Мерден: Бишкектен 50 кг алтын алышым керек
Түркиянын жараны Межит Мерден 2009-жылы Кыргызстанга алгач инвестор катары келип, кийин көмүскө алтын сатууга аралашкан. Стамбулдагы кабарчыбыз Элвира Будайчиевага курган маегинде Кыргызстандан алтынды көмүскө жол менен алып турганын, кийин 1 жарым миллион долларын жиберип, бирок убада кылынган 50 килограмм алтынды ала албай калганын айтып берген. Түрк жараны ушул тапта да Кыргызстандын улуттук коопсуздук кызматкерлеринин коркутууларына кабылып жатканын, Кыргызстан менен Түркиянын расмий органдарына бир нече жолу кайрылса да эч майнап чыкпаганын айтып берди.
Чыгарылыштар
-
Апрель 18, 2025
Вашингтон Москва менен Киевге эскертүү берди
-
Апрель 17, 2025
Экс-президенттердин эртеңи эмне болот?
-
Апрель 17, 2025
Укук коргоочу Карасартова кайрадан камалды
-
Апрель 16, 2025
Лавровдун казак президентине "кечиккен" жообу
-
Апрель 16, 2025
Бишкек: Окуучунун өлүмү, мектептеги коопсуздук