Грузиядан өзүн көзкарандысыз деп жарыялап чыккан Абхазияга жакын жердеги Батуми портуна шаршембиде америкалыктардын ракетаны атып түшүрчү кемеси келип токтоду. Бул жерде америкалык жана грузин деңиз аскерлеринин биргелешкен машыгуулары башталып жатат.
Андан бир күн мурда Орусиянын президенти Дмитрий Медведев Грузиядан көзкарандысыздык жарыялаган дагы бир республика – Түштүк Осетияга – келип кеткен. Медведев бул регионго акчадан да, курал-жарактан да колдоо көрсөтөөрүн убада кылды. Былтыр орус-грузин согушу дал ушу региондо болгон эле.
Деңиз аскерлери менен жолугушууда Медведев былтыр Түштүк Осетиядагы согуш “толугу менен” Тбилисинин айынан чыкканын, мезгили келгенде грузин эли Саакашвилинин “режимине каршы ачык сөзүн айтат” деп ишенээрин билдирди.
Акыркы күндөрдөгү бул окуялар, бир караганда, Орусия менен Грузия ортосунда дагы бир конфликт бышып жетилип калганын көрсөтөт. Бирок айрым жагдайлар өзгөргөнү да бар. Буга грузин президенти М.Саакашвилинин сөздөрүндөгү соңку өзгөрүүлөр да кошумча далил болчудай. “Орусия Грузияга дагы чабуул коюшу мүмкүн” деп келген Саакашвили 9-июлда өзүнүн Улуттук коопсуздук комитети менен жолугушуусунда “Эми Орусиядан коркунуч жок” деп билдирди.
“Алардын жакынкы аралыкта болушу мүмкүн делген бүт карасанатай пландары ишке ашпай калды, - деди М.Саакашвили. - Алар каалаган жана ойлогон согуш эми болбойт. Азыркы жаңы геосаясий кырдаалга байланыштуу алар Грузияга аскерий чабуул кое алышпайт”.
Саакашвили айтып жаткан жаңы геосаясий кырдаал, Тбилисидеги айрым саясатчылардын айтымында, америкалык президент Обаманын Москвага сапарынан кийин түзүлгөн экен. Анын үстүнө келерки аптада Американын вице-президенти Жо Байден да Грузияга бармакчы болуп турат.
“Обама Москвага сапары учурунда элдин көзүнчө сылык сүйлөгөнү менен, көшөгө артында Медведевке ачык эле эскерткен”, - дешет грузин саясатчылары. Атын атабоону өтүнгөн айрым саясатчылар “Азаттыкка” билдиришкенине караганда, Обама Медведевке, эгерде Грузия менен кайра согуш тутанып кете турган болсо, бул ирет Америка былтыркыдай жөн эле четте карап турбайт деп айткан имиш.
“Азаттык” бул боюнча комментарий сурап, Вашингтондогу Ак Үйгө да кайрылды. Бирок маалыматты Вашингтондо ырасташкан да жок, четке да кагышпады.
Москвадагы “Новая газетанын” аскерий маселелер боюнча аналитиги Павел Фельгенгауэр былтыркы орус-грузин согушун алдын ала божомолдоп жазган болчу. Ал быйыл да андай окуя кайталанышы мүмкүн экенин жазып жатат.
Фельгенгауэр да Обама Медведевке эскертүү жасаганы жөнүндө укканын, бирок аны менен эле Кремль коркуп калды деп ойлоо жаңылыштык болоорун айтты. “Орусияга бул такыр болбой тургандыгын эскертишкен, - дейт орусиялык эксперт. - Бирок такыр болбойт дегендин өзүн ар ким ар кандайча түшүнөт. Америка Москвага канчалык катуу эскертүү жасаганын жана аны Кремль кандай кабыл алганын мен билбейт экем. Кандай болгон күндө да бул саммит – согушту болтурбоого жасалган акыркы кадам болчу”.
Андан бир күн мурда Орусиянын президенти Дмитрий Медведев Грузиядан көзкарандысыздык жарыялаган дагы бир республика – Түштүк Осетияга – келип кеткен. Медведев бул регионго акчадан да, курал-жарактан да колдоо көрсөтөөрүн убада кылды. Былтыр орус-грузин согушу дал ушу региондо болгон эле.
Дмитрий Медведев Цхинвалиге келээрин Түштүк Осетиянын президенти Эдуард Кокойты бир саат калганда гана билди, бирок буга аябай сүйүнгөнүн жашырбады
Андан ары Сочиге барып, ал жерде Медведев орус деңиз флоту суу астынан баллистикалык ракетаны ийгиликтүү атып сынаганын жарыялады. “Бүгүн суу астында сүзүүчү кемеден стратегиялык ракета аттырылды. Сынак ийгиликтүү өттү”, - деп айтты орус президенти. Деңиз аскерлери менен жолугушууда Медведев былтыр Түштүк Осетиядагы согуш “толугу менен” Тбилисинин айынан чыкканын, мезгили келгенде грузин эли Саакашвилинин “режимине каршы ачык сөзүн айтат” деп ишенээрин билдирди.
Акыркы күндөрдөгү бул окуялар, бир караганда, Орусия менен Грузия ортосунда дагы бир конфликт бышып жетилип калганын көрсөтөт. Бирок айрым жагдайлар өзгөргөнү да бар. Буга грузин президенти М.Саакашвилинин сөздөрүндөгү соңку өзгөрүүлөр да кошумча далил болчудай. “Орусия Грузияга дагы чабуул коюшу мүмкүн” деп келген Саакашвили 9-июлда өзүнүн Улуттук коопсуздук комитети менен жолугушуусунда “Эми Орусиядан коркунуч жок” деп билдирди.
Орус-америка саммити быйыл согушту болтурбоого жасалган акыркы кадам эле...