23-24-октябрда жыйырмадан ашуун оппозициялык маанайдагы саясатчылар, укук коргоочулар, активисттер жана блогерлер Кемпир-Абад ишине байланыштуу жапырт кармалган.
2110-ноябрда Кемпир-Абад маселесине байланыштуу кармалган активист Эрлан Бекчоро уулун да камакта калтырды. Биринчи май райондук соту аны 20-декабрга чейин камакка алган.
22Чыңгыз Капаров (солдон биринчи), Кеңешбек Дүйшөбаев (ортодо) жана Марат Баязов (солдо). Чыңгыз Капаров - "Бүткүл жаштар" партиясынын лидери. 2021-жылы парламенттик шайлоого бир мандаттуу №3 Нарын округунан катышкан. 23-октябрда "Массалык башаламандык уюштуруу" беренеси менен шек саналып, кармалган.
2311-ноябрда сот Айданбек Акматов боюнча мурдагы инстанциянын чечимин күчүндө калтырды. Журналист бөгөт чарасын карап жаткан судьяларга кайрылып, Конституция бузулуп жатканын белгиледи.
"Бизди соттой турган болсоңуздар Конституцияга чогулганга, сүйлөшкөнгө, талкуулаганга болбойт деп жазып коюңуздар. Ошондон кийин соттой бериңиздер", - деди Акматов сот залында.
Сот жүрүп жаткан маалда журналисттин тарапташтары аны бошотуу талабы менен акция өткөрүштү.
24Саясатчы Жеңиш Молдокматовдун бөгөт чарасы да өзгөргөн жок.
25Бишкек шаардык сотунун имаратынын астында милиция кызматкерлери күзөттө турушууда.
26Активистердин сот отуруму өтүп жаткан сот залы.
Кармалып, ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыккан Талант Эшалиев шаардык сотко апелляциялык арыз жазган эмес. Ал эми Чыңгыз Капаров, Азимбек Бекназаров, Канат Исаев, Орозайым Нарматова жана Ильгиз Шаменовдун соттук иштери качан өтөрү тууралуу маалымат ачыктала элек.
"Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan
“Азаттыктын” Бишкектеги фотокабарчысы жана спорт журналисти. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.