Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Ноябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:04

Карачиде учак кыйраганда 97 адам өлгөнү тастыкталды


Кыйраган учак. Карачи шаары, Пакистан. 22-май, 2020-жыл.
Кыйраган учак. Карачи шаары, Пакистан. 22-май, 2020-жыл.

Карачи шаарынын бийлиги учактагы 91 жүргүнчүдөн жана экипаждын сегиз мүчөсүнөн эки адам аман калганын маалымдады. Маалыматка ылайык, 22-майда "PK8303" каттамындагы учактын бардык жүргүнчүлөрүнүн аты-жөнү такталып, өлгөндөрдүн сөөгү табылган. Айрым адамдар учак кулап түшкөндөн кийин жан беришкени кабарланды.

Аман калгандардын бири Мухаммад Зубайр GeoTV телеканалына учак бир конуп, кайра көтөрүлгөнүн айтты. Анын сөзүнө караганда, учкуч жүргүнчүлөргө дагы бир жолу конууга аракет кыларын жарыялаган соң, конуу тилкесине жакындаганда кулап түшкөн.

Ички иштер министри Ияз Ахмат Шах учактын кыйрашына техникалык мүчүлүштүк себеп экенин билдирди. Ал эми каттам таандык болгон авиакомпаниянын башкы директору Аршад Махмуд Малик кырсыктын себебин Пакистандын көз карандысыз агенттиги иликтеп жатканын маалымдады.

"PK8303" каттамын аткарган «А320» үлгүсүндөгү учак Карачиге Лахордон учуп келаткан жана коноруна саналуу гана секунддар калганда кулаган.

Кырсык бул өлкө Орозо айт майрамын белгилегени жаткан маалга туш келди. Бул майрамда бир топ жарандар шаардан айыл-апаны көздөй, кыштактардан калааларга тууган-уруктарына жол тартышат.

Пакистан бийлиги мындан бир канча күн мурун коронавирус пандемиясынан улам киргизилген чараларды жумшартып, ички каттамдарга уруксат берген.

XS
SM
MD
LG