Жапонияга кеткен кыргыз эмгек мигранттары тууралуу бизге аталган компаниянын башкы директору Айбек Самаров айтып берди.
"Азаттык": Айбек мырза, биз сүрөттөрдөн көргөндөй, жапон эли кыргызстандыктарды аябай жакшы тосуп алышкан экен, атургай “Кош келиңиздер!” деген жазууларды кармап алышыптыр. Биринчи жолу барып аткан үчүн ушундай чоң көңүл бурулдубу?
Айбек Самаров: Өзүбүз да аябай кубандык, себеби мындай тосуп алат деп күткөн эмес элек. Биздин өнөктөш компаниянын өкүлдөрү, жергиликтүү депутаттар, облустагы белгилүү адамдар келип тосуп алышты. Маалымат каражаттарында кеңири айтылып, ТВ, гезиттери чагылдырышты. Менин оюмча Кыргызстандан биринчи жолу барып аткан үчүн ушундай чоң көңүл бурулду.
Экинчиден, өздөрүндө жумушчу күч жетишпегендиктен Кыргызстандан барган жаштардан чоң үмүт артып атышат. Өкмөт да бизге жардам берди, бардык документтер шыр чечилди дегендей.
Булар Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу жумушчу виза алып, мыйзамдуу түрдө Жапон жергесинде ишке орношту. Алты кишиден турган биринчи топтун бардыгы жапон тилин мыкты билишет. Алар Окинава аймагындагы эң жакшы мейманканаларга, чоң дүкөндөргө ишке киришти.
Окинава аймагы эң чоң туристтик аймактардын бири экен. Жылына алты миллионго жакын турист барат. Ошол себептен алар англис, орус тилин билген жаштар өздөрүндө жетишпегендиктен дал ушундай адистерге муктаж экен. Бизден барган балдар жапон тилинен тышкары, орус жана англис тилдерин да билишет. Ал эми алтоонун бирөө биздин өнөктөш компаниядан барган өкүл - Дастан аттуу кыргыз жигит. Ал биздин жарандар жаңы жерге көнгүчө жанында болуп, жумуш, укук маселелери боюнча жардам берет.
"Азаттык:" Биринчи барган беш кыргызстандык кандай жол менен тандалды, Окинава облусунун бийлиги менен ишке орноштуруу боюнча сүйлөшүүлөр кандай жүрдү? Канча убакыт алды?
Айбек Самаров: Биздин компанияны Ёцухаши Мичинор жана Ито Хиронори деген эки жапон улутунун өкүлү негиздеген. Хиронори Кыргызстанга келген алгачкы жапондордон, ал бул жакта жапон тилинин өнүгүшүнө салым кошкон. Ёцухаши Мичинори болсо Кыргызстанда бизнес ачкан биринчи жапон жараны деп койсок болот.
Беш-алты жыл мурда Кыргызстанда жапон тилин билгендер көп болуп, ал эми жумуш табуу чоң көйгөйлүү маселе болчу. Ал эми Жапонияда болсо эң чоң көйгөй бул жаштардын саны азайып, “карылардын коому” түзүлүп, жумушчу күч жетишпей калган. Компания мына ушундай кыргыз жарандарын Жапонияга ишке орноштуруу максатында ачылган.
Биринчи кеткен топтогулардын бардыгы майда эмес, чоң, белгилүү компанияларга орношту. Маселен, эки кызыбыз дүйнөлүк бренддерди саткан чоң дүкөнгө ишке киришти. Алгач биздин Жапониядагы өнөктөш компания Relationship деп аталган компания ушул жылдын февраль айында Жапониядагы жыйырмадан ашык компанияга биздин жаштардын презентациясын өткөргөн. Кыргызстандан ал жакка жапон тилин билген 25 жараныбыз катышкан. Ошолордун дээрлик 80 пайызы орношту.
Алгачкылардан болуп эмгек визасын алгандар кетти. Эми дагы эки топ бар, алар визасын күтүп атышат. Ошентип презентация өткөн соң, алар кийинки жолу өз алдынча аңгемелешүүгө чакырды. Айрымдар интернет аркылуу өткөрүшсө, бир-эки компаниянын өкүлдөрү Кыргызстанга келип, бул жактан түзмө-түз сүйлөшүүлөр, жолугушуулар болду.
"Азаттык": Эмгек келишиминде бардык шарттар жазылабы? Ал жактагы турак жай, медициналык камсыздоо сыяктуу нерселер камсыздалабы?
Айбек Самаров: Ооба, негизи Жапонияга виза алуу, өзгөчө эмгек визасын алуу аябай кыйын. Жарандарыбыз кете электе эле эмгек келишимдер келген, ал келишимде бардыгы - айлыгы, иш күнү, майда-чүйдөсүнө чейин кеңири жазылган. Ошону окуп чыгып, анан кол коюп, контракт түзүлөт.
Компанияга жараша турак жай, тамак-аш маселелери чечилет. Айрымдар турак жайын таап беришет, бирок ишке кирүүчү ижара акысын өзү төлөйт, айына 200 доллар болушу мүмкүн. Бул Жапония үчүн өтө арзан. Башкалары тамак-ашты арзандатылган купон менен камсыздап беришет. Айтор ушундай жол менен чечилет. Бирок жашоого болгон бардык шарттар түзүлгөн. Биз бул боюнча болгон кепилдикти бере алабыз.
Бир жылдык келишим менен кетишти. Эмгек визасы бир жылга берилген. Бирок эгер өздөрү кааласа ошол жакта ишин улантып кетсе болот, ал үчүн өздөрүн көрсөтүп, жакшы иштеп, эмгек визасын компания аркылуу узартып алуу мүмкүн.
"Азаттык": Жапонияга барып иштейт элем деген жаран эмне кылыш керек? Эң негизги талап кандай?
Айбек Самаров: Биздин эң биринчи талап - бул жапон тилин билиш керек. Биз Жапонияга үч багытта жөнөтөбүз. Биринчиси - бул атайын билими барлар, беш жыл жапон тилин окуп, керек болсо Жапонияга барып келгендер - алар жакшы жумуштарга орношот, айлык акылары да абдан жакшы болот. Маселен, башында саатына сегиз доллар болсо, жарым жылдан кийин 20-40 пайызга чейин көтөрүлөт. Демек биринчи топтогулар - жогорку тажрыбайлуу адистер десек болот.
Экинчи багыт - бул жапон тилин өтө жакшы билбесе да, атайын курстарын бүтүп, анча-мынча түшүнүп, сүйлөй алгандар. Алар барып тейлөө, курулуш тармактарында иштесе болот. 2020-жылы Токиодо Жайкы олимпиадалык оюндар өтөт, ошол себептен азыр курулуш иштери жигердүү жүрүп жатат жана ал жакка адистер көп тартылууда.
Үчүнчү багыт - бул окуу. Каалагандар барып Жапониянын өзүнөн жапон тилин үйрөнүп келсе болот. Ошондуктан Жапонияны көргүсү келгендерге жакшы окугула демекчимин. Себеби Жапонияга барып жергиликтүүлөрдөн жапон тилин үйрөнүп, иштегенди, маданиятын үйрөнүп анан дагы акча таап келсе, бир өзүнө эле эмес, өлкөбүз үчүн да жакшы болмок деп ойлойм.