Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:14
Жогорку Кеңештеги жыйын.
Жогорку Кеңештеги жыйын.

Кыргыз-өзбек чек арасы: ЖК келишимди ратификациялады

Жогорку Кеңеш бүгүн, 17-ноябрдагы жалпы жыйынында кыргыз-өзбек чек арасынын айрым тилкелерин делимитациялоо боюнча келишимди ратификациялоо жөнүндөгү мыйзам долбоорун дароо үч окууда карап, кабыл алды. Документти 64 депутат колдоп, 19у каршы добуш берди. Ошондой эле чек арадагы Кемпир-Абад суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу тууралуу келишим да колдоо тапты.

Процедурага ылайык, мыйзам президент кол койгондон кийин күчүнө кирет.

19:24 11.11.2022

"Ата-Мекен" партиясынын мүчөсү, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Асия Сасякбаева камакта калды. Бишкек шаардык соту бүгүн, 11-ноябрда анын бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча доо арызды карап, райондук соттун чечимин күчүндө калтырды.

17:01 11.11.2022

Бишкек шаардык соту бүгүн, 11-ноябрда массалык башаламандык уюштурууга шек саналып эки айга камалган Нурлан Асанбековдун бөгөт чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарды. "Азаттыктын" кабарчысынын айтымында, ага сот залынан "Тез жардам" чакыртылды.

Түшкө чейин соттук коллегия Асанбековдун бөгөт чарасын кароодо ден соолугуна байланыштуу дарыгерден маалымдама алып келүү үчүн танапис жарыялаган. Мунун алдында укук коргоочу Азиза Абдирасулова Асанбековдун ден соолугу начарлаганын айтып, соттон аны үй камагына чыгарууну өтүнгөн. Ал абакта ачкачылык кармоону улантып жаткандыктан соттук отурумга дарыгердин коштоосунда келди.

16:47 11.11.2022

Кемпир-Абад ишине байланыштуу "жапырт башаламандык уюштурууга аракет кылган" деп шектелип эки айга камалган саясатчы Жеңиш Молдокматовдун бөгөт чарасы өзгөргөн жок. Бүгүн, 11-ноябрда Бишкек шаардык соту ага карата Биринчи май райондук соту чыгарган чечимди күчүндө калтырды.

"Замандаш" партиясы менен 2020-жылдагы шайлоого катышкан, кийин “Туран” партиясын түзгөн Жеңиш Молдокматов 23-октябрда "Массалык башаламандык уюштурууга аракет кылуу" беренеси менен шек саналып, кармалган.

16:01 11.11.2022

Массалык башаламандык уюштурууга айыпталып, эки айга камалган Нурланбек Асанбековду үй камагына чыгаруу өтүнүчүн Бишкек шаардык сотунун төрагасы Н.Эсеналиевдин атына укук коргоочу Азиза Абдирасулова жолдоду.

Асанбеков 11 жаштагы кызын, улгайган апасын, майыптыгы бар кичинекей баласын караган жалгыз бой ата экенин, мурда сот жообуна тартылбаганын белгиледи.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG