Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:15
Газа тилкеси. Израилдин соккусунан талкаланган имараттардын ортосунда бараткандар. Ноябрь, 2023-жыл
Газа тилкеси. Израилдин соккусунан талкаланган имараттардын ортосунда бараткандар. Ноябрь, 2023-жыл

Газа: Токтобогон согуш, талкалаган тагдырлар

Газада Израил армиясы менен ХАМАС радикал тобунун (АКШ менен Евробиримдик террордук уюм деп тааныган) ортосунда согуш башталганына 100 күн болду. Расмий Тель-Авив ХАМАС жок кылынмайынча бул согуш уланарын билдирүүдө. БУУ Газада гуманитардык кырдаал курч экенин эскертти.

Израил ХАМАСтын 7-октябрдагы кол салуусунан 1 200 киши набыт болгонун, 240 чакты киши барымтага алынганын, Газа тилкесинде жер операциясы башталгандан бери 100дөн ашуун аскери окко учканын маалымдаган.

Газадагы Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, жөөт армиясынын аскердик операциясынан бери дээрлик 19 миңдей адамдын, негизинен аялдардын жана балдардын өмүрү кыйылды.

21:30 17.12.2023

16-декабрдын кечинде Тель-Авив шаарында ХАМАС радикал тобу туткунга алган израилдиктерди бошотууну талап кылган акция өттү. Ага миңдеген жарандар катышты.

Аны улай туткундардын жакындары жана аларга тилектештик билдирген ондогон адамдар басма сөз жыйынына чогулуп, Израилдин бийлигин барымтадагыларды бошотуу үчүн ХАМАС менен сүйлөшүүгө чакырышты.

Ноябрь айынын соңундагы ок атышпоо режиминин алкагында хамасчылардын барымтасынан бошотулган Раз Бен Ами туткундарды алмашуу боюнча жаңы макулдашуу зарыл экенин айтты.

"Он күн күн мурда мен министрлер кабинети менен жолугуп, жалынып жалбардым эле. Салгылашуулардын туткундарга зыяны тийип каларын баарыбыз эскерткенбиз. Тилекке каршы, биз туура айткан экенбиз. Мен аман-эсен кутулуп чыктым. Эгер туткундарды бошотуу боюнча макулдашуу бир аптага кечиккен болсо, балким анда мен да бул жерде болмок эмесмин", - деди Раз Бен Ами.

Үч туткундун өлүмү

Ушундай эле акция жума күнү да өткөн. Ага ЦАХАЛдын (Израилдин армиясы) хамасчылар туткунга алган үч израилдикти жаңылыш атып алганы себеп болду.

Бүтүндөй Израилди нес кылган окуя жума күнү Газа шаарынын чыгыш тарабындагы Шежая районунда болгон. ЦАХАЛдын маалыматына ылайык, райондогу имараттардын биринен ич кийимчен жок чыккан үч адамды Израилдин аскерлеринин бири коркунуч деп эсептеп, аларга ок аткан. Армия кийинчерээк билдиргендей, үч адамдын биринин колунда ак түстөгү кездеме байланган таяк болгон.

Газа тилкесиндеги Израилдин аскерлери, 7-декабрь 2023-жыл.
Газа тилкесиндеги Израилдин аскерлери, 7-декабрь 2023-жыл.

Набыт болгондор Кфар-Аза кыштагынан (кибуц) уурдалган Йотам Хаим менен Алон Шамриз, Нир-Ам кибуцунда барымтага алынган 25 жаштагы Самер Талалка экени аныкталды.

"Бул баарыбыз үчүн кайгылуу жана оор окуя. ЦАХАЛ болуп өткөн окуянын баарына жоопкерчилик алат. Биз бул инцидентти дароо иликтей баштадык", - деп билдирди Израил армиясынын басма сөз өкүлү Даниэл Хагари.

Армиянын колунан каза тапкан бул израилдиктер ХАМАСтын туткунунан качып чыкканы же согушкерлер аларды бошотуп жибергени так белгисиз.

24-ноябрдан 1-декабрга чейин созулган ок атышпоо режиминин алкагында ХАМАС радикал тобу 240тай туткундун 100дөн ашуунун, анын ичинде аялдарды, балдарды жана чет өлкөлүк жарандарды бошоткон. Израил болсо ондогон палестиндерди абактан чыгарган.

Хамасчылардын туткунда дале 120дай киши бар экени кабарланып келет. Бирок Израилдин бийлиги алардын бир бөлүгү каза тапканын билдирүүдө.

Газадагы кармаш уланууда

ХАМАС радикал тобу 7-октябрда Израилдин шаар-кыштактарына Газа тараптан миңдеген ракета аткан. Андан кийин согушкерлер Израилдин Газа менен чектеш аймактарына кирип барып, музыкалык фестивал өтүп жаткан жерде жүздөгөн адамды өлтүрүшкөн. Расмий Тель-Авив ХАМАСтын чабуулунан Израил тарапта 1200дөн ашуун киши өлгөнүн маалымдаган.

Израил өлкөдө согуштук абал жарыялап, ХАМАСтын кол салуусуна жооп катары Газа тилкесинде аба чабуулдарын жана бомбалоолорун баштаган. Тынымсыз чабуулдардан Газада миңдеген жайкын тургундардын өмүрү кыйылды.

ХАМАС радикал тобу башкарып келген Газадагы Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 7-октябрдан бери тилкеде 19 миңден ашуун адам мерт болду. Алардын арасында миңдеген өспүрүмдөр бар. Газадагы 2,2 миллиондон ашуун тургундардын дээрлик басымдуу бөлүгү жер которууга аргасыз болду.

Хан-Юнис шаарындагы кырдаал, 16-декабрь 2023-жыл.
Хан-Юнис шаарындагы кырдаал, 16-декабрь 2023-жыл.

Reuters агенттиги жекшемби күнү жарыялаган видеолордон Газа тилкесинин түштүгүндө Израилдин бомбалоолору уланып жатканын көрүүгө болот.

Ишемби күнү Хан-Юнис шаарындагы жайкын тургундар жашаган үч кабаттуу үйгө да ракета тийди.

"Газалык палестин катары мени бутага алып жатышат. Палестиндердин баары бутага айланды. Коопсуздук жер калбай калды. Турак-жайыбызга, элибизге, бак-дарактарга да сокку урулууда. Кудайга шүгүр, балдарым аман калды", - деп билдирди сокку урулган үйдө жашаган Ведад Вади.

Би-Би-Си палестиндердин "Вафа" жаңылыктар агенттигине шилтеме кылып жекшемби күнү жазгандай, Газанын түндүгүндөгү Жабалия качкындар лагериндеги бир нече турак-жай урулган соккудан 35 киши мерт болду.

Согуш уланып жаткандыктан курмандыктар жана жаракат алгандар тууралуу эки тараптан келген маалыматтарды көз карандысыз булактар аркылуу ырастоо мүмкүн эмес.

Ок атышууну токтотуу чакырыктары

Дүйнөнүн булуң-бурчунда Израилди Газадагы чабуулдарын токтотууга чакырган билдирүүлөр утур-утур жарыяланып жатат. 12-декабрда Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясы көпчүлүк добуш менен Газа тилкесиндеги ок атышууну дароо токтотууга үндөгөн резолюцияны кабыл алган. Аны БУУга мүчө 153 мамлекет анын ичинде Кыргызстан, коңшу Казакстан жана Өзбекстан колдогон.

Документке 10 өлкө, анын ичинде Израил, АКШ жана Австрия каршы добуш берсе, Британия, Германия жана Украина баштаган 23 өлкө добуш берүүдөн карманган.

Жекшемби күнү Британия менен Германия да Газада ок атышууну токтотуу боюнча туруктуу макулдашуу зарыл экенин билдиришти. Учурда Израилде жүргөн француз тышкы иштер министри Катрин Колонна да мындай макулдашуу керек экенин айтты.

"Мен жаңы гуманитардык макулдашуунун маанисин кайрадан баса белгилөө үчүн бул жакка келдим. Биз кармашты токтотууну көздөгөн туруктуу макулдашууга кайтышыбыз керек", - деди министр.

Ишемби күнү Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху туткундарды бошотуу боюнча Катар арачылык кылып жаткан жаңы сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын ишарат кылгандай болду. Бирок ал ХАМАСты жеңип чыгуу, Газаны демилитаризациялоо жана туткундарды бошотуу үчүн аскердик операция улана турганын белгиледи.

21:28 17.12.2023

17-декабрдан тарта Израил менен Газа тилкесин байланыштырган Керем Шалом өткөрмө бекети гуманитардык жардам ташыган унаалар үчүн ачылды. Бул тууралуу Израилдин премьер-министринин кеңсеси жекшемби күнү билдирди.

АКШ менен Евробиримдик террордук уюм деп тааныган ХАМАС радикал тобу октябрь айында Израилдин аймагына кол салгандан бери аталган бекет жабык турган.

Расмий Тель-Авив бул бекет гуманитардык жардам үчүн ачыларын 15-декабрда жарыялаган болчу. Ага ылайык, Израил бул бекет аркылуу күн сайын 200 жүк ташуучу унааны өткөрүп турат.

Бириккен Улуттар Уюму Израилдин бул чечимин кубаттаган. Уюмдун маалыматына ылайык, согушка чейин негизинен Керем Шалом бекети аркылуу Газага коммерциялык товарлар ташылып турган. Согуш башталгандан кийин Газанын аймагына Египет менен чектеш Рафах өткөрмө бекети аркылуу чектелүү көлөмдөгү гуманитардык жардам өтө баштаган.

ХАМАС радикал тобу 7-октябрда Израилдин шаар-кыштактарына Газа тараптан миңдеген ракета аткан. Андан кийин согушкерлер Израилдин Газа менен чектеш аймактарына кирип барып, музыкалык фестивал өтүп жаткан жерде жүздөгөн адамды өлтүрүшкөн жана 240тай кишини барымтага алып кетишкен. Расмий Тель-Авив ХАМАСтын чабуулунан Израил тарапта 1200дөн ашуун киши өлгөнүн маалымдаган.

Израил өлкөдө согуштук абал жарыялап, ХАМАСтын кол салуусуна жооп катары Газа тилкесинде аба чабуулдарын жана бомбалоолорун баштаган. Тынымсыз чабуулдардан Газада миңдеген жайкын тургундардын өмүрү кыйылды.

ХАМАС радикал тобу башкарып келген Газадагы Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 7-октябрдан бери тилкеде 19 миңден ашуун адам мерт болду. Алардын арасында миңдеген өспүрүмдөр бар.

Израилдин чабуулдарынан улам Газадагы 2,2 миллиондон ашуун тургундардын дээрлик басымдуу бөлүгү жер которууга аргасыз болду.

24-ноябрдан 1-декабрга чейин созулган ок атышпоо режиминин алкагында хамасчылар 100дөн ашуун туткунду, анын ичинде аялдарды, балдарды жана чет өлкөлүк жарандарды бошоткон. Израил болсо ондогон палестиндерди абактан чыгарган/

14:38 17.12.2023

Израилдин армиясы - ЦАХАЛ Газа тилкесинин түндүгүндөгү Шижаядагы салгылашуу маалында барымтада кармалып келаткан жарандарын жаңылышып өлтүрүп алганын моюнга алды. Набыт болгондор Кфар-Аза айылынан уурдалган Йотам Хаим менен Алон Шамриз, Нир-Амда колго түшүрүлгөн Самер Талалка экени аныкталды.

"Израилдин армиясы бул акыркы бир нече күндөн бери жигердүү согуш жүрүп жаткан аймак экенин белгилейт. Бул окуядан алынган сабак жер-жерлердеги бардык аскерлерге жеткирилди", - деп айтылат билдирүүдө.

Жөөт армиясынын өкүлү Даниэл Хагари барымтадагылар туткундан кантип кутулуп кетиши мүмкүн болгон деген суроого "алар же өздөрү качып чыккан, же болбосо ХАМАС коё берген болушу ыктымал" жеп жооп берди.

Израил каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, окуяны иликтей баштады.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху барымтадагылардын өлүмүн "оор трагедия" деп сыпаттады.

"Ушул оор кечте дагы биз жараларыбызды таңып алып, окуядан сабак алуу менен барымтадагыларды түгөл бойдон, аман-эсен үйлөрүнө кайтарууга көп күч-аракет жумшайбыз," - деди ал.

АКШ президентинин басма сөз катчысы Жон Кирби окуяны "жүрөк ооруткан трагедия" деп атады.

"Бизде [АКШда] бул операция кандай жүрүп, кайгылуу окуя кандай болгону жөнүндө толук маалымат жок. Бирок, албетте, бул эч ким күтпөгөн жыйынтык", - деп кошумчалады Кирби.

15-декабрь күнү кечинде жүздөгөн жөөттөр Тель-Авивдин борборунда акцияга чыгып, Израил армиясынын аскердик штабына барышты. Алар өкмөттү ХАМАС менен барымтадагыларды бошотуу боюнча жаңы келишим түзүүгө чакырышты.

Алар колдоруна "Барымтадагыларды үйлөрүнө алып келгиле!" ,"азыр барымтадагыларды алмашкыла!" деген жазуусу бар плакаттарды кармап турушту.

Октябрда барымтадан бошотулган 85 жаштагы Йохевед Лифшицтин кызы Шарон Би-Би-Сиге үч адамдын өлүмү тууралуу комментарий берип жатып, согушта ката кетерин, бирок ага карабай Израилдин бийлиги туткундагыларды бошотуу үчүн мүмкүн болушунча дипломатиялык аракеттерди көрүшү керектигин айтты. Анын пикиринде, дайыма эле күчкө сала берүү оң жемишин бербеши ыктымал.

Шарондун 83 жаштагы атасы Одед Лифшиц азыркыга чейин дайынсыз болууда. Ал дагы барымтага алынып, Газа тилкесинде белгисиз жерде турат деген божомолдор бар.

21:25 16.12.2023

ЦАХАЛ Газа тилкесиндеги "ХАМАС жашынган" мектептерде рейддерди өткөрүп жатат.

Израилдин армиясы Газанын районундагы эки мектепте рейд жүргүзүүдө. Аскерлердин айтымында, бул мекемелерде ХАМАСтын базалары жайгашкан.

Израилдик аскерлер ХАМАСтын (АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган) бир нече жоочулары өлтүрүлгөнүн кабарлады, мектепте жашынгандары колго түштү.

15-декабрда Хан-Юнис шаарындагы дагы бир мектепке абадан сокку урулган. БУУнун гуманитардык суроолорду координациялоо башкармалыгы ал жерде үй-жайынан ажыраган палестиндер жашынып жатканын билдирген. Соккудан 12 адам каза тапты, ондогону жараат алган.

Израилдик аскерлер өз кезегинде Хан-Юнистин бир катар кварталдарындагы батирлерде рейд жүргөнүн кабарлады, алардын айтымында ХАМАСтын жоочуларынын курал-жарагы жана алар колдонгон көптөгөн туннелдер табылган.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG