23-24-октябрда жыйырмадан ашуун оппозициялык маанайдагы саясатчылар, укук коргоочулар, активисттер жана блогерлер Кемпир-Абад ишине байланыштуу жапырт кармалган.
1Бишкек шаардык соту жана Биринчи май райондук соту үч күндөн бери 23-24-октябрда кармалган жыйырмадан ашуун саясатчы, активист жана журналисттердин бөгөт чарасын карап, көбүнүн чечимин өзгөртүүсүз калтырды.
2Сот отурумдары ачык өтүп, анын жүрүшүнө журнаисттер көз салууда.
323-24-октябрда жапырт кармалгандардын арасында Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы мүчөсү, 63 жаштагы Гүлнара Журабаева да бар. 9-ноябрда Бишкек шаардык соту анын бөгөт чарасын биринчи карап, эки айга камакка алуу тууралуу Биринчи май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды.
4Бишкек шаардык соту 10-ноябрда Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулованын “кармалышы мыйзамдуу болгон” деген тыянак чыгарды жана мурдагы инстанциянын чечимин күчүндө калтырды.
5Бишкек шаардык сотунун имараты.
6Кемпир-Абад иши боюнча кармалган блогер Атай Бейшенбек сот залында президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдоду.
"Мен тараптан бир дагы чакырык болгон эмес. Мен керек болсо айып коюлуп жаткан комитетте мүчө эмес болуп жатсам, кафедеги чогулушка барбасам деле мага башаламандык уюштуруу айыбын коюп жатат. Урматтуу Садыр Нургожоевич (Жапаров - ред.) эсиңиздерде болсо керек, башаламандыктын коюлган айыбы кандай болуп чечилгени. Биздин дагы ишти окуп коюңуздар".
7Активист Али Шабдандын бөгөт чарасын караган шаардык сот, райондук соттун чечимин күчүндө калтырды.
8Бишкек шаардык соту массалык башаламандык уюштурууга айыпталып эки айга камалган саясатчы Равшан Жээнбековдун апелляциялык арызын канааттандырган жок, Биринчи май райондук сотунун аны эки айга абакта кармоо чечимин күчүндө калтырды.
Равшан Жээнбеков сотто сүйлөп жатып "Менин денемди камашыңар мүмкүн. Бирок менин ой пикиримди, саясий көз карашымды камай албайсыңар" деди.
9Бишкек шаардык соту бүгүн, 11-ноябрда массалык башаламандык уюштурууга шек саналып эки айга камалган Нурлан Асанбековдун бөгөт чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарды. "Азаттыктын" кабарчысынын айтымында, ага сот залынан "Тез жардам" чакыртылды. Нурлан Асанбеков сотто саясатка тиешеси жоктугун, Равшан Жээнбековдун үйүн ремонт кылып иштегенин, карыган апасын, эки кызын жалгыз багарын, бир кызы оорукчан экенин айтты. Камакка алынганга байланыштуу эсеби жабылы, жакындары кыйналып жатканын белгиледи.
10Буга чейин Биринчи май райондук сотундагы көрүнүщ.
11 "Жапырт башаламандык уюштурууга даярданды" деген шек менен камалган "Ата Мекен" партиясынын мүчөсү, активист Перизат Суранова да камакта калды.
12Жараян жүрүп жатканда Бишкек шаардык сотунун имаратынын алдында камалгандарды колдогон митинг акциялар байма-бай өтүп жатат.
1310-ноябрда Улукбек Маматаевдин бөгөт чарасы тууралуу чечим күчүндө калды.
14Жарандык активист Рита Карасартованын да бөгөт чарасын өзгөргөн жок. Карасартова күн сайын текшерүүдөн өтүп жатканын айтты.
Жарандык активист "башаламандык уюштуруу" боюнча тагылып жаткан айыптарга макул эместигин "Азаттыктын" кабарчысынын суроосуна жооп берип жатып билдирди:
"Кыпындай да күнөөм жок. Биздин аракетибиздин баары мыйзам чегинде. Кыймыл-аракетимде эч кандай мыйзамсыздык жок. Кемпир-Абад тууралуу элге туура эмес маалыматтар жетип жатат. Кемпир-Абад Кыргызстандын жери!".
15Бишкек шаардык соту ага чейин Рита Карасартова менен Асия Сасыкбаеванын кармалышын да мыйзамдуу деп тапты.
10-ноябрда Жогорку Кеңештин 20 чакты депутаты президент Садыр Жапаровго кайрылып, Кемпир-Абад иши боюнча камалган аялдарды бошотууну өтүнүштү.
16Бектур Асанов Бишкек шаар сотунда. 10-ноябрь, 2022-жыл. Анын апелляциялык арызы канааттандырылган жок.
17Айбек Бузурманкуловго чыккан райондук соттун чечими күчүндө калганы белгилүү болду. Буга чейин ал Биринчи май райондук сотунун чечими менен Бишкектеги №1 тергөө абагына 20-декабрга чейин камалган.
18Саясатчы, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Канат Исаевдин жактоочулары 10-ноябрда акцияга чыгышты. Асановдун доо арызы да канааттандырылган жок.
19Акыл Айтбаевдин сот залына алынып келген учуру. Ал да камакта калды.
20Ички иштер министринин мурдагы орун басары Кубанычбек Кадыровдун да бөгөт чарасы өзгөргөн жок.
"Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan
“Азаттыктын” Бишкектеги фотокабарчысы жана спорт журналисти. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.