Ирактын күч түзүмдөрү байыркы Нимруд шаарын "Ислам мамлекети" террордук тобунан бошотту. Нимруд эки жылдан ашуун согушкерлердин көзөмөлүндө турган. Бул аралыкта согушкерлер Ассириялык империядан бери сакталып турган тарыхый артефакттарды, эстеликтерди талкалаган.
Байыркы Нимруддун бошотулушу
1
Ирак жоокери Нимруд шаарында турат. Бул жерде Ассириялык империядан бери сакталып турган эстелик жайгашкан. Нимруд Мосулдан 30 чакырым алыстыкта жайгашкан. Ирактын өкмөттүк үчтөрү Нимрудду 13-ноябрда өз колуна алган.
2
1853-жылкы бул гравюрада Перс империясынын тушундагы Нимруд шаары тартылган.
3
Өткөн кылымдын алгачкы он жылында тартылган бул сүрөттөрдөн Нимруд аз калктуу шаар болгонун көрөбүз.
4
Нимруддагы археологиялык казуулар. 1950-жыл.
5
Биздин заманга чейинки 9-кылымда жашаган ассириялык падыша Ашшурнацирапала IIнин сарайы.
6
Нимруддагы ирак археологдору. 2001-жыл.
7
Археологдор байыркы статуяны тазалашууда. 2001-жыл.
8
Америкалык аскер байыркы сепилдеги айкелди сүрөткө тартууда. 2008-жыл, ноябрь.
9
Ассирия империясынын храмы же мунарасы. Нимруддагы эң белгилүү тарыхый жерлердин бири.
10
Байыркы шаардын дубалдары.
11
Адамдыкындай башы бар канаттуу буканын сүрөтү. 2012-жылы тартылган сүрөт.
12
Нимруддагы айкелдер.
13
"Ислам мамлекети" тобунун согушкерлери Нимрудду 2014-жылы Мосулду ээлегенден кийин эле басып алган. 2015-жылы тартылган бул видеодо согушкердин фреска менен айкелдерди барскан менен талкалап жатканын көрүүгө болот.
14
Социалдык түйүндөрдө жарыяланган видеодо согушкерлердин Нимруддагы айкелдерди талкалап жатканы тартылган.
15
Нимрудда болгон жарылуу.
16
Аскерлер 13-ноябрда Нимрудга киргенде укмуштай кыйроого күбө болушкан. Аларга жергиликтүү жашоочулар ИМдин желдеттери эстеликтерди жана байыркы имараттарды бульдозер менен сүрдүргөнүн айтышкан.
17
Талкаланган фреска.
18
Чоподогу фресканын фрагменттери. Мындай жазууну шумерлер, ассириялыктар ж.б. байыркы цивилизациянын өкүлдөрү колдонгон.
19
20
Аскерлер байыркы курулуштарды аралап басууда.