АКШ армиясы ишембиге караган түнү Ирандын үч өзөктүк объектин аткылады. Иран менен Израилдин жаңжалына АКШнын аралашканы Жакынкы Чыгышта чоң согуш чыгып кетиши мүмкүн деген кооптонууну күчөттү.
АКШнын президенти бул чабуулду "аскерий ийгилик" катары сыпаттады.
Ирандын атомдук энергия боюнча уюму Фордо, Натанз жана Эсфахан шаарларындагы өзөктүк объекттер “душман тарабынан” чабуулга кабылганын ырастады.
Алар бул соккуларды "жапайычылык" деп баалап, эл аралык укуктун бузулушу катары айыпташты:
13-июнда Израил Ирандын өзөктүк ишканаларына абадан чабуул койгон. Аны улай Ирандын армиясы да Израилдин аймагын дрондор жана ракеталар менен бутага алган.
АКШдагы ирандык активисттер уюштурган бейөкмөт уюм 13-июндан берки Израилдин соккуларынын Иранда 630дөн ашуун адам каза болгонун билдирди. Алардын ичинен 239у жайкын тургун, 126сы аскер, дагы 220сынын ким экени аныктала элек.
Израилдин чукул кырдаалдар департаментинин ошол эле күнкү маалыматында, Ирандын аткылоосунан 26 тургун каза таап, 1300дөн ашууну жарадар болгон.
Иран-Израил жаңжалы тууралуу "Азаттыктын" макалаларынын тизмеси:
Шерине