Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:17

Иран: Биринчи айымдын аты да белгисиз


Ирандын жаңы шайланган президенти Хасан Рухани.
Ирандын жаңы шайланган президенти Хасан Рухани.

Президент болуп жаңы шайланган Хасан Рухани Ирандын экономикалык көйгөйлөрүн, өлкөнүн Батыш менен тирешин жөндөөгө даремети бар деп айтылууда.

Мехди Махдави Азад убагында Хасан Руханинин жардамчысы болуп иштеген. Белгилүү журналист мындан эки жыл мурда Ирандан чыгып кетип, азыр Германияда жашайт. "Азаттыктын" баяндамачысы Гүлназ Эсфандиари менен баарлашканда ал Руханиге өтө жогору баа берди:

- Рухани диний ишмер болгон менен азыркы жетекчилерден айырмаланып, идеологияга эмес, прагматикалык мамилеге артыкчылык берет. Социалдык тармакта Батыштын стандарттарына жакын, бирок саясатка келгенде консервативдик багытты көбүрөөк карманат. Айрымдар жазгандай Рухани беш тилде эмес, араб, фарси, англисче гана сүйлөйт. Ал өтө акылдуу, суроолорду так берет, ар бир маселени өзү тыкыр изилдейт.

Рухани Жогорку Улуттук Коопсуздук Кеңешинде Ирандын диний жол башчысы Аятолла Али Хаменейинин өкүлү болуп 20 жылдай иштеген. Азад «Иранда идеологиянын үстөмдүк кылышына Рухани сын көз карашта болгон менен, Хаменейи менен өтө түшүнүүчүлүк алакада болгондуктан, өз саясатына анын колдоосун ала алат» деп ишенет.

Ошол эле мезгилде Рухани экс-президент Хашеми өңдөнгөн азыркы бийликтин сынчыларынын да колдоосуна ээ. "Айрым консерваторлор менен катар карапайым ирандыктардын да көңүлүндөгүсүн тапкан адам катары, ал карама-каршылыктарды курчутпастан, тескерисинче, аларды чечкенге даремети жете турган адам", - дейт жаңы шайланган президент тууралуу анын мурдагы жардамчысы.

Хасан Рухани шайлангандан кийин, Вашингтондо "Ирандын ядролук программасы боюнча АКШ менен чатак жөндөлүп, эки ортодогу алаканын оңолушуна мүмкүнчүлүк түзүлүп жатат" деген пикирлер айтылды. Бирок башкалар Иран эми бул программасын өркүндөтүүгө дагы убакыт утат деген ойдо болуп жатышат. Бул тууралуу Азад мындай дейт:

Исламдык Иран жумурияты болгону ядролук программасын өркүндөтүп алуу үчүн кошумча убакыт уткусу келет деп ойлогондор же турмушка өтө эле пессимисттик көз карашта, же реалдуулукту биле бербейт. Рухани маселени дароо эле чечип сала албайт, анткени орток мамилелер өтө чырмалышкан. Бирок ал ортодогу чыңалууну жандырууну көздөйт. Ал Ирандын Батыш дүйнөсү менен мамилесин нормалдаштырып, жакшыртууну каалайт. Өзүнүн биринчи пресс-конференциясында тышкы дүйнө менен алакаларды кеңейтүүгө жана маалымдуулукту жакшыртууга сөз берди. Ошондуктан анын бийликке келиши Иран үчүн да, эл аралык коомчулук үчүн да жакшы жөрөлгө болуп калышы керек деп ойлойм.

Рухани август айында ишке киришет, анын канчалык ачык саясат жүргүзөөрү ошондо билине баштамакчы. Бирок азырынча кеминде бир маселени - Руханинин аялы, демек Ирандын биринчи айымы ким экендигин ирандыктар өздөрү да билбей, баштары маң болууда.

Исламдык Иран жумуриятында саясатчылардын аялдары эл алдына чыккан учурлар жокко эсе. Алар тууралуу кабар да адатта болбойт. Бул көз караштан алганда, Ирандын жаңы шайланган президентинин аялы тууралуу маалыматтын жоктугу анча деле таңкалычтуу эмес.

Таңкалычтуусу алтургай Ирандын маалымат каражаттары да анын атын билбейт. Жергиликтүү маалымат каражаттары ал тууралуу эл алдында эч качан сөз болбогондугун жазышты.

Болгону ал иштебей үйдө отураары, Хасан Рухани 20 жашында ата-энесинин каалоосу менен ал 14 жаш кезинде үйлөндүгү маалым. 64 жаштагы Руханинин төрт баласы бар. Дагы бир уулу өлүп калган деп айтылган.

Азыркы президент Махмуд Ахмединежаддын аялы күйөөсү менен бир нече жолу эл алдына чыккан, аны менен чет өлкөлөргө чогуу барган учурлар да болгон.

XS
SM
MD
LG