Президент Садыр Жапаров Кемпир-Абад суу сактагычы жайгашкан (ред: Камчыбек Ташиев 4485 гектар жер экенин айтты) гектар жерди Кыргызстан кийин Өзбекстан менен алмашып алса болорун айтты. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин 17-ноябрдагы жыйынында айтты. Өлкө башчы Кыргызстан Өзбекстан менен баш-аягы 1500 чакырымга жакын чек ара тилкесин тактоо алдында турганын айтып, депутаттарды мыйзам долбоорун ратификациядан өткөрүүдө жоопкерчиликтүү болууга чакырды.
“Макул, суу түгөнүп суу сактагыч кургап кетти дейли. Ордуна теңме-тең башка жерден жер берип алмашып алсак болот. “Айланайын” деп алмашат. Анткени аларга суудан бошогон таш, кум баскан сайдын кереги жок. Ал жерге пахта эге албайсың же шалы эге албайсың. Кыйкыргычтар “Өзбекстанга башка жерден жер берип суунун алдындагы жерди алып бергиле” дешет. Өзбек туугандардын башы жакшы иштейт. Ошондуктан 30-40 жыл алдыга кетишти. Биз болсо дагы деле кыйкырыктан башыбыз чыкпай жүрөбүз. Бүгүн ушундай алмашуу кылалы чек аралаш жерден 4000 га айдоо жерди берели суу кургап кетсе суунун алдындагы жер Өзгөнгө калсын десек “айланайын” деп макул болушат. Анткени суу 100-200 жыл, керек болсо дагы бир нече кылым жатарын билишет алар. Ага чейин бул жерди колдоно берели деп макул болушат. Ошондуктан өзгөндүк туугандар шашпай тургула. Ошол суу астындагы жерди бир, 10 же 100 жылдан кийин алмашып алабыз. Ага чейин өзүбүз иштетип туралы”, - деди Жапаров.
17-ноябрда Бишкек шаардык соту “Кемпир-Абадды коргоо комитетинин” мүчөсү Мамбетжунус Абыловду камакта калтырды. 28-октябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту Абыловдун бөгөт чарасын карап, аны эки айга камакка алган. Шектүүнүн адвокаттары райондук соттун чечимине каршы арызданып, шаардык сот аны четке какты.
Ички иштер министрлиги (ИИМ) ага “массалык башаламандык уюштурууга даярданган” деген шек менен кылмыш ишин козгогон.
Кыргызстанда Кемпир-Абад суу сактагычынын жеринин Өзбекстанга берилишине каршы болгон “Кемпир-Абадды коргоо комитетинин” дээрлик бардык мүчөлөрү - 30га жакын саясатчы, активисттер “массалык башаламандык уюштурууга даярданган” деген шек менен камакта отурат. Алар муну саясий куугунтук катары баалап жатышат.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы (УКМК) Камчыбек Ташиев “Орто-Токой суу сактагычы Өзбекстанга өтүп кетти” деген маалыматтар жалган экенин айтты. Бул тууралуу ал 17-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
“Орто-Токой өтүп кетиптир” деген калп. Анын баары өзүбүздө калды. Биздин жерибиз, биздин плотина”, - деди Камчыбек Ташиев.
Орто-Токой суу сактагычы Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда, кыргыз-өзбек чек ара сызыгынан 13 чакырым ичкери жайгашкан. Маалымат боюнча, Орто-Токой Кыргызстандын 1,5 миң гектар, Өзбекстандын 28 миң гектар жерин сугарат.
Камчыбек Ташиев 2021-жылы суу сактагычтагы суунун 95% Өзбекстан колдонуп жатканын айткан.
Кемпир-Абад суу сактагычынын жээгиндеги сууну коргоо зонасында отурукташкан элди башка жакка көчүрүү же бул зонанын чегин кыскартуу маселеси өкмөт менен бирге талкууланып чечиле турганын бүгүн 17-ноябрда Жогорку Кеңеште кыргыз-өзбек чек арасына байланыштуу маселе талкууланып жатканда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.
Депутат Талант Мамытовдун "900 деген белгиден дагы 500 метр ары жак сууну коргоо зонасына кирет экен. Демек, ошол 500 метр аралык ичинде үйлөр болсо алар көчүрүлүүгө жатабы же жатпайбы?” деген суроосуна жооп берип жатып Ташиев 500 метрлик зона тууралуу аныктаманын Өзбекстанга тиешеси жок экенин, ал Кыргызстандын "Суу ресурстарын башкаруу жөнүндө" мыйзамында жазылганын белгилеп, төмөнкүчө жооп берди:
“Биздин мыйзам боюнча көчүрүүгө жатат. Бирок ушул мыйзам бүгүнкү күнгө чейин сакталбай келди. Азыр Кемпир-Абад боюнча 900гө түшүрөбүзбү, 908де калтырабызбы, бул 500 метрлик аралык тууралуу мыйзам сакталбай келген. Эми мындан ары маселени өкмөт менен чогуу чечсе болот – же сууну коргоо зонасынын 500 метрин азайтабызбы же ошол адамдарды көчүрүп чыгабызбы башка жакка”.
Жыйынга катышып жаткан өкмөт өкүлдөрү 500 метрлик зона тууралуу мыйзамда ал жерге оор курулуштарга, үйлөргө, сууга зыян келтирүүчү курулуштарга уруксат жок экени, жеңил курулуштар Суу департаменти уруксат берсе гана курулары тууралуу жазылганын айтышты.