Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:44
Жогорку Кеңештеги жыйын.
Жогорку Кеңештеги жыйын.

Кыргыз-өзбек чек арасы: ЖК келишимди ратификациялады

Жогорку Кеңеш бүгүн, 17-ноябрдагы жалпы жыйынында кыргыз-өзбек чек арасынын айрым тилкелерин делимитациялоо боюнча келишимди ратификациялоо жөнүндөгү мыйзам долбоорун дароо үч окууда карап, кабыл алды. Документти 64 депутат колдоп, 19у каршы добуш берди. Ошондой эле чек арадагы Кемпир-Абад суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу тууралуу келишим да колдоо тапты.

Процедурага ылайык, мыйзам президент кол койгондон кийин күчүнө кирет.

13:37 10.11.2022

Массалык башаламандык уюштурууга айыпталып эки айга камалган саясатчылар Равшан Жээнбеков менен Бектур Асановдун апелляциялык арызы канааттандырылган жок.

Бишкек шаардык соту бүгүн, 10-ноябрда Жээнбеков менен Асановдун кармалышы мыйзамдуу болгон деп таап, аларды эки айга камоо тууралуу Биринчи май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды.

Сот Рита Карасартова менен Асия Сасыкбаеванын да кармалышын мыйзамдуу деп тапкан.

12:02 10.11.2022

Равшан Жээнбековдун сотто сүйлөгөн сөзү

Равшан Жээнбеков: Менин денемди камашыңар мүмкүн. Бирок менин ой пикиримди, саясий көз карашымды камай албайсыңар. Алар бүт дүйнөнү аралай берет. Мен түрмөдө отурсам да авторитаризм менен жашаган кайсы өлкөнүн президенти болбосун күрөшө берем. Нельсон Мандела түрмө 27 жыл отуруп чыккандан кийин Түштүк Африка өлкөсүн гүлдөгөн өлкөгө айланта алган. Үч жыл деген эмне? Урматтуу, соттор тергөөчү жаңылышы мүмкүн, прокурор жаңылышы мүмкүн. Силер жаңылбашыңар керек. Анткени силер менен кошо үмүт өлөт.

11:51 10.11.2022

Башаламандык уюштурууга айыпталып кармалып, эки айга камалган активист Улукбек Маматаевге карата райондук соттун чечими күчүндө калды. Бул чечимди Бишкек шаардык соту бүгүн, 10-ноябрда чыгарды.

Шаардык сот Маматаевдин кармалышын мыйзамдуу деп тапты.

Бишкек шаардык соту бүгүн, 10-ноябрда Рита Карасартова менен Асия Сасыкбаеванын да кармалышын мыйзамдуу деп тапкан.

Ушул тапта шаардык сотто саясатчылар Равшан Жээнбеков менен Бектур Асановдун кармалышынын мыйзамдуулугу каралып жатат.

11:32 10.11.2022

Саясатчы Равшан Жээнбеков өзүнө карата "саясий куугунтук" болуп жатканын айтты.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG