Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:52

Эрежесиз уруштун бала бакчага жеткен кесепети


Жолдош Турдубаев - адабиятчы, публицист, журналисттер арасында өткөрүлгөн республикалык сынактарда бир нече ирет баш байгелерди жеңип алган, 2007-жылы Voice of Freedom Central Asia сынагынын экинчи байгесине ээ болгон.

  • Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

Жакында социалдык тармактарда бала бакчадагы балдардын мыкаачылык жоругун чагылдырган видео көп бөлүшүлдү.

Жыгылып калган бөбөктү башка-көзгө койгулаганы аз келгенсип, үстүнө столдон секирип түшүп, тебелеп, тепкилеп жаткандардын аёо сезими такыр өчүп калгандай...

Бул окуя кошуна Казакстанда, Алматы шаарында болуптур. Бирок бизде деле ошого жакын жагдай түзүлүп калган эмеспи. Бармактай балдарды да зөөкүрдүккө тартып жаткан бул көрүнүштүн айрым себептерин карап көрөлү.

“Эр чекишпей бекишпейт”

Ырас, бала деген баладай – кээде серпишип, мушташа кетет, бети-башы көгала болушу да мүмкүн. Айрыкча эркек балдар кайраттуу, шамдагай болуп өсүш үчүн күрөш, бокс, карате ж.б. менен машыгууга кызыгат. Эстүүлөрү кара күчүн эле арттырууну ойлобойт, ден соолукка зыян келтирбеш керектигин дайым көӊүлдө тутат.

Мындай “чекишүү” көбүнчө бирөөгө үстөмдүк кылуу максатында эмес, “жөн эле” болот: мушташкандар муну күч сынашуудай, спорттой эле көрөт. Тийиштүү эрежелер бекем сакталат: жалгыз бирөөгө экөөлөп же көптөшүп кол салбайт. Ошондуктан кыйла катуу кагылышып калган балдар деле кек сактабай, көбүнчө кайра достошуп кетишет.

Бирок кандайдыр бир олуттуу күнөөсү болгону же күнөөлү деп эсептелгени үчүн ур-токмокко кабылгандар да кездешет. Дал ушул жерден майыптыкка жеткирбей тизгин тарткан “жаза”, “тарбия” менен сүрмө топтун (толпанын) төө бастысын айырмалаган чекти сактоо өтө кыйын. Талуу жерге согуп, тээп, таш, темир менен уруп... кылмышка өтүп кеткенин жаалданган топ байкабай калат көбүнчө.

Рухий жетилүүдөн өксүгөн, ишеним арткыдай эч кимиси жоктуктан, карандай күч менен гана “маселе чечкен” “атамандардын” таасирине баш ийип калган өспүрүмдөрдүн, жаштардын “намыс”, “эркектик” ж.б. түшүнүктөрү өтө тайыз калыптанат. Опурталдуу окуялардын алдын алуу үчүн ар бир кичи райондо, айылда, мектепте, класста, көчөдө “өз ара чечишүү” (“разборка”) эрежелерин талкуулап, кооптуу чектеги чыр-чатактарды ырбатпай басуу жолдорун макулдашып алышса жакшы болмок.

Эки адамдын ортосундагы, топ ичиндеги, топтор арасындагы талашты чатакка айлана электе калыс чечип алганга ички дарамет жетеби? Же аксакалдар соту, башка бейтарап жактар жардам береби? Мыйзам жолунда соттошууга аргасыз болсо, ал канчага созулат да, канчалык убара тартат же чыгымга учурайт?..

Чыр-чатактын алдын алуу, башталып кеткенде жөнгө салуу жолдорун балдарга мектептен, бала бакчадан, үй-бүлөдөн тарта үйрөткөн ырааттуу система керек. Айрыкча күтүүсүз өзгөрүүлөр күн сайын болуп жаткан азыркы оомал-төкмөл доордо эмоционалдык интеллектти өстүрүүгө өзгөчө маани берүү зарыл.

Уядан көргөнү уруш болсо...

Атасы энесине, байкеси кичүүлөргө, бакчада, көчөдө, мектепте да күчтүүсү алсызына үстөмдүк кылган мамиле “өрнөгүн” көргөн бала өзү чоӊойгон сайын ошол адатка ыктай берет. Уруп-сабоону тарбиянын негизги усулундай жактагандар биздин коомдо өтө көп экенин социалдык тармактагы “жоско!”, “жайлады!” ж.б. деп табалаган комменттерден билебиз.

Окуучуну мугалим урса, “эмне үчүн?” деп сурабай, тактабай эле, “ырас кылыптыр!”, “биз деле таяк жеп чоӊойгонбуз”, “чекемди томуйта койгон”, “өзөртө соккон”, “эстен танып калганмын” ж.б. деп маашырлана эскергендер жаалап чыгат. Дал ошондуктан шектүү катары кармалгандар айлап-жылдап тергелбей арасат жатса, аларды табалагандар көп.

Сөз билбеген муштуму менен коркутат. “Тынчытыш керек!”, “жок кылыш керек!” деп шыкактагандардын көпчүлүгү өкүм адилеттүү чыгарылышы керектигин, жагдайдын чыныгы себептери аныкталышы үчүн маалыматты толук алуу зарылдыгын түшүнбөйт. Дал ушул карөзгөйлүктүн кесепети жеке адамдарга эле эмес, бүтүндөй коомго, мамлекетке тиерин алар ойлобойт. Өзү кордук көрмөйүнчө көзү ачылбайт.

Эрежесиз мушташтын кесепеттүү “байгеси”

Балдарды зулумдукка тарбиялаган “үлгүлөрдүн” бири – теледен жана интернеттен эӊ көп көрсөтүлгөн спорттун эрежесиз мушташ сыяктуу зөөкүр түрлөрү. Буга ашыкча көӊүл бурулуп, жеӊүүчүлөрүн жогорку деӊгээлде сыйлаган адат жөн эле калыптана калган эмес. Ачык айтылбаса да, мыйзамда мунун толугу менен каршысы кашкайта жазылып турса да, “кимдин кызматы жогору, байлыгы көп, таасир чөйрөсү чоӊ болсо, ошонуку туура” деген түшүнүк биздин коомдук аӊ-сезимде тамыр жайып, жаӊы муундун жан дүйнөсүн да ууктурганга жетип калды.

“Чоӊойгондо ким болосуӊ?” деген суроого илгери балдар “мугалим болом!”, “догдур болом!”, “агроном болом!”, “космонавт болом!”, “окумуштуу, ойлоп табуучу болом!”, “инженер болом!” деп жооп берсе, соӊку жыйырма-отуз жылда кикбоксчу, мушкер болгусу келгендер көбөйдү, атүгүл “рэкет”, “киллер” ж.б. баатыр көргөндөр чыкты. (Чындыгында “мен башчы болсом – сен акмак, сен башчы болсоӊ – мен акмак” /“я начальник – ты дурак, ты начальник – я дурак” деген “эреже” коомдун бир бөлүгүнүн аӊ-сезиминде союз доорунда эле калыптанып калган.) Дене тарбия академиясында же башка спорттук окуу жайларда окуган, секцияларда машыккандардын да кыйласы “каралар” дүйнөсүнө аргасыз же ыктыярдуу түрдө тартылат деп айтылып келди. Анткени бул чөйрө саясатчылардын таянычына айланган эле...

“Зордун түбү – кор”

деген эмеспи акылман аталар, мээрман энелер. Бирок ачык айтпаса да, ким күчтүү болсо, ошонун айтканы туура дегендей өкүмзор “тартипти” жактаган кыйла эле калыӊ катмар бар биздин коомдо.

Бул катмардын калыӊдашынын бир себеби – мамлекетте укук тартиби камсыздалбай келгендиги. Ар кандай талаш-тартышты сот аркылуу калыс чечүү мүмкүнчүлүгү өтө аз – териштирүү көбүнчө айлап-жылдап созулат. Ак жеринен доого жыгылгандар, кесилип кеткендер көп экени белгилүү. Далилдер толук экенине карабай, кылмышкерди бошотуп койгон соттордун айынан чатакты тез чечип берет деп “караларга” кайрылган адат келип чыккан.

Ырас, Камчы Көлбаевден кийин жагдай кескин өзгөрдү. Эми ишкерди бандит тоногон, алдуу-күчтүүлөр бири-биринен өч алган, кек кууган кылмыштуу айлампа биротоло токтойт, “каралар” дүйнөсү коомду титиретип турган мезгил артта калды дегенге болобу? Же террордун эч ким күтпөгөн башка түрү башталабы?..

Мындан ары Кыргызстанда кандай тартип орношу мүмкүн: 1. Жалаӊ гана коркуу/коркутууга таянган репрессиячыл режимби? 2. Же түп тамырынан жаӊыртылып, адилеттүүлүктү бардык жагынан бекемдеген мыйзам үстөмдүгүбү?..

Эгер бийлик биринчисине ооп кеткенин байкабай калса, акыбети өтө опурталдуу болот. Ачык-айкын диалог жүргүзүү аянты азайып, сөз эркиндиги чектелген сайын эӊ жогорку башкаруу чөйрөсүндө объективдүү маалымат алуу мүмкүнчүлүгү жоюла берет. Ар кайсы жагдайларды, кырдаалдарды, тенденцияларды бир нече өӊүттөн карап, реалдуу талдоо зарылдыгы бара-бара билинбей, сезилбей калат. Ошентип, чындыкты айткандарды душман көрүп, кошоматчылардын мактоосу менен апыртмаларын гана укканга көнө берет “өйдө жактагылар”. Үч жолку төӊкөрүштүн теӊ алдын алууга дал ушул көздү тунарта магдыраткан абал кедерги болгон.

Укук коргоо органдары адилеттикти бекемдебей эле, күчтүүлөрдүн куралына айланган шартта коомдук аӊ-сезимде зулумдукка ыктаган маанай күчөй берери анык. Кечээки кумирин бүгүн ташбараӊ кылып, бүгүн мазардай сыйынган кишиси эртеӊ мүдүрүлсө, аны деле тебелеп кеткенден тартынбайт мындай типтеги “колдоочу-жактоочулар”...

Эгер кыйла татаал, бирок келечектүү экинчи жолду тандасак, өркөндүү (цивилизациялуу) өлкөлөрдүн өрнөгүн өздөштүрө баштайбыз. Мындай мамлекетте милиция (полиция) кылмышкерди кармап, күнөөсүн далилдеп берген соӊ ал бошонуп, акталып кетпестигин билет. Бейкүнөө адамдар камакта жатпайт. Сот жактоочу менен айыптоочунун жүйөлөшүүсү менен өтөт, тийиштүү жол-жоболор так сакталат да, иш создуктурулбайт. Байлык, бийлик ж.б. карабай, мыйзам бардык жарандарга бирдей колдонулат, анткени эч кимдин сотко кысым көрсөтүү мүмкүнчүлүгү болбойт. Ошондо майда-барат бейбаштык кылгандар да азаят, кылмыштуулук ондогон эсе кыскарат, түрмөлөрдүн көбү жабылат.

XS
SM
MD
LG