Өкмөт жолчулардын түйшүгүн тасмадан билди
16-мартта Бишкектеги Чыңгыз Айтматов атындагы кино үйүндө "Азаттык" радиосунун “Суусамыр: - 40С градустагы жашоо” аттуу даректүү тасмасы көрсөтүлдү. Анда Төө-Ашууда иштеген жолчулардын жашоосу баяндалат.
Иш-чара "Бир дүйнө-Кыргызстан" фестивалынын алкагында уюштурулуп, тасма көрсөтүлгөн соң жолчуларга түзүлгөн шарттар, алардын эмгек укугу талкууланды. Кино үйүнө тасмадагы башкы каармандар, өкмөттүн өкүлдөрү, укук коргоочулар жана студенттер чакырылды.

1
Тасманын авторлору: Айгерим Акылбекова жана Бексултан Абубакир уулу.

2
Даректүү тасма Бишкектеги Чыңгыз Айтматов атындагы кино үйүндө көрсөтүлдү.

3
Ага «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын директору Венера Жуматаева, укук коргоочулар, студенттер катышты.

4
Иш-чара "Бир Дүйнө-Кыргызстан" эл аралык фестивалынын алкагында уюштурулган.

5
Иш-чарага Кусейин Көлбаев атындагы Бишкек автомобиль-жол коллежинин жана Бишкек медициналык коллежинин студенттери да катышты.

6
"Ушундай мыкты тасманы тартып, жолчулардын көйгөйүн коомчулукка алып чыккан журналисттерге рахмат. Бул тасманы биз өз мекемебизде да көрсөтөбүз жана жолдо иштеген кызматкерлерибиздин иштөө шартын жакшыртууга, чечилбей келген көйгөйлөрүн чечип, айлык акысын жогорулатууга аракет кылабыз", - деди Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматынын башчысы Кылычбек Досумбетов.

7
“Суусамыр: -40 градустагы жашоо” деп аталган тасмада деңиз деңгээлинен 3400 метр бийиктикте жайгашкан Төө-Ашуудагы №9 жол тейлөө ишканасында ызгаарлуу суукта эмгектенген жолчулардын жашоосу көрсөтүлөт. Жумушчулардын көбү кышкысын жол кооптуу кезде апталап үй бетин көрбөй, атайын жатаканада түнөшөт. Сөөк какшаткан суукта жол азабын тарткан айдоочулар, жол жээктеп соода кылган ишкерлердин жашоосу баяндалган.

8
Иш-чарага катышкан Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин жана профсоюздун өкүлдөрү жумушчулардын эмгек укуктарына көңүл бурушту.

9
Тасманын каармандары Шамил Намазбеков менен Азамат Аскаров.

10
“Суусамыр: -40 градустагы жашоо” деп аталган тасмасы былтыр 8-декабрда фестивалда көрсөтүлгөн.