Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:06

Иран жөнөткөн күйүүчү май Венесуэлага жетти


Ирандык танкер Венесуэланын жээгинде. 25-май 2020-жыл
Ирандык танкер Венесуэланын жээгинде. 25-май 2020-жыл

Ирандын алгачкы мунай танкери Венесуэланын портуна жетти. Бир кездери Латын Америкасындагы ири мунай өндүрүүчү болгон Венесуэла экономикалык кризиске батканы, күйүүчү майдын тартыштыгына алып келген. Бул эки өлкө тең Вашингтондун санкцияларына туш болгон.

Ислам жумуриятынын англис тилиндеги "Press TV" телеканалы 25-майда күйүүчү май тарткан танкер Венесуэланын PDVSA мамлекеттик мунай компаниясы иштеткен Эл Палито портуна барып токтогонун кабарлады. Бул маалыматты кемелердин кыймыл-аракеттерине байкоо салган MarineTraffic сайты да тастыктады.

MarineTraffic cайты
MarineTraffic cайты

«Ирандын 43 миллион литр бензин жүктөлгөн “Фортуна" танкери марттын ортосунда Шахид Ражаи портунан чыгып, борбор шаар Каракастан 200 километр алыс жерде орун алган Эл Палито мунай ишканасынын жанына токтоду», деп жазды "Твиттерге" TankerTrackers.com.

«Форест» деп аталган экинчи кеме Кариб деңизине 23-майда кирди. Дагы үч танкер азыр Атлантика океанында ошол эле багытта, Венесуэлага карай баратат.

Майдын башында Вашингтон экономикалык санкцияларга кабылган эки өлкө ортосундагы жүк ташууга жооп катары “чара” көрүүнү караштырып жатканын эскерткени менен, сөз болгон беш кеме кандайдыр бир тоскоолдукка туш болгонунун белгилери байкалган жок.

Венесуэланын маалымат каражаттары тик учактардын коштоосундагы танкердин жээкке жакындаганын байма-бай чагылдырып турушту.

Николас Мадуро. Каракас, 13-март 2020-жыл
Николас Мадуро. Каракас, 13-март 2020-жыл

Өлкөнүн социалист-президенти Николас Мадуро Тегеран менен Каракас тынчтыкты каалашарын, эл аралык сууларда соода кылууга, товар алмашууга толук укугу бар деди:

“Иран Ислам жумуриятынын элине чын жүрөктөн рахмат айтам. Тилектештикке жана кызматташтыкка, эрдигиңерге, чечимиңерге ыраазычылык билдирем. Мусулман бир туугандарыбыз үчүн Орозо айы аяктаган күнү «Фортуна» танкери келди. Ал - бензин чыгарууга керектелген заттарды Венесуэлага тартып келген беш кеменин алгачкысы».

Мадуро "АКШ өзүнүн каалаганын башкаларга күч менен таңуулап жатат" деп айыптады.

Ирандык беш танкер бери дегенде бир жарым миллион баррель бензин жана химиялык кошумчаларды, жалпы баасы 45 жарым миллион долларлык жүк ташып келмекчи.

Бир кездери Латын Америкасындагы ири мунай өндүрүүчү Венесуэла экономикалык жана саясий кризистен чыга албай, каатчылык күйүүчү майдын тартыштыгына алып келген. Себеби мунай тазалоочу ишканалар толук кубатта иштебей жатат.

Вашингтондун бир тараптуу санкциялары эки өлкөнүн тең мунай жана башка тармактарын бутага алган.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз өкүлү Морган Ортагус Венесуэладагы азыркы кырдаал дагы бир жолу Мадуронун «тетири башкаруусунун кайгылуу жыйынтыгы», өлкө «башка жаманатты болгон мамлекет менен кымбат келишим түзгөндүн ордуна экономиканын жанданышына алып келе турган эркин жана калыс президенттик шайлоого муктаж» деп билдирди.

Апрелде америкалык деңиз аскерлери Ирандын кемеси Перс булуңунда алардын кемесине кооптуу аралыкка жакындаганын билдирип, эки өлкөнүн мамилелери дагы чыңала түшкөн.

Жакында Кошмо Штаттар Кариб деңизине эсминец жана башка аскердик кемелерди жайгаштырып, кайгуулду маңзаттарга каршы миссия деп атаган.

Мадуро ал миссияны өз өлкөсүнө жаралган коркунуч деп баалап келет.

Вашингтон Венесуэла президентин, мунай министри Тарек Эл Айссами жана башка жогорку аткаминерлерди маңзат аткезчилери деп атаган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG