Газа: Египет жардамга жол ачты, качкындарды киргизбейт
- автор Элиза Кененбаева
Египет Рафах өткөрмө бекети аркылуу Газа тилкесине гуманитардык жардам киргизүүгө уруксат берди. Ошол эле маалда Египеттин президенти Абдел Фаттах ас-Сиси өлкөсү палестин качкындарын кабыл албай турганын билдирди.
Газада аба чабуулдардан мүрт кеткендердин саны 3,5 миңге жеткенин жергиликтүү бийлик маалымдады. Жүз миңдеген кишилер үй-жайсыз калды. Израил армиясы ХАМАС радикал тобуна караштуу жайларга сокку уруп жатканын билдирүүдө. ХАМАСтын кол салуусунан Израилде 1400дөй адамдын өмүрү кыйылган.
Египет 19-октябрга караган түнү чек арадагы Рафах өткөрмө бекетин Газа тилкесине гуманитардык жардам өткөрүү үчүн ачканын жарыялады. Буга чейин АКШ президенти Жо Байден расмий Каир тилкеге бет алган 20 чакты машинаны коё берүүгө көнгөнүн билдирген.
“Бирок ХАМАСтын өкүлдөрү жардамды кокустан конфискациялап алса анда иш бүтөт. Анткени биздин ХАМАСка жардам жөнөтүү ниетибиз жок”, - деген Байден машинелерди өткөрүүдөн мурда аба соккулардан кыйраган жолдорду оңдоп-түздөө зарыл экенин белгилеген. Анын эсебинде, буга сегиз сааттай убакыт кетиши ыктымал.
Дүйнөнүн чар тарабынан палестиндерге жөнөтүлгөн гуманитардык жардам жүктөлгөн машинелер ушу тапта Египетте топтолуп турат.
Кызыл жарым ай эл аралык уюмунун өкүлдөрү билдиргендей, Рафахтын жанында 3 миң тонна гуманитардык жардам жүктөлгөн 200дөй жүк ташуучу машине бар.
7-октябрдагы 1400 адамдын өмүрүн алган ХАМАС радикал тобунун кол салуусунан кийин Израил Газаны толук блокадага алып, электр энергиясын, отун-суу берүүнү токтоткон.
Мындан улам, Газа тилкесине азырынча бир гана Рафах өткөрмө бекети аркылуу гуманитардык жардам киргизсе болот.
Узундугу 45 чакырымды түзгөн Газа тилкеси Израил, Египет жана Жер ортолук деңизинин ортосунда жайгашкан.
ХАМАСтын чабуулунан кийин Израил аскердик операциясын баштаганда Египет менен чек арадагы Рафах өткөрмө бекети боюнча эки ача маалымат тараган. Египеттин медиа каражаттары 9-10-октябрдагы жөөт армиясынын үч соккусунан кийин чек ара бекети жабылганын жазган.
12-октябрда Каир Рафах өткөрмө бекетине чукул аймакта аба соккуларын токтотууну өтүнүп, Тель-Авивге кайрылган.
Газа тилкесинде үч өткөрмө пункт бар: Рафахты египеттик чек арачылар менен ХАМАС көзөмөлдөсө, Израил менен чек арада Эрез жана түндүктө Керем Шалом бекети турат. Учурда эки бекет толук жабык.
Египет палестин качкындарын кабыл албайт
18-октябрда Египеттин президенти Абдел Фаттах ас-Сиси анын өлкөсү Газа тилкесинен мажбурлап чыгарылган палестин качкындарын кабыл албай турганын расмий жарыялады. Анын эсебинде качкындар менен бирге Египетке радикал исламчылар да кирип кетиши мүмкүн.
Ал качкындарды Израилдин түштүгүндөгү Негев чөлүнө жайгаштырууну сунуштады.
Ас-Сиси ошондой эле Газадан качкандарды кабыл алса, ага каршы миңдеген египеттиктер көчөгө чыгарын жүйө келтирди.
Андан тышкары Египетке караштуу Синай жарым аралы "Израилге чабуул коё турган жаңы базага" айланат деген кооптонуу бар экенин айтты.
ХАМАС 2007-жылы Газа тилкесин өз көзөмөлүнө алгандан кийин Египет Рафах өткөрмө бекети аркылуу адамдардын жана башка буюм-тайымдардын өтүүсүн чектеген. Айрым учурларда бекетте текшерүүлөр күчөтүлүп турат.
2008-жылы он миңдеген палестиндер Египеттин аймагына кире качкандан кийин Каир Газа тилкеси менен чек арасында дубал көтөргөн.
Израил менен Газадагы куралдуу топтордун ортосунда тутанган буга чейинки жаңжалдарда Египет ортомчу болууга аракет көрүп келчү. Бирок ошол учурларда деле гуманитардык жардам өткөрүп, медициналык себептерден улам тышка чыгууга мажбур болгондорго уруксат бергени менен палестиндердин Египеттин аймагына жапырт кирүүсүнө жол берчү эмес.
Бириккен Улуттар Уюму Израилдеги Газада "гуманитардык алааматты" болтурбоого чакырып, азык-түлүк, отун-суу дээрлик калбай калганын эскертти.
Ооруканаларда генераторлордо күйүүчү май түгөнүп, дарыгерлер бейтаптарды кароого үлгүрбөй жатканын айтышууда.
ЦАХАЛ: ХАМАСтын барымтасында 203 киши бар
Жакындары ХАМАСтын барымтасында отурган израилдик үй-бүлөлөр бийликтин гуманитардык жардамды өткөрүү чечимине нааразы. Алар туткундар коё берилмейинче, тилкеде тартыш болуп аткан керектүү оокаттар жөнөтүлбөөгө тийиш деп эсептешет.
Израил армиясынын жаңыланган соңку маалыматына караганда, ХАМАС барымтага алгандардын саны 203кө жетти.
"Биз буга чейин мұрт кеткен 306 аскердин жана барымтадагы 203 кишинин жакындарына байланыштык. Биз алардын үй-бүлөлөрү канчалык кыйналып турганын сезип турабыз жана алар менен бул оор күндөрдө биргебиз", - деди Израил армиясынын маалымат катчысы Даниел Хагари.
Израил менен ХАМАСтын согушу 7-октябрда башталган. Учурда Газа тилкесинде абал оор.
Батыш өлкөлөрү "террордук кыймыл" деп тааныган ХАМАС Израилге 7-октябрда кол салып, 1400дөй карапайым тургундун өмүрү кыйылган. Миңдеген киши жараат алган. 200гө чукул адам барымтага түшкөнү маалым болгон. Алардын канчасы чет өлкөлүктөр экени беймаалым.
ХАМАСтын чабуулунан кийин жөөт армиясы - ЦАХАЛ Газа тилкесине абадан сокку ура баштаган. Газанын Саламаттык сактоо министрлиги өлгөндөр 3 миңге, жарадарлар 10 миңге чамалаганын кабарлады. Миллиондон ашуун киши аймакты таштап качууга мажбур болду.
Газа секторунда аба чабуулдардан мерт болгондордун саны үч жарым миңге жеткенин жергиликтүү бийлик маалымдады. Жүз миңдеген киши үй-жайсыз калды. Израил армиясы ХАМАС радикал тобуна караштуу жайларга гана сокку уруп жактанын билдирүүдө. ХАМАСтын кол салуусунан Израилде 1400дөй адамдын өмүрү кыйылган.
АКШ президенти Жо Байден Конгресстен Украина, Израил, Тайванга аскердик жана башка жардам берүүнү, Мексика менен чек арадагы коопсуздукту бекемдөөгө 100 миллиард доллар бөлүүнү сурайт. Мындай билдирүүнү президент 19-октябрда элге кайрылган учурунда жасаарын CNN маалымдады.
Телеканалдын булактарынын айтымында, Байден Украина менен Израилди колдоо АКШнын улуттук коопсуздугуна төп келерине ынандырууга аракеттенмекчи.
Рейтер агенттиги кошумча каражат бөлүү өтүнүчүн президент 20-октябрда жолдорун билдирди. 100 миллиарддын ичинен 60 миллиард Украинага, 10 миллиард Израилге багытталат. Жакында Израил Вашинтондон дал ушунча сумманы чукул көмөк иретинде сураган.
Шаршембиде Байден Газанын тургундарына жана Иордан дарыясынын батыш жээгинде жашаган палестиналыктарга 100 миллион доллар гуманитардык жардам бөлүү тууралуу жарыялаган жана ал каражат өз үйүн таштап кетүүгө аргасыз болгон 1 миллиондон ашуун палестиналыкты колдоого, Газадагы чукул муктаждыктарга жумшаларын айткан.
Ал күнү америкалык лидер Израилде болуп, премьер-министр Биньямин Нетаньяхуга жолуккан. Визитке чейин Байден ХАМАС радикал тобу жок кылынууга тийиш деп, ошол эле маалда Газаны басып алуу катачылык болорун белгилеген.
19-октябрга караган түнү Египет Газа секторуна гуманитардык жардам жеткирүү үчүн туруктуу коридор ачыларын жарыялады. Жүк Рафах чек ара текшерүү пунктунан өтүп турмакчы. Буга чейин АКШ президенти Жо Байден Египет тилкеге бет алган 20 чакты машинаны коё берүүгө көнгөнүн билдирген. Президент ал жүктү ХАМАС өзүнө тартып алса, бул жараян токторун эскерткен.
Египеттин президенти Абдел Фаттах ал-Сисинин басма сөз катчысы макулдашууга жетишилгенин айтып, бирок жүк качан жеткириле баштарын тактаган жок.
Байден гуманитардык кербендин өтүшү үчүн жол оңдолууга тийиш, машиналар жумага чейин, сыягы, өтө албайт, жүктү Газада БУУнун агенттиктери бөлүштүрөт деп кошумчалаган.
Кызыл жарым ай уюмунун Түндүк Синайдагы бөлүмүнүн жетекчиси Халид Заед Рафах Египет тарабында 3 миң тоннадан ашуун гуманитардык жардам жүктөлгөн 200дөн көп машина турганын билдирген.
Жакындары ХАМАСтын барымтасында отурган израилдик үй-бүлөлөр бийликтин гуманитардык жардамды өткөрүү чечимине нааразы болууда. Алар туткундар коё берилмейинче, тилкеде тартыш болуп аткан керектүү оокаттар жөнөтүлбөөгө тийиш деп эсептешет. Соңку маалыматка караганда, радикал топтун колунда 200гө чукул киши кала берүүдө.
Израил ХАМАСтын кандуу жортуулуна жооп кайтарып, Газаны блокадага алган жана сокку урууда. Тилкеде суу, дары-дармек, азык-түлүк тартыш болуп, гуманитардык апаат коркунучу жаралган.