Сарпашев: Канча добуш алганын on line көрсөткөн аппарат жок
Кайсы партияга канча добуш берилгенин он-лайн көрсөтө турган аппарат жок. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев билдирди. Ал маалымат жыйында айрым Ак үй, өкмөт үйүндөгү таасирлүү адамдардын иш кабинетинде кайсы региондо кайсы партияга канча добуш берилип жатканы көрүнүп турган аппарат бар деген маалыматты жокко чыгарды. Сарпашев муну каралоо деп атады.