи кишинин ким экенин угуп калды, азыноолак билип калды.

Аюу жетелеген кишинин айылга келиши жаңылык болчу, анын кабары угулганда эле айылдын балдары топурап чуркап, бейтааныш адамдын жанына жакын барбай, бирок жаңылыкты элге кабарлашчу. Антсе да аюу жетелеген киши дайым эле келе берчү эмес.

Кадакчы

Айылдыктарга кадакчынын келиши чоң жаңылык болчу. Мурда үйдөгү идиш-аяк аз эле. Жамандык-жакшылыкта үй-үйдөн идиш-аяк жыйноонун эрөөн-терөөнү жок кез. Ошондон үйдөгү ар бир буюмдун эсеби турчу. Саргыч кабын көтөрүнүп сылтый баскан кадакчынын кабарын укканда аялдар даярдап койгон чайнек, чыныларын көтөрүп жөнөп калышчу. Кадакчынын келгенин кабарлачу кишиге ал күнү иш табылып, айылдын чет-бучкагындагы үйлөргө чейин кабарлап, кыйладан бери бүтпөй жаткан маанилүү иштер аягына чыккандай, билинбей ал күнү өзүнчө эле майрам болуп кетчү. Сынып калган аздек буюмуң жамалып-жаскалып атса сүйүнөт экенсиң да.

“Энемдин айтуусу боюнча бир жолу ошол кадакчы менен аюу жетелеген киши айылга бир маалда келип калыптыр. Кадакчы да аюунун оюнуна кызыгып кеткенби, өрүктүн шагына жарака, сынык идиш-аяк салынган мүшөгүн иле коюп,аюуну аңкайып карап калыптыр. Бир маалда аюу майпаңдап келип, мүшөктү тумшугу менен түртүп түшүрүп, калдыратып ары-бери сүйрөп, ээси мүшөктү талашып-тартышып аюудан алгычакты кадакчынын эсин эки кылыптыр. Аюу ээси да, кадакчы да элдин алдында жүда осол болгонун, элден кечирим сурап, кадакчы мүшөгүнун оозун ачпай, устаканасына алып жөнөп кетиптир. Ошондо энем кадакчыга бир чайнегин берген экен. Кайра чайнеги кайтып келбептир. Кадакчы чайнек чоргоосу кадоого келбей калганын айтып, кечирим сурап аябай кейиптир. Анын кейигени мейличи, энем ошол чайнегин эстеп, ушул күнгө чейин наалып калат”.

Турмуш-тиричиликке букта энеси сынып калган чайнек менен пиаланын сыныктарынын бирин калтырбай жыйнап, тери чаначына салып койчу. Мунусу кадакчы келсе берчүсү. Айылдагылардын баары ошентип кадакчыны күтүшчү.
Бир жолу агасы “гүлдүү бөйрөгү бөлтөйгөн чоң чайнек, атлес көйнөктүн гүлдөрүндөй кыйма-чийме жасалгаланган кооз кесени кадакчыга” карматса ушуну койбойсузбу, эне, жаңысын деле сатып алабыз десе “шүйкүмүң өчкүр, сен эмнени билесиң” деп кагып койгон. Энесинин айтуусунда, бу барктуу чайнекти агасы сындырбаганда дагы кыйлага колдонушмак. Кымбатбаа буюмду ага атасы сатып алып берген экен. Соодагерлер булардын үйүндө өргүп, алардан ушул чайнекти алтын теңгеге сатып алып аялуу буюмду жакшы көргөн кызына белек кылып атпайбы. Ошол чайнек кызына кызмат кылып, эми кемпирдин аялуу буюму болуп калган экен.

Жеңем

Эненин таберик буюмунун барк-баасын баласы кайдан билсин, ачуу үстүндө аялы менен урушуп ачуусун чайнектен чыгарып аны эки бөлүп атпайбы. Кыялы чукул агасы анан жаркылдаган жакшы аялын кетирип, чал-кемпирди мөгдөтпөдүбү.

“Жеңем бир кызын алып, экөөнү энеме калтырып көз жашын көл кылып, үйдөгүлөр менен коштошуп кете берди. Уулунун ажырашуусу энем менен атама мынчалык катуу тиерин кайдан билдик. Энем үч бүктөлүп жатып калды. Бир жума өткөндө өзүнө келбесе да, оор үшкүрүп алып, ордунан туруп, неберелерин карай баштады. Эки сербейген кыз маңдайына келип калганда эле аларды тиктеп, узун жеңинин учу менен көз жашын сүртүп ыйлай берет. Казанга нан жаап жатып да ыйлайт. Анда "Кууруган оттун ысыгы ай, тердеп кеттим” деп, көз жашын аарчыйт. Пиязды көп-көп туурап, чоң казанга шорпо кылат, анда ыйлайт. Басса-турса эле ыйлай берет. Эки сербейген кыздын атын болсо “тирүү жетим”. Аларда эмне күнөө? Чачтарын сербейтип энеме ыктап, энем каякка басса ээрчип алат. Энемдин көз жашы түгөбөдү...”.

Апасынын абалына боору оорудубу же мурдатан тааныштыгы барбы, анысын ким билсин, бир күнү агасы жоолук салынган жаркылдаган кара тору бир келинди ээрчитип келди. Аны көрүп энесинин көз жашы дагы көбөйдү. “Кара чаардай неме экен, кыздарымды уусу менен чагып өлтүрөт” деп жаңы келинди жактырбады. Акыл-эстүү келинимди кетирип, тапканы ушубу деп сөз укпаган уулунун кылыгына күйүп-бышып өзүнөн-өзү жүдөп, кыйнала берди.

Келген кошуна-колоңдорго “өлүп калсам” ушул эки кызыма мунусу эне болот, айла жок, колуман эч нерсе келбейт экен, деп күйгүлтүк тартып жүрдү. Ага караганда атасы кыйла кайраттуу окшойт. Кыздарына “апаңар келет”, түшүмө кирип шамчыракты күйгүзө албай жатып акырында күйгүздү, бул үйдүн өчкөн чырагын жагат, деп кабагы суз неберелерин бооруна кысат.

Чалынын айтканына байбичеси ишенбей, “жообун алып кеткен келин” кайра келмек беле деп суз тартат.

Сербейген эки кыз жаңы келин келгенден кийин үрпөйгөндөн үрпөйүшүп бул үйгө батпай калды. Бул келини да ишке кыйын, жумушту алеки саатта тез бүтүргөн, ачык, жайдары неме экен, акеси менен шыңкылдаша деле эч нерсе болбогондой шайыр-шатман жүрдү. Аны көргөн сайын бечара кемпирдин ыйы күчөйт, сербейген эки кызына боору ооруп, алардын эртеңки тагдырына кабатырланат.

“Бир жолу эки сербейген кыздын кичүүсүн жеңем оё чымчып алыптыр. Ал жер көгөрө түшкөн экен. Энем ошол күнү чагылгандай бир тийди:

- Бул эмнең!- деди келинге. Жеңемдин болсо өңү купкуу.

Көк мелтейдей көгөрүп, энеме бир ооз жооп бербеди. Ошол күнү очогу бар далисте агам менен жеңем күңкүлдөшүп калышты. Күнөөлүү болсо да жеңемдин үнү өктөм чыгат:

- Ырас болуптур, ошо кызыңды баарыңар апасына окшош дей берип, көргөн сайын өзүмдү кармана албай калчу болдум!, – деди жеңем. Бир маалда “тарс” деген үн чыгып, шарактатып бир нерселерди агам тээп жаткандай өңдөндү. Чуркап чыксам, жеңем колундагы жууп турган пахта гүлдүү кызыл чыныларды жерге киргидей эле ыргыткан экен, кабат-кабатынан түшүп бырчаланып, сынып жатыптыр.

- Келесоо!- деп кыйкырды агам. Эртеси көзү көгөргөн жеңем түйүнчөгүн колуна кармап жөнөп калды...”

Жаңы келиндин “ичине из түшө электе” кетип калышына энеси аябай сүйүндү. Бүжүрөгөн эки кызын көргөндө жашын тыя албаган байкуш кемпир ачуу үстүндө үч баласы бар аялына ойлонбой жообун берген акылсыз уулунун жоругуна ичи ачышып, ушунча баланы жалдыратып койбос, кеткен келини кайрылып келер деген илгери үмүттө жүрчү. Колунда калган эки кызы, эмчектен чыга элек кенжеси кусага малынып, тирүүлөй ата-энесинен айрылганына сары зил болуп жүрүшкөнүн ойлогондо отурарга жер таба албай калчу.

“Ээрчиндини бирөө жакшы көрөт дейсиңби, жалынып-жалбарып беттен сүйөт дейсиңби?”.

Энесинин бул суроосуна үйдөгүлөрдүн бир да бирөөсүнүн жообу жок эле. Убакыт болсо өтө берди. Чоң энесинин колунда калган сербейген эки кыз бой тартып, чоңоюп калышты. Арык, жалтак, көздөрү муңайым. Байкуш кемпир-чалдын тапканына каниет кылып, жамаачы-жыртык кийип, башкалардын жарашыктуу кийингенин көрсө өзүнөн-өзү жүдөп жүрүштү. Кыздарынын абалына чындап күйгөн энеси гана болду. Ошондой кунарсыз күндөрдүн биринде агасы кетирген аялы кийинки күйөөсү менен ажырашып, атасынын үйүндө отуруп калганын айтып келди. Жаңы кабарга ишенер-ишенбесин билбеген эне күчүн дагыле ыйдан чыгарат.

Балдарды мусапыр кылып, айдай келинди кетирген уулун кантип урушарын билбей солуктайт. “Кыздарын ойлосо, кайра келер, бечара. Мен кадакчы боло албайт экенмин, кадакчы болууга жүрөгүм да түтпөйт экен... Бул үйдүн өз кадакчысы келсин” деп, көзүндө үмүт оту жангандай болду.

Ошентип отурушканда айылга кадакчы келгени кабарланды. Андагыдай энеси эч качан сүйүнбөгөндүр. Кадакчыны төргө отургузуп, ал-жайын сурап көңүлү өрөпкүп турду. Бу кадакчы жер көчкүгө үй-бүлөсүн алдырып, үйлөнүп кайра балалуу болгонго өмүр кечи кирип, ошондон айласыз кадакчы болуп айыл кыдырып, эл кыдырып калганын айтып берди.

Үйдөгүлөр баарысы өз ойлору менен отуруп калышты. Эне бой тартып бараткан эки кызын, апасынын колунда калган кенжесин, эмне иш кылганына эчен жыл өткөндөн кийин да башы жетпеген уулун карап жашоо-турмуштун ушунчалык жөнөкөйлүгүнө, ошончолук татаалдыгына, мерездигине тен берип ыйдан чарчаган тунарган көзүн ирмегилеп жаркылдаган келини кирип келчүдөй сыртты үмүттүү карап турду. Сынган тагдыр бүтөлөр бекен?

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG