Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:27

Элдик курултай: Жапаров сын, сунуштарга жооп берди

Курултайды Улуттук телерадио корпорациясы, облустук телеканалдар жана алардын социалдык баракчалары түз көрсөтүүдө. "Азаттык" радиосунун кабарчыларына курултайды чагылдырууга уруксат берилген эмес.

12:03 25.11.2022

Президент Садыр Жапаров 25-ноябрда Бишкекте башталган элдик курултайда сүйлөгөн сөзүндө Кемпир-Абад маселесине токтолду. Анда аталган суу сактагычка байланыштуу эки тараптуу келишимге каршы чыккандарды "өз кызыкчылыгын көздөгөн" деп айыптады.

"Бул көйгөйдүн чындап бир жаңсыл болуп чечилишине каршы болуп, Кемпир-Абадды бетке кармап, маалыматтарды, фактыларды, чындыкты бурмалап, элдин аялуу сезимине ойноо менен жеке кызыкчылыктарын ишке ашырууну көздөп, өлкөдө туруксуз абалды жаратып, коомчулукту ары-бери чайкоо ниеттери ишке ашкан жок. Чек аранын биздин пайдага чечилип жатканын көрө алган, түшүнө алган, салмактуу ой жүгүртө билген, "Чубактын кунундай чубалжытпай ", дагы канча кагылыштарга себеп кылбай чек ара маселесин биротоло чечүүнү колдоп берген эл-журтубузга дагы бир жолу ыраазычылык билдирем", -деди Жапаров.

12:08 25.11.2022

12:09 25.11.2022

12:10 25.11.2022

Президент Садыр Жапаров бийликтин Кыргызстанда ГЭСтерди, темир жолдорду курууга чет жактан темир сатып албай өлкөдөгү темир кендерин иштетүү планы бар экенин билдирди. Бул тууралуу ал 25-ноябрда Бишкекте өтүп жаткан Элдик курултайда жасаган кайрылуусунда айтты.

“Темир сатып алууга жыл сайын бир нече миллион доллар жумшайт экенбиз. Жылда темир сатып алуу үчүн эле сыртка миллиондогон акчабыз чыгып кетүүдө. Ошол олчойгон каражатка өзүбүздө темир иштете турган заманбап завод куруп алсак, өлкөбүздөн чоң суммадагы акчанын агып кетишин токтотуп эле калбастан темирди экспорттоо менен мамлекеттин казынасына олуттуу киреше түшүрөбүз”, - деди Садыр Жапаров.

Президент кайсы кендерди иштетүү тууралуу сөз болуп жатканын тактаган жок.

Садыр Жапаров 2020-жылы Октябрь окуяларынан кийин премьер-министрдин милдетин аткарып турганда Нарын облусундагы Жетим-Тоо темир кенинде 50 миллиард тоннадай кен бар экенин айтып, аны иштетүү ниетин билдирген.

Кийин жарандык активисттер “Жетим-Тоо темир кенин коргоо” кыймылын түзгөн. Айрым жергиликтүү тургундар кенди иштетүүгө каршы чыккан.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG