Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:30
Газа тилкеси. Израилдин соккусунан талкаланган имараттардын ортосунда бараткандар. Ноябрь, 2023-жыл
Газа тилкеси. Израилдин соккусунан талкаланган имараттардын ортосунда бараткандар. Ноябрь, 2023-жыл

Газа: Токтобогон согуш, талкалаган тагдырлар

Газада Израил армиясы менен ХАМАС радикал тобунун (АКШ менен Евробиримдик террордук уюм деп тааныган) ортосунда согуш башталганына 100 күн болду. Расмий Тель-Авив ХАМАС жок кылынмайынча бул согуш уланарын билдирүүдө. БУУ Газада гуманитардык кырдаал курч экенин эскертти.

Израил ХАМАСтын 7-октябрдагы кол салуусунан 1 200 киши набыт болгонун, 240 чакты киши барымтага алынганын, Газа тилкесинде жер операциясы башталгандан бери 100дөн ашуун аскери окко учканын маалымдаган.

Газадагы Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, жөөт армиясынын аскердик операциясынан бери дээрлик 19 миңдей адамдын, негизинен аялдардын жана балдардын өмүрү кыйылды.

15:34 7.12.2023

Хан-Юнис: ХАМАСтын лидеринин үйүн жөөт аскерлери курчаганы кабарланды

Израилдин өкмөт башчысы Биньямин Нетаньяху жөөт аскерлери ХАМАС (АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган) тобунун лидери Яхья Синвардын үйүн куурчоого алганын 6-декабрдын кечинде билдирди.

"Кечээ кечинде мен биздин күчтөр Газа тилкесиндеги бардык булуң-бурчтарга жете аларын айттым эле. Азыр алар Синвардын үйүн курчап турушат", – деди Нетаньяху. Ал Синвар качып кетиши мүмкүн экенин айтып, аны колго түшүрүүнү убада кылды. Ал эми ЦАХАЛдын маалымат катчысы Даниэл Хагаринин айтымында, Жабалия, Шежай жана Хан-Юнис аймактарында жөөт аскерлери менен хамасчылардын ортосунда айыгышкан кармаштар жүрүүдө.

Абу Ибрагим деген ысым менен дагы таанымал 61 жаштагы Синвар Хан-Юнис шаарында туулган. Ал эки жөөт жоокерин өлтүргөн деген айып менен көп жыл Израил түрмөсүндө отуруп, 2011-жылы туткундарды айырбаштоо жараянынын алкагында бошотулган. Газага кайткандан кийин ХАМАС куралдуу тобун жетектеп баштаган.

Хан-Юнис шаарынын тургундары бомбалоолордон улам Египет менен чек арага жакын жайгашкан Рафах калаасына качууга аргасыз болушту.

16:25 6.12.2023

6-декабрда израилдик аскерлер Газанын түштүгүндөгү Хан-Юнис шаарын курчоого алышты. АКШ жана Еврошаркетте террордук деп таанылган ХАМАС радикал тобуна каршы согуштун алкагында ЦАХАЛ палестиналык анклавдын түштүгүндөгү операциясын күчөткөн.

Франс-Пресс (АФП) агенттиги аскерлер хамасчылар менен шаардын көчөлөрүндө, имараттарда кармашып жатканын жазып, израилдик кол башчыга шилтеме менен бул азыркы уруштагы эң курч салгылаш болуп калганын кошумчалады.

Газанын түндүгүндөгү дээрлик бардык райондордо турак жайлар, башка имараттар талкаланып, 2 миллионго жакын киши үйлөрүн таштап, бозгунга айланды.

АФП күбөлөргө таянып, израилдик танктар, БТРлер жана бульдозерлер шейшембиде эле Хан-Юнистин жанында байкалганын, уруш качкындарды кайрадан башкалка издөөгө түрткөнүн маалымдады.

Израилдин армиясы ХАМАС радикал тобунун түндүк Газадагы таяныч пункттарын көзөмөлгө алганын, эми согушкерлердин түштүктөгү жайларына каршы күрөшуп жатканын билдирди. "Индонезиянын ооруканасынын" жанында уюмдун бир нече кол башчысы жок кылынганы маалымдалды.

Ал эми ХАМАС башкарган тилкенин Саламаттык сактоо министрлиги Нусейрат качкындар лагерине урулган соккудан алты киши каза болгону, 14ү жараланганын билдирди.

Израил буга чейин анклавдын тургундарына түштүк аймактарга чыгып кетүү көрсөтмөсүн бергенде көбү Хан-Юниске качкан. БУУнун Палестиналык качкындар боюнча агенттигинин жетекчиси Филипп Лаззарининин айтымында, эми операция кеңейтилип, жайкын эл андан ары жер которууга аргасыз, “дүрбөлөң, коркуу сезими” өкүм сүрүп жатат.

Эл аралык гуманитардык уюмдар элге улам бир аймакка чыгып кетүү буйругунун берилишин айыптап, алардын барар жери калбай калды деп айтышууда.

Израилдин армиясы карапайым палестиналыктардын коопсуздугун камсыздоо чакырыктарына жооп иретинде эвакуация картасын жарыялады. Бирок Улуттар Уюму шейшембидеги билдирүүсүндө, Газанын ичинде коопсуз зона түзүү мүмкүн эмес деп сындады.

Газанын Саламаттык сактоо министрлиги уруш башталган 8 жумада 15 899 палестиналык каза тапканын, 70% аялдар менен балдар экенин билдирди. Согуш маалында бул маалыматты толук ырастоо мүмкүн эмес.

Израил ХАМАС кол салган 7-октябрдан бери 1200дөй киши каза тапканын, 240 чакты киши барымтага алынганын билдирген. Шейшембидеги маалыматка караганда, жерде операция башталгандан бери 79 жөөт аскери набыт болду.

11:01 6.12.2023

Тышкы иштер министрлиги Газа секторунан дагы эки кыргызстандык эвакуацияланганын билдирди. Маалыматка караганда, мекеме аларды алып чыгууну Орусия жана Египеттин дипломатиялык мекемелеринин көмөгү менен ишке ашырган.

4-декабрда жарандарды Газа тилкесинен Каир аркылуу чыгып, Москвага чартердик каттам менен алып келишкен.

Буга чейин 24-ноябрда да эки кыргызстандык Газадан ушул каттам аркылуу алып келинген. Тышкы иштер министрлиги Газадан кетүүнү каалаган мекендештерди эвакуациялоо иштери уланарын билдирген.

Reuters агенттиги 5-декабрда АКШ менен БУУнун тынч тургундарды коргоо чакырыктарына карабай, Израил армиясы Газанын борбордук жана түштүк бөлүктөрүн бомбалоону улантканын жазды. Натыйжада ондогон палестиналык каза тапты, жарадар болду.

Жергиликтүү жашоочулар жана журналисттер Израил элге коопсуз жайга көчүү тууралуу эскерткен райондор да чабуулдарга туш болгонун айтып беришти.

БУУнун маалыматында, согуш башталгандан бери чакан тилкенин 2,2 миллиондон ашуун калкынын 80% өз үйүн таштап, түштүк тарапка агылган.

21:16 5.12.2023

АКШ менен Бириккен Улуттар Уюмунун карапайым тургундарды коргоо чакырыктарына карабай, Израилдин армиясы Газанын түштүк бөлүгүнө абадан сокку урууну улантты. Жыйынтыгында ондогон палестиндер набыт болду. Талдоочулар Хан-Юнисте буга чейин болуп көрбөгөндөй кармаш болорун эскертип жатышат.

Израил армиясы 5-декабрдын таңында Газа тилкесинин түштүгүндөгү Хан-Юнис шаарын бомбалоону улантты. Түнү менен "Тез жардам" автоунаалары ооруканага жараат алгандарды тынбай ташыды. Калаанын госпиталдарында бейтаптардан тышкары миңдеген качкындар баш калкалоого аргасыз. Алардын баары жөөт армиясы анклавдын түндүгүнө сокку ура баштаганда, түштүктү көздөй агылууга мажбур болгон. Согушка чейин 400 миң киши жашаган шаарда учурда миллиондон көп бозгун бар. Алар негизинен Бириккен Улуттар Уюмунун лагерлеринде, мектептерде жана ооруканаларда баш калкалап жатышат. Аймактагы Кызыл жарым ай коому билдиргендей, Газа тилкесинде жашаган эки миллиондон көп адамдын 70% учурда анклавдын түштүгүнө топтолду.

Хан-Юнистеги Нассер ооруканасынын жанында тизилген сөөктөр. 5-декабрь, 2023-жыл.
Хан-Юнистеги Нассер ооруканасынын жанында тизилген сөөктөр. 5-декабрь, 2023-жыл.

Эми жөөт армиясы түштүктө операциясын баштап, карапайым тургундарды ал жактан да чыгып кетүүгө чакырууда.

ЦАХАЛ калаанын чыгыш жана түндүк бөлүктөрүнүн тургундарына алдыда аскердик операция болорун абадан ыргытылган кагаздар, телефон жана социалдык тармактар аркылуу эскертти.

Анткен менен ыктыярчылардын жана эл аралык уюмдардын айтуусунда, учурда тилкеде дээрлик коопсуз жер жок.

“Карапайым тургундар Газада коопсуз жер таба албай жатканына кайдыгер кароого болбойт”, - деди Эл аралык Кызыл Чырым уюмунун президенти Мирьяна Сполярич.

Спутниктен алынган сүрөттөрдөн ЦАХАЛдын аскерлери жана аскердик техникасы Хан-Юниске жакындаганын көрүүгө болот. Жөөт армиясынын жүйөсүнө караганда, аталган калаада ХАМАС (АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган) уюмунун жетекчилиги жашырынып жатышы мүмкүн. Андан тышкары Израил бийлигинин эсебинде, радикал топ барымтага алган адамдар да ошол жакта болушу ыктымал. Бул калаа - радикал уюмдун лидери Яхья Синвардын кичи мекени.

Маалыматтарга караганда, Хан-Юнистин батыш тарабында хамасчылар менен жөөт аскерлери кармашып жатышат.

Хан-Юнис шаарындагы кырдаал. 30-ноябрь, 2023-жыл.
Хан-Юнис шаарындагы кырдаал. 30-ноябрь, 2023-жыл.

Байкоочулардын баасы

Талдоочулардын айтымында, израил күчтөрү Хан-Юнисте түндүккө караганда хамасчылар катуу айбат көрсөтүшү мүмкүн.

“Эгер ХАМАС Хан-Юнисти алдырса, анда алар жок болот. Ырас, кандайдыр бир анклавдарды түзүп алышы мүмкүн. Бирок борбордук бөлүктөрүнөн айрылат”, - деген Улуттук Коопсуздук иликтөө институтунун улук илимий кызматкери Коби Майкл The Wall Street Journal басылмасына курган маегинде.

Израил өкмөтүнүн маалымат катчысы Эйлон Леви 5-декабрда өткөн брифингде билдиргендей, ЦАХАЛ Газа тилкесиндеги ХАМАС уюмуна каршы аскердик операциянын экинчи баскычына киришти. Ал дагы бул жолу салгылаш катуу болушу мүмкүн экенин кошумчалады.

Израил армиясы ХАМАС уюмун жок кылуу максатында Газага чабуулун 7-октябрда баштаган. Буга аталган радикал уюмдун Израилге кол салып, 1200 кишини өлтүрүп, 240тай адамды барымтага алып кеткени түрткү болгон.

Өткөн аптада бир жумага созулган ок атпоо жана туткундарды айырбаштоо боюнча макулдашуудан кийин Израил армиясы операциясын жандантты.

Аймакта гуманитардык кризис күч алып, абал оор экенин Улуттар Уюму улам эскертип жатат.

The Wall Street Journal басылмасы америкалык аткаминерлерге таянып, Израил ХАМАС радикал уюмунун жер алдындагы туннелдерин суу менен каптатып жиберүүнү көздөп жатканын жазды. Маалыматка караганда, Тель-Авив азырынча бул боюнча соңку чечимин кабыл ала элек.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG