Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:33
Жогорку Кеңештеги жыйын.
Жогорку Кеңештеги жыйын.

Кыргыз-өзбек чек арасы: ЖК келишимди ратификациялады

Жогорку Кеңеш бүгүн, 17-ноябрдагы жалпы жыйынында кыргыз-өзбек чек арасынын айрым тилкелерин делимитациялоо боюнча келишимди ратификациялоо жөнүндөгү мыйзам долбоорун дароо үч окууда карап, кабыл алды. Документти 64 депутат колдоп, 19у каршы добуш берди. Ошондой эле чек арадагы Кемпир-Абад суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу тууралуу келишим да колдоо тапты.

Процедурага ылайык, мыйзам президент кол койгондон кийин күчүнө кирет.

21:00 16.11.2022
"Жалгыз бир тууганымды алып кетейин деп келдим"
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:46 0:00

13:08 16.11.2022

Бишкек шаардык соту бүгүн 16-ноябрда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, активист Орозайым Нарматованын бөгөт чарасын өзгөртүү тууралуу өтүнүчтү карап, канааттандырган жок. Ошентип, шаардык сот Биринчи Май райондук сотунун Нарматованы эки айга камоо тууралуу чечимин күчүндө калтырды.

Судья соттук отурумду видеого жана сүрөткө тартууга да тыюу салды. Буга Нарматованын жактоочусу каршылыгын айтып, судьяларга ишенбөөчүлүк көрсөткөн, бирок сот адвокаттын мындай өтүнүчүн четке каккан чечимин жарыялады.

12:07 16.11.2022

17:33 15.11.2022

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG