Махачкала: Антисемиттик акцияда миңдей киши аэропортту басып алды
29-октябрда антисемиттик нааразылык акциясына чыккан миңге жакын адам Тель-Авивден учак каттамы келер алдында Махачкала аэропортун басып алды. Бул тууралуу "Кавказ. Реалии" басылмасы жазды. Чогулгандар Израилге каршы нааразылык билдирип, жөөттөрдүн аймактан чыгарылышын талап кылышкан.
Бул Чеченстандагы согуштан кийин орус бийлиги бир канча убакытка ири шаарлардын бириндеги аэропортту толугу менен көзөмөлдөн чыгарган биринчи учур. Аэропорт каттамдардын учуп-конушуна жабылып, шаарга келген учактар башка аймактарга жөнөтүлдү.
Flight Radar 24 сайтындагы маалыматтарга караганда, Red Wings авиакомпаниясынын Тель-Авивден учкан учагы аба майданына жергиликтүү саат боюнча кечки 7:17де келип конгон. "База" басылмасынын билдиришинче, ал жерге ОМОН кызматкерлери келгени менен демонстранттарды токтото алган эмес. Тургундар аэропорттон чыгып жатканда жүргүнчүлөрдүн документтерин текшерүүгө аракет кылышкан. Жаалданган топ жөөттөрдү издөө үчүн ОМОНдун машиналарын дагы тинтишкенин "Сота" жазды.
Окуя болгон жерде тартылган видео жана сүрөттөр бийлик абалды көзөмөлдөбөгөнүн көрсөтүүдө. Кечки саат 9дар чамасында демонстранттар учуп-конуу тилкесине чыгып, учуп келген учакка кирүүгө аракет кылышкан. Видеодон ОМОНдун ок аткан үндөрү да угулган.
Бийлик өкүлдөрү аба майданды басып алган окуя боюнча бир канча убакыт комментарий беришкен жок. Red Wings авиакомпаниясынын борту келип конгондон үч сааттан кийин Дагестан боюнча Тергөө комитети "массалык башаламандык" беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду. Полиция видеокөзөмөлдөр аркылуу бардык катышуучуларды табууга убада берди.
Израил өкмөтүнүн аппараты, Тышкы иштер министрлиги жана Улуттук коопсуздук кеңеши биргелешип билдируү жасап, Дагестандагы абалга байкоо салып жатышканын билдиришкен. "Израил Орусиянын укук коргоо органдарынан Израилдин бардык жарандарынын жана жөөттөрдүн коопсуздугун коргошун жана аларга каршы багытталган тополоңдорго, жапайы чагымдарга каршы чечкиндүү чара көрүшүн күтөт", - деп айтылат билдирүүдө.
Саат 22:00гө жакын бийлик аэропортту толук көзөмөлгө алганы кабарланды. Андан көп өтпөй ОМОН менен демонстранттар ортосунда кагылышуу болуп жатканы тууралуу маалыматтар тарады.
Дагестандын Саламаттык сактоо министрлиги Махачкаладагы аба майданда бери дегенде 20дай киши жараат алганын, алардын арасында күч органдарынын кызматкерлери, антисемиттик акцияга чыккандар дагы бар экенин билдирди. Алардын экөө оор абалда. "Эхо Кавказа" жүргүнчүлөрдүн бири ооруканага жаткырылганын жазды. Кавказ.Реалии күч кызматкерлеринин бери дегенде экөө аларга ыргытылган таштан жараат алганын кабарлады.
Израил Газада аскердик операциясын кеңейтип жатат
Израилдин армиясы 29-октябрда Газа секторунда аскердик операциясын кенейте берерин билдирди. Сектордун түндүк тарабында ХАМАС тобунун жоочулары менен болгон кармашта эки жөөт аскер кызматкери жараат алганы кабарланууда. Өткөн суткада Израил ХАМАСтын 450 бутасына абадан сокку урганы, мындан тышкары Газага кошумча жүздөгөн жоокерлерди жана ондогон аскердик техникасын жөнөткөнү маалымдалды.
Операцияны кеңейтүү тууралуу Израилдин бийлиги жума күнү жарыялаган. Ошол эле маалда Газада жердеги операциянын масштабы дагы эле белгисиз. Азырынча израилдиктер ХАМАС көзөмөлдөгөн кайсы бир аймакты ээлегени тууралуу маалымат чыга элек. Бирок видеолор жөөт аскерлери Газанын түндүк тарабына киргенин көрсөтүүдө. Алар дагы бир ирет Газанын түндүгүндөгү тургундарды убактылуу түштүккө чыгып кетүүгө чакырды.
The New York Times жазгандай, ошол эле учурда толук кандуу жердеги операция тууралуу кеп боло элек.
Газада иштеп жаткан эл аралык уюмдар абалды гуманитардык кризис же апаат деп баалап жатышат. Электр энергиясы жок, суу, дары, башка турмуш-тиричилик каражаттары тартыш болууда. Жекшембиде БУУнун палестин качкындарына жардам берүү боюнча агенттиги бир нече миңдеген кишилер Газадагы агенттиктин тамак-аш жана башка буюмдар сакталган кампасына кирип барганын билдирди.
Буга чейин ХАМАС көзөмөлдөгөн Газа тилкесинин Саламаттык сактоо министрлиги жөөттөрдүн аба соккуларынан мүрт кеткен жети миңден көп кишинин аты-жөндөрү жазылган тизмени жарыялаган. ХАМАС террордук тобу Израилге 7-октябрда кол салып, 1400дөй кишинин өмүрү кыйылган. 200дөн көп киши барымтага алынган. Израил ошондон бери Газа тилкесине абадан сокку уруп жатат.
Согуш маалында тараптардын билдирүүлөрүн көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн эмес.
Бүгүн таңда чабуул жасалган Газадагы ири ооруканада бейтаптар жана башкалка издеген он миңдеген палестиндер бар экени кабарланды. Израил Газадагы оорукананын алдында ХАМАСтын лидерлеринин башкаруучу пункту бар деп билдирип, бирок буга далил келтирген жок. Сокку Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху согуштун экинчи этабын жарыялагандан бир күндөн кийин жасалды.
Дем алыш күндөрү Газа секторуна танк жана жөө аскерлер киргени маалым болду.
Буга чейин ХАМАС көзөмөлдөгөн Газа тилкесинин Саламаттык сактоо министрлиги жөөттөрдүн аба соккуларынан мүрт кеткен жети миңден көп кишинин аты-жөндөрү жазылган тизмени жарыялаган. ХАМАС террордук тобу Израилге 7-октябрда кол салып, 1400дөй кишинин өмүрү кыйылган. 200дөн көп киши барымтага алынган. Израил ошондон бери Газа тилкесине абадан сокку уруп жатат.
Согуш маалында тараптардын билдирүүлөрүн көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн эмес.
Хамас көзөмөлдөгөн Газанын Саламаттыкты сактоо министрлиги согуш башталгандан бери Израилдин соккуларынан аймакта 8 миңден ашуун киши набыт болгонун билдирди.
Израил 1400 киши каза болгонун, 229 адам ХАМАСтын туткунунда экенин маалымдаган.