Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:53
Жогорку Кеңештеги жыйын.
Жогорку Кеңештеги жыйын.

Кыргыз-өзбек чек арасы: ЖК келишимди ратификациялады

Жогорку Кеңеш бүгүн, 17-ноябрдагы жалпы жыйынында кыргыз-өзбек чек арасынын айрым тилкелерин делимитациялоо боюнча келишимди ратификациялоо жөнүндөгү мыйзам долбоорун дароо үч окууда карап, кабыл алды. Документти 64 депутат колдоп, 19у каршы добуш берди. Ошондой эле чек арадагы Кемпир-Абад суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу тууралуу келишим да колдоо тапты.

Процедурага ылайык, мыйзам президент кол койгондон кийин күчүнө кирет.

14:41 15.11.2022

15-ноябрда “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун негиздөөчүсү, укук коргоочу Азиза Абдирасулованы милиция кызматкерлери наркологияга алып кетти. Укук коргоочу бир нече адам менен Жогорку Кеңештин имаратынын алдында турган. Алар эч кандай акция өткөрбөгөнүн, жөн гана отурушканын айтышты.

Милиция Азиза Абдирасулова "ичимдик ичип алганын" билдирип, аны текшерүү үчүн наркологияга алып кетти. Тартип кызматкерлери аны коё берүүнү талап кылган укук коргоочу Сапар Аргымбаевди да кармады.

Азиза Абдирасулова Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын (ШИИБ) 10-бөлүмүнүн башчысы Шумкарбек Сулайманов тарабынан 14-ноябрда, кечинде аңгемелешүүгө чакырылганын жарыялаган. Укук коргоочу анын Фейсбукта жазган билдирүүлөрү боюнча сын айтылганын билдирген.

14:46 15.11.2022

15:16 15.11.2022

17:10 15.11.2022

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети Өзбекстан менен Кыргызстандын чек арасын тактоо жана Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун биргелешип башкаруу тууралуу кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык макулдашуусу жөнүндө мыйзам долбоорун карап баштады.

Документ боюнча Жер ресурстары мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Абдулат Мырзаев баяндама жасап жатат. Жыйын ачык өтүүдө.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG