Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:16

Тегеран Израилди Сириядагы чабуулдар үчүн айыптоодо


Ирандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Израилди Сирияга абадан жасаган соккулары үчүн айыптап, аймактагы өлкөлөрдү Тел-Авивге каршы чыгууга үндөөдө.

Рамин Мехманпараст жекшемби күнү Ирандын "Пресс ТВ" телеканалы аркылуу Израилдин “агрессиясын” айыптап, бул абадан жасалган соккулар аймактагы туруксуздукту жаратууну максат кыларын баса белгиледи.

Мехманпарасттын сөздөрү, Сириянын мамлекеттик телеканалдары "Израил Дамасктан алыс эмес жайгашкан аскердик илимий-изилдөө борборуна ракеталык сокку жасады" деп маалымат бергенден кийин чыкты. Израил азырынча бул боюнча унчуга элек.

Жардыруу Дамаскта жекшемби күнү эртең менен болгон. Азырынча жабыркагандар тууралуу маалымат жок.

Сириянын парламент мүчөсү Фейез-ал-Саех "Рейтер" агенттигине Дамаскта берген маегинде мамлекет өнөктөштөрү менен кеңешип, анан кадам жасарын айтты.

-Сирия дүйнө жүзү боюнча өзүнө өнөктөш мамлекеттер, анын ичинде Орусия, Кытай жана Иран менен кеңешип туруп, анан гана жооп кайтарат. Азыр өкмөт түз аскердик чараларды көрөбү же башка аракеттерди көрөбү – бул тууралуу да ойлонуп жатат.

Израилдин кадамдары аймакта чоң реакцияны жаратты.

Египет жана Араб лигасы Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинен Израилге каршы чара көрүүнү талап кылды.

Египеттин президенттик администрациясы жекшемби күнү расмий билдирүү таратып, анда Израилдин абадан жасалган соккулары “эл аралык мыйзамдарга жана принциптерге каршы келип, кырдаалды курчутат” деп айтылат.

Араб лигасы Израилдин чабуулдарын “Араб өлкөлөрүнүн суверенитетине” каршы келген кадамдар катары сыпаттады.

Эгерде акыркы чабуул тууралуу маалымат такталса, бул жакынкы күндөрү Израилдин Сирияга жасаган экинчи чабуулу болот жана Тел-Авив Сириядагы жарандык согушка активдүү кийлигишип жатканынан кабар берет. 4-майда Израил Сирияга абадан сокку урганын тастыктаган.

Израилдин бийлик өкүлдөрү ишемби күнү өлкөнүн аскер-аба күчтөрү Сирияга абадан сокку урганын тастыктап, анын максаты ливандык “Хезболла” кыймылы үчүн даярдалган реактивдүү снаряддарды жок кылуу экенин билдиришти. Израилдин расмий өкүлдөрү курал-жарак химиялык эмес экенин, бирок алар согушчандар үчүн маанилүү болгонун кошумчалашты.

Атын атабаган израилдик мамлекеттик кызматкер сокку жума күнү эртең менен жасалганын кабарлады, бирок кайсы жерде болгонун тактаган жок.

Израилдин премьер-министри Бенжамин Нетаньяху буга чейин бир нече жолу Сирия аркылуу “Хезболла” кыймылына курал-жарактын жетишине бөгөт коюларын эскертип келген.

АКШнын президенти Барак Обама 3-майда Коста-Рикага барганда Сирия боюнча мындай пикирин билдирген.

- Сирияда чынында эле химиялык куралды систематикалык түрдө колдонуу бар. Биз азыр кошумча далилдерди күтүп жатабыз. Ал далилдер бар болсо, аларды эл аралык коомчулукка ачыктайбыз. Бул бир гана Американын көйгөйү эмес, бул дүйнөнүн маселеси.
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

XS
SM
MD
LG