Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:57

Элдик курултай: Жапаров сын, сунуштарга жооп берди

Курултайды Улуттук телерадио корпорациясы, облустук телеканалдар жана алардын социалдык баракчалары түз көрсөтүүдө. "Азаттык" радиосунун кабарчыларына курултайды чагылдырууга уруксат берилген эмес.

09:42 25.11.2022

Жергиликтүү курултайга делегаттарды шайлоону уюштурууну жергиликтүү кеңештер чечкен. Бишкек шаарында квота боюнча делегаттардын жалпы саны 800 адамды түзгөн, административдик райондордун калкынын санына жараша - Ленин району - 203 делегат (278,5 миң жашоочу), Октябрь району - 228 делегат (313,2 миң жашоочу), Биринчи май району - 164 делегат (225,3 миң жашоочу), Свердлов району – 205 делегат (281,4 миң жашоочу). Булардын ичинен борбордон Элдик курултайга 60 делегат шайланып бара турганы кабарланган.

10:08 25.11.2022

10:17 25.11.2022

Бишкекте башталган элдик курултайдын жалпы жыйынына чогулган делегаттардын эң улуусу Кемел Ашыралиев убактылуу төрага болуп дайындалды. Ал курултайдын төрагасы жана анын орун басарлары дайындалганга чейин жыйынды алып барат.

10:17 25.11.2022

Учурда эсептөө комиссиясынын өкүлдөрүн шайлоо өтүп, комиссиянын курамы бекиди.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG