Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:41

Элдик курултай: Жапаров сын, сунуштарга жооп берди

Курултайды Улуттук телерадио корпорациясы, облустук телеканалдар жана алардын социалдык баракчалары түз көрсөтүүдө. "Азаттык" радиосунун кабарчыларына курултайды чагылдырууга уруксат берилген эмес.

17:25 25.11.2022

17:29 25.11.2022

Бишкекте өтүп жаткан элдик курултайда Жумгал районунан келген делегат Эрланбек Азизкан уулу Миң-Куш айылынын жашоочуларынын уран калдыктарын сактоочу жай боюнча тынчсыздануусун жеткирди.

“Миң-Куш айлында уран калдыктарын сактоочу жай бар. Эл уранды тазалап жатканда, тазалап кеткенден кийин элге зыяны тийбейби деп сарсанаа болуп жатат. Ошол жерде иштеп жаткан мекемеден толук кандуу жооп болбой жатканына эл нааразы”, - деди ал.

17:49 25.11.2022

17:55 25.11.2022

Бакыт Дегенбаев

Радиодон курултайда айтылган сөздөрдү угуп жатам. Азырынча жергиликтүү проблемалардан мектеп, канализация, чакан цех сыяктуулар айтылып атат.

Мен эмнени күтөт элем:

1. Тез арада КР-ТЖ чек арасы такталып бекитилиши (2023-жылы);

2. Улуттук нарк, насил маселеси, улуттук идеологиянын жоктугу;

3. Латын тамгаларынын негизиндеги алфавитке өтүү маселеси;

4. Тез арадагы башталгыч жана орто мектептин реформасы. Артта калып баратабыз. Дүйнөдөгү эң жогорку стандарттарга өтүү маселеси. Эң алдыңкы мектептер бизде болушу керек. Заманбап имараттар, мектеп ичиндеги чакан стадион спортзал, бассейн. Физика, химия, биология, астрономия класстары заманбап лаборатория шаймандары менен, математика, алгебра, геометрия компьютер аркылуу окутуу. Китептин ордуна планшет колдонуу. Дене тарбия сабагы жөн эле сабак болбой балдардын бир спорттук разряды менен мектепти аяктоо.

5. Шахмат бала бакчадан баштап мектеп программасына чейин киргизүү меселеси.

6. Манас эпосун орто мектептин программасына киргизүү. Жатка билбесек дагы жалпы сюжетти түшүнүү, каармандардын баарын билүү, Манас атабыз ким экендигин кыйналбай айтып берүү

7. Кыргыз армиясын күчтөндүрүү. Профессионалдык армияга өтүү. Аскердик өнөр жайынын түптөлүшү.

8. Кыргызстанда кыргыз тарыхынын чоң форумун өткөрүү. Кыргыз тарыхынан ажыратылган калк. Накта тарыхыбызга кайтуу. Эстөө. Тарыхыбызды бийик тутуу.

9. КЭР-КР-УР темир жолун сөзсүз түрдө 2023-жылы куруу иштерин баштоо.

20. Кыргыз экономикасынын ИДӨ (ВВП) 100 млрд $ чыгаруу. Биздин потенциал жетет ушуга. Жетиш үчүн план кабыл алуу. Андан азына кыргыз эли нааразы болушуу. Жетет сандалып жүргөнүбүз. Бул санга жете алам деген премьер-министрди дайындоо.

Жана башка ушуга өңдөнгөн маселелер көтөрүлсө сонун болот эле.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG