Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:22
Газа тилкеси. Израилдин соккусунан талкаланган имараттардын ортосунда бараткандар. Ноябрь, 2023-жыл
Газа тилкеси. Израилдин соккусунан талкаланган имараттардын ортосунда бараткандар. Ноябрь, 2023-жыл

Газа: Токтобогон согуш, талкалаган тагдырлар

Газада Израил армиясы менен ХАМАС радикал тобунун (АКШ менен Евробиримдик террордук уюм деп тааныган) ортосунда согуш башталганына 100 күн болду. Расмий Тель-Авив ХАМАС жок кылынмайынча бул согуш уланарын билдирүүдө. БУУ Газада гуманитардык кырдаал курч экенин эскертти.

Израил ХАМАСтын 7-октябрдагы кол салуусунан 1 200 киши набыт болгонун, 240 чакты киши барымтага алынганын, Газа тилкесинде жер операциясы башталгандан бери 100дөн ашуун аскери окко учканын маалымдаган.

Газадагы Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, жөөт армиясынын аскердик операциясынан бери дээрлик 19 миңдей адамдын, негизинен аялдардын жана балдардын өмүрү кыйылды.

16:57 2.12.2023

Израил менен ХАМАС (АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган топ) радикал тобунун ортосунда ок атышууну токтотуу жана туткундарды айырбаштоо боюнча баш-аягы бир жумага созулган макулдашуудан кийин жанданган согуш аракеттери 2-декабрда уланды.

Франс-пресс агенттиги бомбалоодон улам Газа тилкесин боз чаң каптаганын жазды.

ХАМАС радикал тобу көзөмөл кылган Газадагы Саламаттык сактоо министрлиги 1-декабрдагы аткылоодон 200гө чамалуу киши өлгөнүн маалымдады.

Тараптар ок атышпоону токтотуу келишимин бузганы үчүн бири-бирин айыпташты.

Эл аралык уюмдар жана лидерлер согуштук аракеттердин жанданышын айыпташты.

АКШ ок атышууну дагы токтотуу келишимине жетишүү үчүн аймактагы өнөктөштөрү менен иштеп жатканын билдирди. Өткөн жумадагы баш-аягы бир жумага созулган ок атышпоо келишимине ортомчулук кылган Катар менен Египет аракетин улантып жатканын Франс- пресске билдирген.

Израил менен ХАМАС тобунун ортосунда ок атышууну токтотуу жана туткундарды айырбаштоо боюнча баш-аягы бир жумага созулган макулдашуу мөөнөтү 1-декабрга караган түнү соңуна чыкты.

Макулдашуунун алкагында ХАМАС радикал уюму 80 израилдик аялды жана балдарды, андан тышкары 20 чет элдикти барымтадан бошотту. Чет элдиктердин көбү Израилге убактылуу акча табууга келген таиланддыктар. Аларды барымтадан чыгаруу өз алдынча макулдашуунун алкагында ишке ашты. Израил түрмөлөрүнөн 200дөн көп палестин аялдарды жана өспүрүмдөрдү бошотту.

Бир жума ичинде Газа тилкесине гуманитардык жардам жеткирилди.

19:38 1.12.2023

Израил армиясы Газа секторунда согуштук операцияларын кайра баштаганын расмий түрдө жарыялады. Жети күндүк тыныгуудан кийин Хан-Юнис жана Рафах шаарларына абадан сокку урулду. ХАМАС (АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган) радикл тобу көзөмөлдүк кылган анклавдын саламаттыкты сактоо мекемеси акыркы соккуларда 32 жай тургун набыт болгонун билдирди.

Бириккен Улуттар Уюму аскердик операциянын жанданганына өкүнүчүн билдирди.

"Бизде эмне күнөө"

1-декабрда таңда Израилдин түштүгүндө аба соккусу коркунучун эскерткен сирена жаңырды. Израил армиясы ХАМАС радикал тобун атышпоо режимин бузду деп айыптап, Газа секторунда согуштук аракеттерин кайрадан уланта баштаганын расмий түрдө жарыялады.

Газа тилкесинин Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, жума күнү эртең мененки ракеталык чабуулдан 32 палестиналык набыт болуп, ондогон киши жарат алган. Каза болгондордун дээрлик көбү аялдар жана жаш балдар экени айтылууда.

"Балдарыма тамак берип жаткам. Бир маалда жарылуу болуп, имарат кулай баштады. Бул кандай деген кылмыш? Бизде эмне күнөө? Биз кылмышкер эмеспиз, террорист эмеспиз, биз жөн гана коопсуз жерде жашагыбыз келет", - дейт үйү талкаланган Хан-Юнис шаарынын тургуну Ум Канен.

Израил армиясынын аба чабуулунан Египет менен Газа тилкесинин ортосунда жайгашкан Рафах шаарынын тургундары да жабыркаганы кабарланды.

Бириккен Улуттар Уюму Газа тилкесинде “катастрофалык” аскердик аракеттердин жанданышына өкүнүчүн билдирип, тараптарды ок атышууну токтотууга чакырды.

Уюмдун Женевадагы гуманитардык кеңсесининин өкүлү Йенс Лаерке билдиргендей, согуштук аракеттердин жанданышы “Жердеги тозок Газага кайра кайтканын" айгинелейт.

"Барымтадагылардын баары чыккан жок"

Ал эми бейшембинин кечинде Хамас радикал тобу барымтасындагы 8 кишини, Израил өз абактарында отурган палестиналык 30 туткунду бошотту. Ок атышпоо жана туткундарды айырбаштоо келишими күчүнө киргенден бери ХАМАС радикал уюму барымтадан 105 кишини кое берди. Израилдин түрмөлөрүнөн азат кылынган палестиндердин саны 350гө жетти.

Абактын чыккан палестин жигит Юнис Хавамде:

"Абактын ичиндеги абал начар, бул трагедия. Бүгүн чыгарыбызды билген эмеспиз. Бизге тергөөгө барасыңар деп эле айткан. Кийин бошотушту", деди.

Деген менен Израилдин премьер-министринин кеңсеси жума күнү ХАМАС радикал тобу барымтадагы бардык аялдарды бошотуу убадасын аткарбай, Израилдин аймагына ракеталык сокку урганын билдирди. Маалыматта бейшембиде хамасчылар макулдашылган 10 кишинин сегизин гана бошоткону айтылат.

Израил менен ХAMACтын ортосунда түзүлгөн убактылуу ок атышпоо маалында Газа тилкесинен израилдик барымтадагыларды алып бараткан Кызыл Чырымдын кербени. 29-ноябрь, 2023-жыл.
Израил менен ХAMACтын ортосунда түзүлгөн убактылуу ок атышпоо маалында Газа тилкесинен израилдик барымтадагыларды алып бараткан Кызыл Чырымдын кербени. 29-ноябрь, 2023-жыл.

Жума күнү барымтадан чыгып, Тель-Авивдеги үйүнө кайткан 18 жаштагы Лиам абалы жакшы экенин билдирди:

"Мен кайтып келдим, баары жакшы, абдан бактылуумун, эмне кыларымды билбейм турам. Жаңы эле Инстаграмга сүрөт койдум. Азыр баары жакшы."

Жакынкы Чыгыштагы жаңжалдын ырбап кетишине ХАМАС куралдуу тобунун 7-октябрда Израилге кол салуусу түрткү болгон. Согушкерлер Израилдин калктуу конуштарына кирип барып, 1200 кишини жок кылган, 240тан көп адамды барымтага алып, Газа тилкесине алып кирип кеткен.

Жөөт армиясы жооп иретинде ХАМАСка каршы согуш жарыялап, аталган радикал уюмдун көзөмөлүндөгү Газа тилкесине адегенде абадан сокку уруп, кийин жердеги аскердик операциясын баштаган. Курчоодо калган палестин анклавынын саламаттык сактоо башкармалыгы билдиргендей, Израилдин чабуулдарынан кеминде 15 миңдей киши набыт болду.

Бул санды көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн эмес.

14:38 1.12.2023

Израил армиясы Газа секторунда согуштук аракеттерин кайрадан уланта баштаганын расмий түрдө жарыялады. Мекеме Телеграмдагы каналы аркылуу 1-декабрда АКШда жана Евробиримдик аймагында террордук деп таанылган ХАМАС тобу атышпоо режимин бузду жана Израилдин аймагын аткылады деп айыптады.

Билдирүүдө ХАМАС атышуудагы “оперативдик тыныгуу” шартын бузганы, Израил тарапка ок чыгарганы, Газа сектору менен чектешкен аймактагы конуштарга ракета менен аткылаганы, анын баары абадан коргонуу каражаттары менен атып түшүрүлгөнү айтылды. Жабыркагандар тууралуу маалымат жок.

ХАМАСтын согушкерлери Израилге 7-октябрда кол салып, 1200дөй кишини өлтүрүп, 240тай адамды барымтага алган. Ошондон кийин Газада согуш башталганы 15 миңдей палестин набыт болуп, гуманитардык кризис уланууд

16:58 30.11.2023

Иерусалимдеги автобус аялдамасында белгисиз эки адамдын туш келди аткылоосунан үч киши - бир аял жана эки улгайган эркек набыт болду. Жети киши жабыркады, алардын төртөө оор абалда ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу Израилдин Куткаруу кызматы билдирди. 30-ноябрдын таңында болгон окуяны полиция теракт катары мүнөздөдү.

Азырынча аткылоо үчүн жоопкерчиликти бир дагы топ өз мойнуна ала элек. Израилдин улуттук коопсуздук министри Итамар Бен Гвир кол салгандар ХАМАС (АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган) уюмунун мүчөлөрү деп ишендирүүдө.

Ал арада Израилдин өкмөт башчысынын кеңсеси Газа тилкесиндеги ок атышууну токтотуу боюнча макулдашуу бир күнгө узартылганын билдирди. ХАМАС радикал тобу бейшембиде барымтадан бошотула турган он адамдын тизмесин расмий Тель-Авивге берди.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG