Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:06

Элдик курултай: Жапаров сын, сунуштарга жооп берди

Курултайды Улуттук телерадио корпорациясы, облустук телеканалдар жана алардын социалдык баракчалары түз көрсөтүүдө. "Азаттык" радиосунун кабарчыларына курултайды чагылдырууга уруксат берилген эмес.

12:46 25.11.2022

12:47 25.11.2022

12:48 25.11.2022

Жалал-Абадда элдик курултайды көрүп аткан аксакалдар.

12:59 25.11.2022

Бишкектеги элдик курултайда Ош облусунун Кара-Суу районунун Савай айылынан келген делегат Зайырбек Жоошбеков аталган аймактагы жер сатууга байланыштуу көйгөй, Кемпир-Абад суу сактагычынын жанындагы сууга жетпеген, кайракы жер тууралуу маселе көтөрдү.

"Жер алуучулар үчүн мунапыс берилди. Көп жылдардан бери документ ала албай жүргөндөр ала баштады. Бирок ошол эле мезгилде ошол жер мунапысынан пайдаланып кайрадан жерге байланыштуу көп коррупциялык иштер болуп жатат. Муну токтото албай калып жатабыз. Себеби, азык-түлүк коопсуздугу дейбиз, эң негизги көйгөйдү чечүүдө жер болушу керек да. Биздин азыр алтындай сугат жерлерибиз кетип жатат. Туура, үй салууга жер керек, бирок өздөштүрө турган жерлерибиз көп да. Анан экинчи маселе, биздин Савай айыл өкмөтү Кемпир-Абад суу сактагычы менен чектешкен. Ошол жерде миңге жакын гектар жерибиз сууга муктаж. Ошол суу сактагычтан агып өткөн каналга суу насосун курууга уруксат алып берүүңүздөрдү суранабыз", - деди Жоошбеков.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG