Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:41
Газа тилкеси. Израилдин соккусунан талкаланган имараттардын ортосунда бараткандар. Ноябрь, 2023-жыл
Газа тилкеси. Израилдин соккусунан талкаланган имараттардын ортосунда бараткандар. Ноябрь, 2023-жыл

Газа: Токтобогон согуш, талкалаган тагдырлар

Газада Израил армиясы менен ХАМАС радикал тобунун (АКШ менен Евробиримдик террордук уюм деп тааныган) ортосунда согуш башталганына 100 күн болду. Расмий Тель-Авив ХАМАС жок кылынмайынча бул согуш уланарын билдирүүдө. БУУ Газада гуманитардык кырдаал курч экенин эскертти.

Израил ХАМАСтын 7-октябрдагы кол салуусунан 1 200 киши набыт болгонун, 240 чакты киши барымтага алынганын, Газа тилкесинде жер операциясы башталгандан бери 100дөн ашуун аскери окко учканын маалымдаган.

Газадагы Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, жөөт армиясынын аскердик операциясынан бери дээрлик 19 миңдей адамдын, негизинен аялдардын жана балдардын өмүрү кыйылды.

12:42 20.10.2023

АКШ президенти Жо Байден бейшембиде Ак үйдөн америкалыктарга кайрылып, "АКШ Украинаны жана Израилди - туш тараптан террористтер менен диктаторлордун чабуулуна кабылган демократияны колдоого милдеттүү", - деп билдирди.

Байден мунун Америка үчүн маанисин чечмелеп берди.

"Анткени террористтер жана диктаторлор келтирген кесепетине жоопкерчилик албай, анысын уланта берет", - деген Байден эки жакын союздаш өлкөнү колдоо жана жардам берүү АКШнын улуттук кызыкчылыгына туура келерин эскертти.

"Террористтер жасаган террору үчүн, диктаторлор баскынчылыгы үчүн жазага тартылбаса хаоско, өлүмгө жана кыйроолорго алып келерин бизге тарых көрсөттү. Алар токтобойт, Америкага жана дүйнөгө коркунуч өсүп баратат", - деп билдирди Жо Байден.

Ал Орусиянын мурдагы президенти Дмитрий Медведевдин жакында эле Эстония, Латвия жана Литваны "Орусиянын Балтикадагы провинциялары" деп айтканын белгиледи.

Байдендин сөзүнө караганда, эгер АКШ Украина менен Израилдеги кырдаалга көңүлкош карасы, бул АКШнын коопсуздугун жана америкалык баалуулуктарды камсыздап турган, дүйнөлүк туруктуулук, союздук мамилелер таянып турган америкалык лидерликти коркунучка кептейт. Ал Конгресске Израилге жана Украинага чукул жардам сурап, кайрылганын жарыялады.

Байден өзүнүн Украинадагы согуштун бир жылдыгында Киевге барганын эстеп, "Мен өзүмдү жалгыз сезгеним жок, мен өз алдынчалык үчүн күрөшүп жаткан элге, биз 250 жыл мурда күрөшкөн идеалдар: эркиндик, эгемендикти жана Американын идеясын, үмүтүн алып келгенимди сездим", - деди.

Бул президент Байдендин америкалыктарга Украинаны колдоонун маанисин түшүндүргөн алгачкы кайрылуу болду. Конгрессмендеринин көпчүлүгү Украинаны колдоону кубаттаганы менен, акыркы убактарда Украинага жардам берүү качанга чейин уланат деген суроолор айтыла баштаган.

Америка коомчулугуна жүргүзүлгөн сурамжылоолор да Украинаны колдоо үчүн каражат бөлүүнү кубаттоолор азайганын көрсөтүүдө. АКШ президентинин кайрылуусу мындай маанайга жооп болду.

"Бих ХАМАСтын террористтерине, Путин сыяктуу тирандарга көкөлөөгө жол бербейбиз. Мен буга жол бербейм! Биз өзүбүздүн ким экенибизди унутпашыбыз керек. Биз - Америка Кошмо Штаттарыбыз. Колубуздан келбечү эч нерсе жок", - деп сөзүн бүтүрдү АКШнын президенти Жо Байден.

00:23 21.10.2023

20-октябрга караган түнү Израилдин армиясы - ЦАХАЛ Газаны бомбалап, ХАМАСка тиешелүү делген "жүздөн ашуун жерге сокку урганын" билдирди. Израилдин бийлиги буга чейин "аймактагы элди коопсуз жерге чыгып кеткиле" деп эскерткен.

10:04 21.10.2023

Кыргызстан Израилдеги жана Ливандагы жарандарын бул өлкөлөрдүн аймагынан чыгып кетүүгө чакырды. Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) 20-октябрда жарыяланган маалыматында бул «өтө зарылдык» экени айтылды.

Анда Жакынкы Чыгыштагы туруксуз аскердик-саясий кырдаалга жана конфликттин курчушуна байланыштуу Ливандан чыгып кетүү жана бул аймакка барбай коё туруу керек экени, Израилдеги кыргызстандыктар да өлкөдөн авиакаттам менен чыгып кетиши зарылдыгы белгиленди.

Аймакта кырдаал курчуган алгачкы күндөрү Кыргызстан Израилдеги өз жарандарынын санын тактап жатканы, 90дой адам катталганы жана аларды алып чыгуу аракети көрүлүп жатканы маалымдалган.

7-октябрда ХАМАСтын жоочулары Израилдин аймагына чабуул койгондо 1 миң 400дөй кишини өлтүрүп, дагы бир нечесин барымтага алган. Арасында канча чет өлкөлүк бар экени белгисиз. Израил ошондон бери Газа тилкесин блокадага алып, бомбалап келатат. ХАМАС башкарган Газа секторунун Саламаттык сактоо министрлиги согуш тутангандан бери 3 миң 785 палестиналык каза тапканын, жарадарлар 12 миңдей экенин кабарлады.

11:47 21.10.2023

Bloomberg агенттиги жеке булактарына шилтеме берип, АКШ жана Израил ХАМАС радикал тобу аймактан сүрүп чыгарылса, Газа тилкесинин келечеги кандай болот деген маселени талкуулай баштаганын жазды.

Мүмкүн болгон варианттардын ичине Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) колдоосу жана араб өлкөлөрүнүн катышуусу менен Газада убактылуу өкмөт түзүү сунушу киргизилген. Агенттиктин жеке булагы талкуу эми гана башталганын, анын келечеги Израилдин жердеги чабуулунан көз каранды экенин айткан.

Израилдин бийлиги Газа тилкесин басып албай турганын, бирок ХАМАСты 7-октябрда Израилге жасаган чабуулунан кийин жок кылууну көздөп жатканын бир нече жолу билдирген.

7-октябрда ХАМАСтын жоочулары Израилдин аймагына чабуул койгондо 1400дөй кишини өлтүрүп, дагы бир нечесин барымтага алган. Арасында канча чет өлкөлүк бар экени белгисиз. Израил ошондон бери Газа тилкесин блокадага алып, бомбалап келет. ХАМАС башкарган Газа секторунун Саламаттык сактоо министрлиги согуш тутангандан бери 3785 палестиналык каза тапканын, жарадарлар 12 миңдей экенин кабарлады.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG