Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Ноябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:30
Газа тилкеси. Израилдин соккусунан талкаланган имараттардын ортосунда бараткандар. Ноябрь, 2023-жыл
Газа тилкеси. Израилдин соккусунан талкаланган имараттардын ортосунда бараткандар. Ноябрь, 2023-жыл

Газа: Токтобогон согуш, талкалаган тагдырлар

Газада Израил армиясы менен ХАМАС радикал тобунун (АКШ менен Евробиримдик террордук уюм деп тааныган) ортосунда согуш башталганына 100 күн болду. Расмий Тель-Авив ХАМАС жок кылынмайынча бул согуш уланарын билдирүүдө. БУУ Газада гуманитардык кырдаал курч экенин эскертти.

Израил ХАМАСтын 7-октябрдагы кол салуусунан 1 200 киши набыт болгонун, 240 чакты киши барымтага алынганын, Газа тилкесинде жер операциясы башталгандан бери 100дөн ашуун аскери окко учканын маалымдаган.

Газадагы Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, жөөт армиясынын аскердик операциясынан бери дээрлик 19 миңдей адамдын, негизинен аялдардын жана балдардын өмүрү кыйылды.

14:59 1.11.2023

Газанын түндүгүндөгү Жабалия качкындар лагеринде шейшембинин кечинде катуу жарылуу болуп, көптөгөн кишинин өмүрүн алып кеткени кабарланган. Израил ошол районго сокку урганын моюнга алып, ХАМАС радикал тобунун жогорку жетекчисин жок кылууну көздгөнүн айтты.

Газа тилкесинин Саламаттык сактоо министрлиги 50 карапайым киши мүрт кеткенин, 150 чактысы жарадар болгонун кабарлады. Би-Би-Синин жазганына караганда, Палестина тарап жарылуу Израилдин аба соккусунан кийин болгонун маалымдаган.

Рейтер агенттиги жарыялаган сүрөттөрдө лагердеги кыйроолорду, уранды арасынан аман калгандарды издеген кишилерди көрүүгө болот.

AFP агенттигинин кабарчысы да Жабалияга барып кетти. Агенттик маалымдагандай, ал тарткан кадрда бери дегенде 47 кишинин сөөгү байкалат.

Америкалык CNN телеканаы күбөлөргө жана дарыгерлерге шилтеме менен “Эл жыш жайгашкан кварталда иш алып барган ХАМАСтын отрядынын командирин бутага алган Израилдин соккусу апаатка алып келди. Соккудан көптөгөн киши каза тапты”, - деп билдирди.

Израил армиясынын өкүлү Даниэл Хагари согуш учактары Жабалиядагы качкындар лагерине сокку урганын бышыктады. “Борбордук Жабалия” батальонунун кол башчысы өлтүрүлгөнүн кошумчалады.

Хагаринин айтымында, “террорчуларга жана алардын инфраструктурасына” катуу сокку урулду, “көп сандагы террорчулар” жок кылынды, “жер астындагы инфраструктурасы кулап калды”.

Израилдин бийлиги газалыктарды түштүк тарапка көчүүгө чакырып келатат. Бирок айрым эл аралык уюмдардын өкүлдөрү бүтүндөй Газа тилкеси кооптуу жерге айланганын айтып, андай эскертүү маанисиз деп белгилешет.

10:02 1.11.2023

Чечен лидери Рамзан Кадыров массалык тополоңдордун алдын алууну жана зарыл болсо, катышуучуларды “чекеге” атууну тапшырды. Мунун алдында Дагестандын борбор шаарындагы аэропортту антисемиттик акцияга чыккан топ басып алган эле.

Кадыров “Бизде тополоңго бир киши чыга турган болсо, кармап, отургузгула. Же болбосо эскертүү иретинде асманга үч жолу ок чыгарып, ал адам мыйзамга баш ийбесе, чекеге аткыла. Андан кийин чыкпай калышат. Бул менин буйругум”, - деген ал.

Чечен жетекчисинин өкмөт жыйынында айтылган мындай сөздөрун РИА Новости жазды.

Кадыров Путин сыяктуу эле антисемиттик акцияларга Киев жана Батыш "шыкакчы" болгон деп айыптады.

Украинанын Тышкы иштер министрлиги Москванын дооматын күнөөнү өзүнөн башкага оодаруу аракети деп атады.

Махачкаладагы окуянын катышуучулары Газадагы палестиндерди коргоо үчүн чыгышканын айтышкан.

Кадыров өзү социалдык тармактарда Израилди “геноцид” кылып атат деп айыптап, нацисттик Германияга салыштырган.

Дагестанда башаламандыкка байланыштуу 83 киши кармалды. Аларга кандай айып тагылганы белгисиз.

10:01 1.11.2023

Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюму (ДССУ) Газадагы саламаттык сактоо тармагы апаат коркунучуна кептелгенин эскертти. Уюм 31-октябрдагы билдирүүсүндө, жер которгондор көбөйгөнүн, суу, канализация системалары кыйраганын белгиледи. Уюмдун басма сөз катчысы Кристиан Линдмайер карапайым тургундар арасында Израилдин бомбалоолоруна туздөн-түз байланышпаган жоготуулар көбөйүшү ыктымал деп айтты.

Газанын Саламаттык сактоо министрлиги Израил соккуларын баштагандан бери 8 миң 300дөн ашуун палестиналык өмүр менен кош айтышканын билдирген. Израил тараптан 1400 кишинин каза болгону кабарланган. Алардын басымдуу бөлүгү ХАМАС 7-октябрда Израилге кол салганда өлгөн.

Өткөн аптада жөөт армиясы жерде операция баштады.

БУУнун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) өкүлү Жэймс Элдер суунун тартыштыгынан чарчап калган наристерлер көбөйүшү мумкүн деп эскертти. Анын айтымында, балдар туздуу суу ичип ооруп жатат, 940 чакты жеткинчек дайынсыз болууда.

"Алардын айрымдары урандылардын астында калган болушу мүмкүн", -деп кошумчалады Элдер.

Дагы бир тобу алган жаракаттан, стресстен жабыркаган.

Шейшембиде БУУнун гуманитардык жардам боюнча агенттиги тилкени суу менен камсыздоо “белгисиз себептерден” токтоп калганын билдирген.

Линдмайер Газага күйүүчү майды өткөрүүгө уруксат берилиши керек деп айтты.

Израил "кара майды ХАМАС өзүнүн кыянат максаттарында пайдаланышы ыктымал" деген негизде ага уруксат бербей жатат.

Газанын ооруканаларында жарык тартыш
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:32 0:00

15:56 31.10.2023

Орусиянын президенти Владимир Путин Махачкаладагы окуяларга «Батыштын тыңчылары аркылуу Украинанын аймагынан шыкак беришкен» деп билдирди. Мындай оюн ал 30-октябрда Коопсуздук кеңешинин жыйынында ортого салды. Телеканалдар көрсөткөн сөзундө Путин АКШ жана Батыштын калган мамлекеттерин Жакынкы Чыгыштагы жанжалды тутандырган деп айыптады.

“Свобода” радиосу жазгандай, президент Палестинага жардам берүү үчүн Украинадагы согушка барса болорун айтты. Анын пикиринде, дал ошол жакта Орусиянын гана эмес, Палестинанын тагдыры чечилүүдө.

Ал эми Махачкаладагы тополоң тууралуу Путин дээрлик эч нерсе айтпастан, “жарандардын укуктарын коргоо”, улуттар аралык ынтымакты сактоо чараларын талкуулоону сунуш кылды.

Дагестандын башкалаасында жекшембиде болгон окуяларга Киев же Батыштын атайын кызматтары аралашкан деген далилдерди Путин келтирген жок. Ал дүйнөдөгү жаңжалдардын, анын ичинде Украина жана Жакынкы Чыгыштагы согуштардын артында АКШ турганы түшүнүктүү деп бир нече жолу кайталады.

АКШ Мамлекеттик департаментинин расмий өкүлү Мэтью Миллер Дагестандагы антисемиттик тополоңго Украинанын тиешеси бар деген Орусиянын айыптоосун четке каккан. Ал Путиндин эмес, ага чейин орус Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мария Захарованын комментарийне жооп кайтарган. Захарова "Махачкаладагы окуяларды сырттан пландоодо Киев режими негизги ролду ойногон" деп айткан. Миллер ал билдирүүнү “абсурд” деп атады.

29-октябрда миңге чукул киши антисемиттик ураан чакырып, Тель-Авивден келчү учакты утурлай Махачкаланын аэропортун басып алган. Алар учуп келген жүргүнчүлөрдүн документтерин текшере баштаган.

Түндүк Кавказдагы жумурияттын башчысы Сергей Меликов аэропорттогу тополоңго байланыштуу кылмыш иши козголгонун, айыптуулар жазасын аларын дүйшөмбүдө билдирди.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG