Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:28

Түз ободо Жакынкы Чыгыштагы жаңжал: Иран кандай жооп кайтарат?

АКШ 22-июнга караган түнү Ирандын өзөктүк объекттерине абадан сокку урду, президент Дональд Трамп бул операцияда негизги объекттер “толук талкаланганын” билдирди. Иран Пентагондун чабуулу үчүн өч алаарын жарыялап, азырынча сүйлөшүүлөрдөн баш тартууда жана Израилге ракеталык сокку жасады.

БУУ жана дүйнөлүк лидерлер тараптарды сабырдуулукка чакырышты.

Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттик (МАГАТЭ) шашылыш жыйын уюштурду, ал эми Европа өлкөлөрүнүн өкүлдөрү кайрадан дипломатиялык сүйлөшүүлөрдү жандандырууга үндөп жатышат.


11:18

АКШ президенти Дональд Трамп Ирандын учурдагы бийлигин кулашын кубаттай турганын билдирди.

Бул тууралуу Трамп Иранга соңку чабуулдар “Иран режимин” алмаштыруу максатын көздөбөйт деп айткан америкалык бийлик өкүлдөрүнүн билдирүүлөрүнөн соң билдирди.

"Режимди алмаштыруу" деген терминди колдонуу политкорректүү эмес, бирок учурдагы Иран режими өлкөнү кайрадан кубаттуу кыла албаса, режимди эмнеге алмаштырууга болбосун?”, - деп жазды Трамп Truth Social платформасына.

Анын алдында АКШ президентинин командасынын башкы мүчөлөрү вице-президент Жей Ди Вэнс, мамлекеттик катчы Марко Рубио, коргоо министри Пит Хегсет 21-июндагы Кошмо Штаттардын Ирандын өзөктүк обьекттерге соккусу Тегерандагы учурдагы исламий бийликти кулатуу үчүн эмес, маселени сүйлөшүү жолу менен чечүүгө багытталганын билдиришкен.

10:47

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Иран-Израил жаңжалынын курчуп баратканына жана Газа тилкесиндеги кайгылуу окуяларга байланыштуу тынчсыздануусун билдирип, ал жаңжалдар аймактык коопсуздукка жана бүтүндөй эл аралык туруктуулукка терс таасирин тийгизип жатканын билдирди.

Бул тууралуу ал 21-июнунда Ислам кызматташтык уюмунун Тышкы иштер министрлер кеңешинин “Өзгөрүп жаткан дүйнөдө Ислам кызматташтык уюму” жыйынында айтты. Жээнбек Кулубаев кырдаалдын курчушуна жол бербөө үчүн биргелешкен күч-аракетти координациялоо маанилүү экенин, жаңжалды тынчтык жана дипломатиялык жол менен чечүүгө чакырды.

Жыйындын катышуучуларына расмий Бишкек чыр-чатактарды тынчтык жолу менен чечүүнүн жолу катары диалогду жактай турганын кошумчалады.


10:46

АКШ армиясы ишембиге караган түнү Ирандын үч өзөктүк объектин аткылады. Иран менен Израилдин жаңжалына АКШнын аралашканы Жакынкы Чыгышта чоң согуш чыгып кетиши мүмкүн деген кооптонууну күчөттү.

АКШнын президенти бул чабуулду "аскерий ийгилик" катары сыпаттады.

Ирандын атомдук энергия боюнча уюму Фордо, Натанз жана Эсфахан шаарларындагы өзөктүк объекттер “душман тарабынан” чабуулга кабылганын ырастады.

Алар бул соккуларды "жапайычылык" деп баалап, эл аралык укуктун бузулушу катары айыпташты:



10:43

13-июнда Израил Ирандын өзөктүк ишканаларына абадан чабуул койгон. Аны улай Ирандын армиясы да Израилдин аймагын дрондор жана ракеталар менен бутага алган.

АКШдагы ирандык активисттер уюштурган бейөкмөт уюм 13-июндан берки Израилдин соккуларынын Иранда 630дөн ашуун адам каза болгонун билдирди. Алардын ичинен 239у жайкын тургун, 126сы аскер, дагы 220сынын ким экени аныктала элек.

Израилдин чукул кырдаалдар департаментинин ошол эле күнкү маалыматында, Ирандын аткылоосунан 26 тургун каза таап, 1300дөн ашууну жарадар болгон.

Иран-Израил жаңжалы тууралуу "Азаттыктын" макалаларынын тизмеси:












Дагы жүктөңүз

Шерине

XS
SM
MD
LG