Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:57

Ирандын өзөктүк программасы талкууланууда


Талкуунун ачылышы, Женева, 1-октябрь, 2009
Талкуунун ачылышы, Женева, 1-октябрь, 2009

Бүгүн БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу беш мүчөсү жана Германия Иран менен анын өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүлөрдү башташты.

Тегерандын талаштуу программасы боюнча сүйлөшүүлөр дээрлик бир жылдан ашуун мезгилден бери өтө элек болчу.

Бул сүйлөшүүлөрдөгү АКШнын расмий өкүлү айтканына караганда, бейшембидеги жолугушууда америкалык жана ирандык делегациялардын ортосунда “өзгөчө маанилүү сүйлөшүү” болду. АКШнын Мамкатчысынын жардамчысы Уилиям Бөрнс менен Ирандын Өзөктүк маселелер боюнча өкүлү Саид Жалили бетме-бет сүйлөшө алышты. АКШ менен Иран 1979-жылкы Ислам революциясынан бери бир да жолу мынчалык жогорку деңгээлде сүйлөшүүлөрдү өткөрө элек болчу.

Бөрнс менен Жалилинин сүйлөшүүлөрүндө кайсыл маселелер каралганы такталган жок.

Булар Женевада Иран менен Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешине туруктуу мүчө беш мамлекет жана Германия ортосундагы жолугушуунун алкагында өттү.

Көп тараптуу ал жолугушуунун да чоо-жайы азырынча тактала элек. Бирок сүйлөшүүдөн кийин Евробиримдиктин Тышкы иштер боюнча өкүлү Хавьер Солана билдиргенине караганда, Иран буга чейин коюлган бир топ суроолорго жооп бергенсийт.

"Иран МАГАТЭ менен тыгыз кызматташа баштаарын жана Кум шаарына жакын жердеги уран байытуучу заводуна да инспекторлорду киргизээрин айтты. Биз ал жакка эксперттер бир-эки аптанын ичинде барышат го деп үмүттөнөбүз", - деди Солана. Ал, ошондой эле, көп тараптуу сүйлөшүүлөр жума күнү да улантылаары мүмкүн экенин кыйытты.

Коркуттубу же шыктандырдыбы?

Германия жана Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешиндеги туруктуу беш мүчө - АКШ, Британия, Франция, Орусия, Кытай – ар бири Женевага өз өкүлүн жиберишкен.

АКШдан Роберт Гиббс бүгүн Тегерандын өкүлү Саид Жалили менен сүйлөшүүлөрдүн алдынан “Эгерде бул жерде алты өлкө тарабынан көтөрүлчү маселелерди Иран эске албай турган болсо, катуу чаралар көрүлөөрүн” эскерткен болчу.

"Президент Барак Обама да, башка дүйнөлүк лидерлер да бул жолку сүйлөшүү иши кылып эле сүйлөшүш үчүн өткөрүлбөй тургандыгын айтышкан, - деген ал. - Бул жолу конкреттүү проблемалар көтөрүлөт. Аларга конкреттүү жооптор айтылышы керек. Андай болбосо, Иранга каршы чечкиндүү чаралар көрүлөт".

Евробиримдиктин Тышкы иштер бөлүмүнүн жетекчиси Хавьер Солананын расмий өкүлү бул талкууга дүйнөлүк коомчулук олуттуу мамиле менен катышаарын, демек, Ирандан да ушундай мамилени күтөөрүн билдирген.

Ирандын талаш-тартыштуу өзөктүк программасы боюнча талкуунун биринчи күнүндө эле бүт маселе чечилип калбашы анык. Андыктан сүйлөшүү мындан ары улантыла турган болсо эле биринчи күн жемиштүү аяктады дегенге болот деп жатышкан.

Эларалык коомчулук Иранга мурдагы эле талабын коет деп айтылып келди. Ага ылайык, Иран уран байытууну токтотушу керек. Анын оордуна дүйнөлүк коомчулук Иран менен экономикалык жана саясий кызматташууну күчөтөт.

Ишеним дефицити

Азырынча Батышта бир топ өлкөлөр Иранды жашыруун түрдө атомдук бомба жасап, Өзөктүк куралсыздандыруу боюнча эларалык келишимди бузуп жатат деп айыпташууда. Тегеран болсо муну четке кагып, анын өзөктүк программасы жайчылык максатта гана энергия алууга багытталганын айтып келет. Иран уранды байытууну да токтотпой турганын билдирген.

Ирандагы мамлекеттик “Ирна” маалымат агенттиги өлкөнүн Тышкы иштер министри Манучер Моттаки шаршембиде АКШнын конгрессмендери менен жолукканын кабарлады. Конгрессмендер Моттакиден Улуттар уюмунун өзөктүк инспекторлоруна Кум шаарындагы уран байытуучу заводду текшерүүгө уруксат берилер-берилбесин сурашкан.

Иранда уран байытуучу дагы бир заводу бар экени өткөн аптада эле белгилүү болгон эле. АКШнын өкүлү Гиббс: "Алар бул заводду куруу менен Улуттар уюму алдында өздөрүнө алган милдеттенмелерин бузушкан. Андыктан МАГАТЭнин инспекторлору ал жерди текшериши үчүн уруксат берилишин биз Тегерандан талап кылабыз".

Коопсуздук кеңешинин өзүндө да Ирандын өзөктүк программасына карата мамиле бир жактуу болбой келген. АКШ, Британия жана Франция Иранга каршы чечкиндүү аракеттерди көрүп, санкция киргизүүгө чакырышканы менен, Кытай жана Орусия ага вето салып келишти.

Бирок Кум шаарына жакын жерде уран байытуучу дагы бир завод бар экени анык болгондон кийин, Орусия да, Кытай да Тегерандын өзөктүк аракеттерине тынчсыздана башташкан өңдүү.

Батыштагы дипломаттар азырынча Москва менен Бээжин МАГАТЭнин инспекторлорунун Кумдагы завод тууралуу тыянагын күтүп жатышат деп эсептешет. Инспекторлор эгерде заводду текшерүүгө мүмкүндүк алышса, баяндаманы ноябрда жарыялап калышы мүмкүн.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG