Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:48

Тил үйрөнүүгө эч качан кеч эмес


Хамид Турсунов жазган «Welcome to English» жана «Welcome to English 2» китептери.
Хамид Турсунов жазган «Welcome to English» жана «Welcome to English 2» китептери.

Дээрлик 25 жылдай котормочулук жана репетиторлук менен алектенген, Ош шаарында иштеген англис тили боюнча методист Хамид Турсунов «Азаттыкка» маек куруп, тил үйрөнүүнүн ыкмалары жана өзү жазган китептери тууралуу ой бөлүштү.

- Кыргызстанда көп мектептерде англис тили сабактары бар. Бирок окуучулардын баары эле мектепти бүткөндө бул тилди толук өздөштүрүп чыга алышпайт. Андыктан өлкөдө чет тилдерди, анын ичинде англис тилин үйрөнүүдө кандай маселелер бар?

- Бизде жакшы усулдун жана китептердин жоктугу негизги маселе. Биздин мектептерде англис тили класстарга жараша окутулат. Бирок балдарды класстарга эмес, тилди кандай деңгээлде билгенине жараша топторго бөлүш керек. Бул жол менен тилди үйрөнүү оңоюраак болот.

Котормочу, методист Хамид Турсунов.
Котормочу, методист Хамид Турсунов.

Советтер Союзу урагандан бери бизде жаңы ыкма менен жазылган окуу китептери жок. Көп китептер эски советтик колдонмолорго негизделген. Мугалимдерге да, окуучуларга да колдонууга оңой болгон, заманбап ыкмаларга негизделген, компакт-диск сыяктуу жаңы каражаттар менен коштолгон китептер жокко эсе.

Биздин окуучулар жана студенттер англис тилин жакшы билишпейт. Бул менин эле оюм эмес. Аны «Education First» эл аралык билим берүү уюмунун тыянагы да ырастап турат. Бул уюм былтыр окуучулардын англис тилин билүү деңгээлин текшерип чыккан. Тилекке каршы, биз 100 өлкөнүн ичинен 99-орунду ээледик. Бул абдан өкүнүчтүү. Ушундан улам бизге жаңы, натыйжалуу усулдар керек.

Дагы бир тенденция бар. Бизге китептердин көбү Англиядан, АКШдан келет. 20 жылдык иш тажрыйбасы бар методист катары бул китептер баштапкы үч деңгээл үчүн көп натыйжа бербей турганын ишенимдүү айта алам. Башкача айтканда, эгер адам англис тилин такыр билбесе, аны алгач кыргыз же орус тилиндеги түшүндүрмөлөр менен үйрөтүш керек. Чет өлкөдөн келген китептерди төртүнчү деңгээлден кийин колдоно баштаса болот.

- Ошол китептер тууралуу сурайын дедим эле. Сиз бир нече жыл мурда жазылган «Welcome to English» аттуу эки окуу китебинин авторусуз. Бул китептин кириш сөзүндө андагы усул менен англис тилин нөлдөн баштап үйрөнсө болоору жазылган экен. Сиздин китептин жана усулдун өзгөчөлүгү кандай?

- Бул китеп менен 11-12 жаштагы мектеп окуучулары да, университет студенттери да тилди үйрөнө алышат. Китепте мугалимдер үчүн да колдонмолор бар.

Эң башкысы өзүңө болгон ишеним жана мотивация керек. Эгер башкалар тилди өздөштүрө алса, алардан менин эмнем кем? Англис тилин үйрөнсөк, кеминде 2 миллиард киши менен сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт...

Ошондой эле көнүгүүлөр, грамматика жана фонетика боюнча маалымдамалар камтылган. Бул китептер менен төрт айдын ичинде «Beginner», «Elementary» деңгээлдеринде англис тилинин бекем пайдубалын түптөп алганга мүмкүнчүлүк бар. Мектептерде буга бир нече жыл кетет.

Дагы бир өзгөчөлүгүн айтсам, бул китепти жазууда мага Канада менен АКШдан 15 кишиден турган топ жардам берди. Алар мага ар бири үч сааттан турган эки компакт-дискти жаздырууга көмөктөштү.

- Сиздин китептер менен таанышып чыктым. Чет өлкөдө басылган англис тили боюнча окуу китептерине салыштырмалуу «Welcome to English» жана «Welcome to English 2» китептеринде Кыргызстандагы жер-суу аттары, жергиликтүү ысымдар көп колдонулган экен. Тааныш аталыштардын колдонулушу тилди тез үйрөнүүгө же текстти жакшы түшүнүүгө көмөктөшөт десек болобу?

- Ооба, сөзсүз түрдө. Адам жаңы нерселерди өзүнө тааныш маалымат аркылуу жакшы түшүнө алат. Эгер биз англис тилин үйрөнүп жатсак, китепте Армениядагы жер-суу аттары же армян ысымдары турса, аны түшүнүү кыйыныраак болот.

Эгер китепте Бишкек, Ош сыяктуу тааныш аталыштар жана кыргызча ысымдар турса, маалыматты түшүнүү кыйла жеңилдейт. Бул өзгөчө өспүрүмдөр үчүн маанилүү. Андыктан бул китеп Кыргызстанга ылайыкташкан.

- Түрдүү эсептөөлөргө ылайык, дүйнөдө кеминде 1,5 миллиарддай адам англисче сүйлөй алат экен. Дүйнө жүзүндөгү түрдүү эл бул тилди эмне үчүн үйрөнгүсү келери айтпаса да түшүнүктүү. Деги эле чет тилдерди, англис тилин толук өздөштүрүш үчүн эмне керек?

- Эң башкысы - англис тили боюнча натыйжалуу окуу китеби керек. Мындан тышкары тажрыйбалуу репетиторго же мугалимге муктаждык бар. Алардан жумасына кеминде үч жолу сабак алыш керек. 4-6 айдын ичинде кыйла жакшы база түзүп алса болот. Андан соң «YouTube» порталынан англис тилин үйрөтүүчү курстарды көрө баштаса болот. Алар абдан эле көп. Бирок аларды үчүнчү же төртүнчү деңгээлди окуп бүтүргөндөр гана түшүнө алышат.

Эң башкысы - өзүңө болгон ишеним жана мотивация керек. Эгер башкалар тилди өздөштүрө алса, алардан менин эмнем кем? Англис тилин үйрөнсөк, кеминде 2 миллиард киши менен сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Азыр англис тили эне тили болгон кишилерден сабак алуу мода болуп кетти. Бирок дароо англис тилинде сабак алуу өтө жакшы натыйжа бербейт. Алгачкы үч деңгээлде тилди жергиликтүү мугалимдерден үйрөнгөн туура болот. Эгер адам англисче жакшы билбесе, ага грамматиканы же фонетиканы кантип түшүндүрүп бересиз? Андыктан алгач жергиликтүү мугалимдерден сабак алып, андан кийин видео курстарды көрө баштаса болот.

Анан чет өлкөлүктөр менен таанышып, алар менен баарлашуу да маанилүү. Мисалы бизде, Ошто облустук китепканада «Америка бурчу» бар. Тилин өнүктүргүсү келгендер ал жакта америкалыктар менен баарлаша алышат. Эгер база болбосо, англис тилдүүлөр менен сүйлөшүү да кыйын болот.

Иллюстрация. Сүрөт Орусиянын Томск районундагы мектептердин биринде тартылган.
Иллюстрация. Сүрөт Орусиянын Томск районундагы мектептердин биринде тартылган.

Эң башкысы - өзүңө болгон ишеним жана мотивация керек. Эгер башкалар тилди өздөштүрө алса, алардан менин эмнем кем? Мындан тышкары англис тилин үйрөнсөк, кеминде 2 миллиард киши менен сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Себеби дүйнөдө 1 миллиард киши бул тилде сүйлөсө, дагы 1 миллиарддай адам аны үйрөнүп жатат.

- Сиз окуучу өз тилиндеги түшүндүрмөлөр аркылуу англис тилин натыйжалуу үйрөнө аларын айтып жатасыз. Бирок Кыргызстанда жана башка өлкөлөрдө деле англис тилдүүлөр окуучуларды котормосу жок эле нөлдөн баштап окутуп жатышпайбы?

- Ооба, андай көз караштар бар. Бирок ал үчүн англис тилдүү чөйрө болушу керек. Биз Бишкекте да, Ошто да, башка шаарларда да мындай чөйрө жок экенин билебиз. Андыктан бул усул баштапкы үч деңгээл үчүн өтө натыйжалуу эмес.

Эгер адам Канадага, АКШга же Англияга барып калса, анда ал жерде кеминде сегиз саат англисче сүйлөөгө туура келет. Англис тилин угуп, түшүнүп, сүйлөш керек болот. Бизде андай чөйрө жок да.

Мындан тышкары методист катары айтсам, эгер адам котормого көңүл бурса же англисчеден өз тилине, өз тилинен англисчеге которсо, тилди тезирээк жана натыйжалуу үйрөнө алат. Албетте, үчүнчү жана төртүнчү деңгээлден кийин акырындап жалаң англисче китептерге өтүш керек.

- Айтмакчы, чет тилди өздөштүрүп кетиш үчүн адамдын канча жашта экени маанилүүбү?

- Ооба, маанилүү. Азыр балдарына бала бакчадан же 5-7 жаштардан тартып англисче үйрөтүп жаткандар бар. Эгер англисче чөйрөдө жашасак, бул маанилүү болмок. Бизде андай чөйрө болбогондуктан балдарга 10-11 жаштан тартып чет тилди үйрөтө баштаса болот. Себеби бул жашка чейин бала кеминде бир тилде эркин сүйлөгөндү, окуганды жана жазганды үйрөнүп калат. Эгер өспүрүм дароо эки тилде сүйлөп, жазганды билсе, анда башка тилди да тезирээк өздөштүрө алат.

Чет тилдерди үйрөнүүгө эч качан кеч болбойт. Тескерисинче 40-50 жаштардан кийин биздин мээбизге интеллектуалдык көнүгүүлөр зарыл. Мээ туруктуу иштеп турса, адам карылыкка кечирээк алдырат...

Чоңдорго келсек, бизде «25-40 жаштан кийин англисче үйрөнүүгө кеч болуп калат» деген жаңылыш ой бар. Чет тилдерди үйрөнүүгө эч качан кеч болбойт. Тескерисинче, 40-50 жаштардан кийин биздин мээбизге интеллектуалдык көнүгүүлөр зарыл. Мээ туруктуу иштеп турса, адам карылыкка кечирээк алдырат. Бул тууралуу илимий изилдөөлөр да жарыяланганы белгилүү.

Мисалы, Жапонияда жашы өтүп калган адамдар атайылап эле баш катырмаларды чечүүгө, кроссворддорду толтурууга аракет кылышат. Чет тилдерди үйрөнүү мээ үчүн жакшы машыгуу болуп берет. Андыктан мен жашы 40-50дөн өтсө да тилди кадимкидей үйрөнүп жаткан адамдарды билем. Менин бир кызматташым кезинде милицияда иштеген. 40 жашынан кийин англис тилин үйрөнүп, азыр англисче лекция окуп, тренингдерди өткөрүп жүрөт. Болбосо ал 42 же 44 жаштарында тилди үйрөнө баштаса керек эле. Айтор эч качан кеч эмес.

- Айрым адамдар чет тилди үйрөнүш үчүн кандайдыр бир шык-жөндөм керек деп ишенишет. Сиз буга чейинки маектериңизде бардык адамдар тилди үйрөнүп кете аларын белгилеген экенсиз. Бул оюңузду кененирээк түшүндүрүп бере аласызбы?

- Эгер адам сабаттуу болсо, жок дегенде мектепти окуп бүтүргөн болсо, англис тилин үйрөнө алат деп ойлойм. Ал үчүн укмуштуудай бир жөндөмдүн деле кереги жок. Жеке тажрыйбама таянып айтсам, математиктер англис тилин жеңилирээк үйрөнүшөт. Себеби алардын логикасы күчтүү. Филологдор менен музыканттар да жакшы өздөштүрө алышат. Музыканттардын үн менен тыбыштарды ажырата билүү жөндөмү жакшы.

Деги эле англис тили башка чет тилдерге салыштырмалуу абдан оңой. Муну көп адамдар ырастай алышат. Андыктан адам сабаттуу болсо, 12 жашта болсо да жакшы сүйлөп, жакшы жаза алса, ал үчүн англис тилин үйрөнүү кыйынчылык жаратпайт.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG